КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 1-апрели № 203
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-
зам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри
аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,
2006-ж., № 3, 279-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
N 1 тиркеме ушул Мыйзамга тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартип-
те ушул Мыйзамдын кабыл алынышы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Ше-
риктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразиялык экономикалык коомчулу-
гунун Интеграциялык комитетинин Секретариатына билдирсин.
3-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-
замы (2008-жылдын 13-майындагы "Эркин-Тоо" газетасы, № 33);
- "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (2008-жылдын 22-октябрындагы "Эркин-Тоо" газетасы, №
78-79-80-81).
4-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон