# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 212
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13205/edition/1142716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (03.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59692

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 3-апрели № 212

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону

уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан

камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2009-жылдын 20-мартындагы

№ 1065-IV "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүн-

дө" токтомуна ылайык, шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарынын нормаларын жана коомдук тартипти сактоо максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруучулук жана

материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча штаб тиркемеге ылайык

курамда түзүлсүн.

2. Облустардын, райондордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын аткаруучу-тескөөчү органдарынын башчылары шайлоо комиссия-

ларына уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюн-

ча облустук, райондук жана шаардык штабдарды түзүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,

жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдары:

- шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо-

го даярданууда жана өткөрүүдө уюштуруучулук, материалдык-техникалык ма-

селелерди чечүүгө көмөк көрсөтүшсүн; - Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жөнүндө кодексинде белгиленген

тартипте жана мөөнөттө шайлоочулардын тизмелери түзүлүшүн камсыздашсын;

- жарандардын пикирлери, арыздары, өтүнүчтөрү жана шайлоо комисси-

яларынын сунуштары өз убагында каралышын уюштурушсун;

- шайлоо комиссиялары жана добуш берүү үчүн тийиштүү жайларды бе-

рүү, автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар, ошондой эле те-

лефондук байланыш менен камсыздоого байланыштуу маселелерди чечишсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-

сынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

белгиленген тартипте кийин киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республи-

касынын Президентин шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен керектүү

финансылык каражатты өз убагында бөлүүнү камсыздасын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-

касынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча):

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары жана

коомдук тартип сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн;

- шайлоо бюллетендеринин кайтарылышын, даярдалышынын коопсуздугун,

шайлоо бюллетендерин ташычу транспорт каражаттардын коштолушун жана

кайтарылышын камсыздашсын;

- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо ко-

миссияларынын жайларын кайтарууну камсыздашсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо ко-

миссияларынын жайларында өрт коопсуздугун камсыздасын.

7. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-

ры министрлиги шайлоо комиссияларынын жайларын электр менен үзгүлтүксүз

камсыздасын.

8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республика-

сынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли-

ги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Рес-

публикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республика-

сынын Шайлоо жөнүндө кодексинин 42-статьясына ылайык шайлоо комиссияла-

рына:

- тийиштүү органдарда кызмат өтөп жүргөн жарандардын;

- тергөө изоляторлорундагы жана убактылуу кармоочу изоляторлордогу

жарандардын шайлоого укуктарын камсыздоого көмөк көрсөтүшсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте Кыргыз Республи-

касынын чегинен сыртта жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыр-

гыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусун камсыздоо боюнча

чараларды көрсүн.

10. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мони-

торинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 3-апрелиндеги

№ 212 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруучулук

жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча штабдын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Штабдын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Штабдын тө-

рагасынын орун басары.

Штабдын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министри;

Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-

кеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук

иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук

иштер жана региондук, мониторинг бөлүмүнүн инспектору, Штабдын катчысы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
