Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өмотунун «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 31-декабры №750
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы
аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
1-берене.
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди
легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2006-жыл, 8-август, № 58)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 2-пунктундагы "таркатууга" деген сөз "өткөрүп
берүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. 2-беренеде:
- экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кылмыш жолу менен алынган кирешелер - Кыргыз Республикасынын Кыл-
мыш-жаза кодексинде каралган кылмышты жасоонун натыйжасында тике же кы-
йыр түрдө ээлик кылынган (алынган) акча каражаттары жана мүлк;
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) -
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинде каралган,
жазыктык жактан жазалануучу коомго коркунучтуу жосун;
мүлк - ар кандай буюмдар, буюмдарда же укуктарда көрүнгөн жана ма-
териалдык баалуулукту көрсөтө турган предметтер жана активдер (Кыргыз
Республикасынын аймагында жана анын чет-жакаларындагы жайгашкан кыймыл-
дуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар, асыл таштар жана металлдар,
антиквариат жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка мүлк), ошондой
эле мүлккө болгон укукту жана андагы кызыкчылыкты тастыктоочу документ-
тер же актылар;";
- алтынчы-жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык түзүлүүчү же аныкталуучу жана ушул Мыйзамга ылайык
шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү көзөмөлгө алыну-
учу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты борбордоштурулган чогул-
тууну, талдоону жана сактоону жүзөгө ашырууга, ошондой эле, өлкөнүн фи-
нансылык коопсуздугун камсыз кылуу максатында терроризмди каржылоого
жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)
каршы аракеттенүүгө багытталган тийиштүү иш-чараларды өткөрүүгө ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган;
терроризмди каржылоо - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси-
нин 226-1-беренесинде каралган, жазыктык жактан жазалануучу коомго кор-
кунучтуу жосун;";
- сегизинчи абзац алып салынсын;
- тогузунчу-он биринчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ички контроль - милдеттүү контролго алынуучу операцияларды
(бүтүмдөрдү) аныктап табуу, шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жана тер-
роризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легали-
зациялоого (адалдоого) байланыштуу акча каражаттары же башка мүлк менен
жасалуучу бөлөк операциялардын (бүтүмдөрдүн) алдын алуу жана аларды
аныктап табуу боюнча маалыматтарды берген жактар тарабынан көрүлүүчү
чаралардын жыйындысы. Ички контролдун жалпы жоболору ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
банк-кабыкча - өзү ал жерде жок болгон мамлекеттерде жана аймак-
тарда каттоодон өткөн жана кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык
топко аффилеринбеген банк;
ФАТФ - акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү
боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча
өкмөттөр аралык уюм (топ);";
- берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"акча каражаттары - каалаган өлкөнүн валютасындагы акчалар (банк-
ноттор жана металл тыйындар) жана алдын ала төлөнгөн карта формасындагы
электрондук акчалар;
чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар - чет мамлекетте олуттуу мам-
лекеттик жана саясий функциялар берилген же берилип жаткан чет мамле-
кеттердин жарандары (мамлекеттердин же өкмөттөрдүн башчылары, жогорку
даражалуу саясий ишмерлер, өкмөттөгү, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү,
укук коргоочу жана фискалдык органдардагы жогорку кызмат адамдары, сая-
сий жана диний партиялардын жетекчилери жана ишмерлери), анын ичинде
мурункулар дагы, ошондой эле алардын жакын туугандары (теги бир жана
тикелей тууганчылыгы бар туугандары (ата-энелери жана балдары, чоњ ата-
сы, чоњ энеси жана неберелери), толук кандуу жана толук кандуу эмес
(бир атадан же бир энеден чыккан) ага-инилери, эже-сињдилери, карындаш-
тары, асырап алгандар жана асырандылар) жана ишкер өнөктөштөрү;
бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) - акырында менчик укук-
тарына ээлик кылуучу же кардарды жана (же) эсепти контролдооочу, же
болбосо анын тапшыруусу боюнча операция өткөрүүчү, же кимдир
бирөөлөрдүн кызыкчылыгына бүтүм жасоочу жеке жак;
идентификация - жеке же юридикалык жактар тарабынан берилген
түпнускалардын же документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн
көчүрмөлөрүнүн негизинде маалымат берүүчү жактар тарабынан төмөнкү маа-
лыматтардын аныкталуусу:
жеке жакка карата - фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер мыйзамдан
же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса), жарандыгы, инсандыкты
күбөлөндүрүүчү маалыматтар (паспорту) жана чет өлкөлүк жарандын же жа-
рандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон
укугун тастыктоочу документи, жашаган (катталган) жеринин же турган же-
ринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (бар болгон
учурда) же социалдык жактан коргоо күбөлүгүнүн номери, эсептеги кара-
жаттарды тескөө боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле Кыргыз Республика-
сынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка маалы-
маттар;
юридикалык жакка карата - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, мам-
лекеттик каттоо номери же чет өлкөлүк юридикалык жактын каттоо номери,
мамлекеттик каттоодон өткөн жери жана жайгашкан жеринин дареги, салык
төлөөчүнүн идентификациялык номери же чет өлкөлүк уюмдун коду, кызмат
адамдары тууралуу маалыматтар жана кардардын ишин жөнгө салуучу устав-
дык документтерге тиешелүү болгон башка маалыматтар;
верификация - ички контролду ишке ашыруу максатында, маалымат
берүүчү жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу идентификациянын жыйынтыкта-
рын тактоо же тиешелүү түрдө текшерүү боюнча иш-чаралар;
акча каражаттары же мүлк менен операцияларды же бүтүмдөрдү бир ка-
лыпта кармап туруу - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын токтомунун
жана анын иштөө мөөнөтүнүн негизинде акча каражаттарын же мүлктү
өткөрүп берүүнү, өзгөртүп түзүүнү, алып коюуну же которууну токтотуу.
Аларга карата операцияларды же бүтүмдөрдү бир калыпта кармоо
жүргүзүлгөн акча каражаттары же мүлк жеке же юридикалык жактардын мен-
чигинде кала берет жана финансы-кредиттик мекеменин тескөөсүндө калса
да болот;
транзакция - товарларды сатып алууда, кызмат көрсөтүүдө, валюта-
ларды алмаштырууда же накталай акча каражаттарын алууда банктык төлөм
карталарын пайдалануу менен жасалуучу, аны жасоонун натыйжасында опера-
циянын суммасына карата банктык төлөм карталарынын ээсинин (кармоочу-
нун) эсеби өзгөрүп кетишине алып келген айрым операция;
маалымат берүүчү жактар (ушул Мыйзамга карата) - төмөндө келтирил-
гендердин ичинен акча каражаттары же башка мүлк менен операцияларды же
бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу каалаган юридикалык жак жана/же жеке адам:
- банктар (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда);
- финансылык уюмдар жана мекемелер (филиалдарын жана
өкүлчүлүктөрүн кошо алганда):
кредиттик уюмдар (мекемелер) жана алардын филиалдары;
кредиттик кошуундар;
камсыздандыруу/кайра камсыздандыруу уюмдары;
баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;
ипотекалык компаниялар;
пенсиялык активдерди тескөө боюнча компаниялар;
лизингдик (финансылык) компаниялар;
кесиптик негизде, анын ичинде эсеп ачпастан акча которуунун адис-
тештирилген системалары боюнча акча каражаттарын же баалуулуктарды ко-
торуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар;
кесиптик негизде чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу же конвер-
тация менен алектенүүчү жактар (алмаштыруу бюросу);
күрөөканалар жана сатып алуучу кењселер;
товардык биржалар;
трасттык же дилердик компаниялар (баалуу кагаздар рыногундагы ке-
сипкөй ишмердүүлүктөн башкасы);
- финансылык эмес коммерциялык түзүмдөр:
казино (анын ичинде интернет-казино), оюн автоматтары, электрондук
рулеткасы, тотализатордун жабдуулары бар оюн-зоок жайлары жана букме-
кердик кењселер;
лотереяларды уюштуруучу жана өткөрүүчү жактар;
мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;
кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруучу же кыймылсыз
мүлктү алып-сатуу бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууда ортомчулук кызмат
көрсөтүүчү уюмдар (риэлторлор) жана агенттер (брокерлер);
кардар менен накталай ар кандай операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө
ашырган учурда, кымбат баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жа-
салган зер буюмдары менен (жана ушундай зер буюмдардын калдыктары ме-
нен) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жактар;
- акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө
ашыруучу башка жактар:
ишеним фонддорун жана компанияларын тейлөө, ошондой эле аларды
(баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишмердүүлүктөн башкасы) тескөө
боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар;
кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды документке негиз-
деп тастыктоочу же каттоочу уюмдар;
акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруучу почталык жана телег-
рафтык байланыш уюмдары.".
3. 3-беренеде:
- 1-пункттун үчүнчү-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
"Маалымат берүүчү жактар:
- кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын идентификация-
лоого жана алынган маалыматтарды каттап жазууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте
кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын верификациялоого;
- эсепте жайгашкан акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө укугу бар
жактардын ыйгарым укуктарын жана аныктыгын күбөлөндүрүүгө;
- түзүлгөн кырдаалдарда бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучу-
ларды) белгилөө жана идентификациялоо боюнча негиздүү жана жеткиликтүү
чараларды көрүүгө;
- кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери (пайда табуучулар)
жөнүндөгү маалыматты дайыма жањылап турууга милдеттүү.";
- 2-пункттун биринчи абзацындагы "банктык көзөмөл боюнча Базель
комитеттин сунуштамаларына жана талаптарына ылайык" деген сөздөр алынып
салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 - 2-3-пункттар менен толукталсын:
"2-1. Банктык же башка эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар
банктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер жана уюмдар чет өлкөлүк
саясий мааниге ээ жактарга эсепти (аманатты) ачууда жана эсептери боюн-
ча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда, ушул беренеде белгилен-
ген чаралардан тышкары:
- түзүлгөн кырдаалдарда, тейленүүдө болгон же тейлөөгө алынуучу
жеке жактардын арасынан, ушундай жактардан алынган маалыматтардын жана
жалпыга жеткиликтүү маалыматтын негизинде чет өлкөлүк саясий мааниге ээ
жактарды таап чыгуу боюнча негиздүү жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды банктын же финансы-
лык-кредиттик мекеменин жана уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечи-
минин негизинде гана тейлөөгө алууга;
- түзүлгөн кырдаалдарда чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактардын
акча каражаттарынын же башка мүлкүнүн пайда болгон булактарын аныктоо
боюнча негиздүү жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
- банктын же финансылык-кредиттик мекеменин жана уюмдун
тескөөсүндө бар болгон, алардын тейлөөсүндө турган чет өлкөлүк саясий
мааниге ээ жактар жөнүндөгү маалыматты дайыма жањылап турууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар, алардын жубайлары, жакын
туугандары тарабынан же көрсөтүлгөн адамдардын атынан жүзөгө ашырылуучу
акча каражаттары же башка мүлк менен жасалган операцияларга
(бүтүмдөргө) көбүрөөк көњүл бурууга тийиш.
2.2. Банктык же башка эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар
банктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер жана уюмдар чегаралык
корреспонденттик мамилелерди жүзөгө ашырууда:
- алар менен корреспонденттик банктык мамилелерди жүзөгө ашырган
мекеме-корреспонденттерди идентификациялоого жана верификациялоону
жүргүзүүгө;
- мекеме-корреспонденттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзү тууралуу маалымат
топтоого;
- жалпыга жеткиликтүү маалыматтын негизинде мекеме-корреспондент-
тин кадыр-баркын жана тийиштүү көзөмөлдүн мүнөзүн баалоону жүргүзүүгө;
- корреспонденттик банктык мамилелер түзүлгөнгө чейин аткаруучу
жетекчиликтин макулдугун алууга;
- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелер-
ди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө карата мекеме-кор-
респондент тарабынан колдонулуучу контролдоо механизмдерин баалоону
жүргүзүүгө;
- корреспонденттик эсеп аркылуу операциялар жүргүзүлгөн учурда,
мекеме-корреспондент өз кардарынын инсандыгын текшерүүнү жүргүзгөнүнө
ынанууга, өз кардарларына карата туруктуу мониторинг механизмдерин кол-
донууга жана талап боюнча тийиштүү идентификациялоочу материалдарды
берүүгө милдеттүү.
2.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акча каражаттарын өзүнүн
кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн алкагында жыйнаган, алган, берген же ко-
торгон коммерциялык эмес уюмду терроризмди каржылоо же кылмыш жолу ме-
нен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) максатында пайдаланы-
лууга жол бербөөгө багытталган эрежелерди иштеп чыгат.";
- 4-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички көзө-
мөл эрежелерин жана аны жүзөгө ашыруу жол-жоболорун, анын ичинде алар-
дын аткарылышын милдеттүү түрдө тескөө механизмдерин жана кызматкерлер-
ди жалдоодо жогорку стандарттарды камсыз кылуу үчүн тандоо жол-жоболо-
рун иштеп чыгууга;";
үчүнчү абзац "тууралу маалыматтарды" деген сөздөрдөн кийин "жана
адаттан тыш транзакцияларды иликтөөнүн жыйынтыктары" деген сөздөр менен
толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- акча каражаттары же мүлк кылмыштуу жол менен алынган же терро-
ризмди каржылоо менен байланышкан, же ушул максатта колдонула турган
кирешелер экендиги жөнүндө шектенүү туулганда же шектенүүгө негиздер
бар болгон учурда, билдирүүнү (өз шектенүүлөрүн баяндап жазуу менен)
кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелер-
ди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контроль
эрежелерин сактоого жана ишке ашырууга жооптуу атайын кызмат адамдарын
(жетекчиликтин дењгээлинде) дайындоого;
- туруктуу негизде, бирок жылына бир жолудан кем эмес, терроризмди
каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого
(адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кадрларды, Кыргыз Рес-
публикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте даяр-
доону жана кайра даярдоону жүргүзүүгө.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жа-
на бөлөк финансы-кредиттик мекемелер, ошондой эле башка маалымат
берүүчү жактар террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстре-
мисттик ишке катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана
юридикалык жактардын операциясын кардардын операцияны жүзөгө ашыруу ту-
уралуу буйругу аткарылышы керек болгон күндөн тартып үч жумушчу күнгө
токтотуп коюшат жана операция токтотулган күндөн кечиктирбей ал туура-
луу маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
Террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишке
катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жак-
тардын тийиштүү операциясын кошумча мөөнөткө бир калыпта кармап туруу
тууралуу ыйгарым укуктуу органдын токтому көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде
алынбай калган учурда, банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу
бар банктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер, ошондой эле башка
маалымат берүүчү жактар акча каражаттары же башка мүлк менен операцияны
кардардын буйругу боюнча жүзөгө ашырышат.
Террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишке
катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жак-
тардын акча каражаттары жана мүлк менен операцияларын же бүтүмдөрүн ый-
гарым укуктуу органдын токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча бир ка-
лыпта кармап туруу же көрсөтүлгөн жактардын акча каражаттарын жана
мүлкүн камакка алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген
тартипте прокурордун же прокурор тарабынан санкцияланган тергөөчүнүн
токтомунун негизинде гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Тийиштүү операцияны же бүтүмдү кошумча мөөнөткө бир калыпта кармап
туруу же акча каражаттарын же мүлктү камакка алуу тууралуу прокурордун
же прокурор тарабынан санкцияланган тергөөчүнүн токтому ыйгарым укуктуу
органдын токтомунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткүчө алынбай калган учурда,
банктык эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана бөлөк
финансы-кредиттик мекемелер, ошондой эле башка маалымат берүүчү жактар
акча каражаттары же мүлк менен операцияны же бүтүмдү кардардын буйругу
боюнча жүзөгө ашырышат.
Террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишке
катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жак-
тардын тизмегин аныктоонун жана аларды маалымат берген жактарга жет-
кирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
4. 4-беренеде:
- 1-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Маалымат берген жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:";
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- ушул Мыйзамда аныкталган критерийлердин тизмегине ылайык мил-
деттүү контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен операциялар же
бүтүмдөр тууралуу маалыматты, бүтүм же операция жасалган күндөн кийинки
жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал тара-
бынан белгиленген формада берүүгө;
- шектүү операциялардын жана бүтүмдөрдүн критерийлеринин тизмегине
ылайык шектүү операцияларды жана бүтүмдөрдү аныктап табууга жана алар
жөнүндөгү маалыматты, операция же бүтүм шектүү деп табылган күндөн ки-
йинки жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга
берүүгө.
Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеги жана
алар жөнүндөгү маалыматты берүү жол-жобосу (формасы) ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеке же юридикалык жакты идентификациялоонун натыйжасында алын-
ган маалыматтар;";
тогузунчу абзац алып салынсын.
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Маалымат берүүчү жактар, татаал, адаттан тыш ири операциялар-
дын жана бүтүмдөрдүн, ошондой эле айкын экономикалык мањызы же айкын
мыйзамдуу максаты жок болгон адаттан тыш схема боюнча өткөрүлгөн опера-
циялардын жана бүтүмдөрдүн аныкталган чыныгы жагдайларын документтүү
жазууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө мил-
деттүү.
Мындай операциялардын жана бүтүмдөрдүн белгилеринин тизмеги ыйга-
рым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Маалымат берген жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга,
анын жазуу жүзүндөгү сурамы боюнча, милдеттүү контролдун объектиси бо-
луп калган операциялар (бүтүмдөр) менен байланышкан жана шектүү опера-
цияларга жана бүтүмдөргө карата, анын ичинде кызматтык, коммерциялык,
банктык же бөлөк сырды түзгөн кошумча маалыматты жана документтерди,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдеринин
негизинде берилүүчү документтерди жана маалыматтарды сурам алынгандан
тартып беш жумушчу күндөн (аймактык өкүлчүлүктөрдөн жана филиалдардан
зарыл маалымат талап кылынган учурда кошумча 3 жумушчу күндөн) кечик-
тирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.".
5. 5-беренеде:
1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү
жана аныкталуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы" деген сөз-
дөр "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
2-пунктта:
- 1-пунктча "топтоону" деген сөздөн кийин ", иштеп чыгууну" деген
сөз менен толукталсын;
- 3-пунктчадагы "документтерди жана башка" деген сөздөр "жалпылан-
ган" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-пунктчадагы "тиешелүү маалыматтарды жана материалдарды" деген
сөздөр "тиешелүү жалпыланган материалды" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пунктчалар менен толукталсын:
"7) ушул Мыйзамга жана бөлөк ченемдик укуктук актыларга ылайык
анын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат берүүчү жактар
тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу ченемдик укуктук актыларды чыга-
рат;
8) милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) сыяктуу
эле, кардарларга жана бенефициардык менчик ээлерине (пайда табуучулар-
га) байланыштуу маалыматка карата да, ушул Мыйзамдын 4-статьясында
көрсөтүлгөн маалымат боюнча жазуу жүзүндөгү сурамдарды маалымат берүүчү
жактарга жиберет;
9) аткарылган функцияларга ылайык алынган ар кандай маалыматка ка-
рата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терроризмди каржылоого жана кыл-
мыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы
аракеттенүү менен байланышкан ар кандай кошумча маалыматты мамлекеттик
органдардан жана маалымат берүүчү жактардан сурап-билүүгө жана алууга
укуктуу. Мамлекеттик органдар жана маалымат берүүчү жактар талап кылын-
ган маалыматты көрсөтүлгөн мөөнөттө жана белгиленген формада ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.";
3-пунктта:
- "токтотот" деген сөз "бир калыпта кармайт" деген сөз менен ал-
маштырылсын;
- "террордук иштерге (терроризмди каржылоого)" деген сөздөр "тер-
рористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишке" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
- "3-статьясынын 6-пунктуна" деген сөздөр жана сандар "3-статьясы-
нын 5-пунктуна" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Террористтик ишке (терроризмди каржылоого) же экстремисттик ишке
катышкандыгы тууралуу анык маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык
жактардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларын же бүтүмдөрүн
бир калыпта кармоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жарандык-укук-
тук жана башка жоопкерчилигинин келип чыгуусуна негиз болуп санал-
байт.".
