# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №206 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү фитосанитардык контролдоого жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №206 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү фитосанитардык контролдоого жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13201/edition/635940/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги №206 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү фитосанитардык контролдоого жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө"токтому (01.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59687

---

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 1-апрели № 206 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү фитосанитардык контролдоого жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы N 464 "Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмеси.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте төрт айлык мөөнөттө тамак-аш азыктарын контролдоо боюнча кайталануучу функцияларды жоюу тууралуу маселени белгиленген тартипте чечсин.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары өзүнүн нормативдик укуктарын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