6. 6-беренеде:
1-пунктта:
- "14 күн аралыгында ишке ашырылган" деген сөздөр алып салынсын;
- "(чет өлкө валютасына эквиваленттүү)" деген сөздөрдөн кийин
", ушул берененин 3-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында камтылган
операциялардан жана бүтүмдөрдөн башкасы" деген сөздөр менен толуктал-
сын;
2-пунктта:
- 3-пунктчада:
биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) акча каражаттары менен бөлөк операциялар жана бүтүмдөр:
- накталай чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу, эгерде жасалып
жаткан анын суммасы 100000 сомго (чет өлкө валютасындагы эквиваленти)
барабар же жогорку болсо;";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бир нарктагы банкнотту башка нарктагы банкнотко алмаштыруу,
эгерде жасалып жаткан анын суммасы 100000 сомго (чет өлкө валютасындагы
эквиваленти) барабар же жогорку болсо;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- казинодо жана оюн автоматтары, рулеткалары, кумар оюндарын
өткөрүү курулмалары же каражаттары бар башка оюн-зоок жайларында жасал-
ган операциялар же бүтүмдөр, эгерде жасалып жаткан анын суммасы 100000
сомго (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) барабар же жогорку болсо;";
- 4-пунктчада:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен башка бүтүмдөр:";
экинчи абзацтагы "коюу" деген сөз "жайгаштыруу" деген сөз менен
алмаштырылсын;
3-пункттагы "диний экстремисттик көзкарашка ыктаган уюмдарды кошо
алганда" деген сөздөр "экстремисттик ишке катышы бар жактарды кошо ал-
ганда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 7-беренеде:
1-пунктта:
- "соттук чечимдерди аткаруу баскычтарында" деген сөздөрдөн кийин
", ошондой эле өз ара укуктук жардамдын бөлөк формасы боюнча" деген
сөздөр менен толукталсын;
- "кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди кар-
жылоого" деген сөздөр "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен
алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
2-пунктта:
- "Кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди кар-
жылоого" деген сөздөр "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен
алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терроризмди каржылоого жана
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) кар-
шы аракеттенүү жаатындагы зарыл маалыматты берүү жөнүндөгү сурамдарды
чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жиберет.";
5-пункттун экинчи абзацындагы "кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого" деген
сөздөр "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамда каралган талаптардын маалымат берүүчү жактар та-
рабынан бузулуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартип-
те администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.
2. Ушул Мыйзамга ылайык маалымат берүүчү жактардан алынуучу маалы-
матка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ же мурда ээ болгон ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик органдын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка
мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде му-
рункулары, банктык, коммерциялык же бөлөк сырды мыйзамсыз түрдө ачыкка
чыгаргандыгы, колдонгондугу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалан-
гандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык
кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.
3. Маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери, анын ичинде мурунку-
лары, сурамдарды аткаруу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маа-
лыматтарды жиберүү фактысын ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартышат.".
9. V глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:
"8-1-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды
жана документтерди берүү
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын
функцияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана до-
кументти (жарандардын жеке өмүрү тууралуу маалыматтан башкасын) Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органга беришет.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, бөлөк көзөмөл органдары,
маалымат берүүчү жактар, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык ай-
мактарынын башкы дирекциялары, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ас-
социациялары жана кошуундары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функ-
цияларынын жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон маалыматты жана доку-
ментти белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын
ичинде анын сурамы боюнча, беришет.
3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана бөлөк көзөмөл ор-
гандары, ошондой эле, менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактар
тарабынан маалыматтардын жана документтердин ушул Мыйзамда каралган
максаттарда жана тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бе-
рилүүсү, мунун ичинде анын сурамы боюнча да, кызматтык, банктык, салык-
тык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча кара-
жаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында) бузгандык
болуп саналбайт.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өз компетенциясы-
нын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана маалымат берген
жактарга юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, статис-
тикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик тизмегинде, Кыргыз Республи-
касынын аймагында аккредиттештирилген чет өлкөлүк компаниялардын
өкүлчүлүктөрүнүн бириктирилген мамлекеттик тизмегинде камтылган маалы-
матты, ошондой эле жоголгон, жараксыз болуп калган паспорттор, каза
болгон жеке адамдардын паспорттору, паспорттордун жоголгон бланкалары
тууралуу маалыматтарды беришет.
5. Маалымат берүүчү жактар, ошондой эле ишкердик субъекттеринин
ассоциациялары жана кошуундары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен
шектүү операциялар жана бүтүмдөр жөнүндөгү жана милдеттүү контролго
алынуучу операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалыматтын ушул Мыйзамда
көрсөтүлгөн талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бе-
рилүүсү кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык жана байланыш сырын
(акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат жагында)
ачыкка чыгаргандык болуп саналбайт.".
10. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай
жөндөмөдөгү "каршы аракеттер" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "каршы
аракеттенүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келти-
ришсин;
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук ак-
тыларды иштеп чыгышсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 9-апрелиндеги № 1096-IV ""Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө"…Постановление · 09.04.2009 · № 1096-IV
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана…Закон · 02.06.2009 · № 179 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон