# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №744 "Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоо кызматын түзүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №744 "Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоо кызматын түзүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 744
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13196/edition/328787/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №744 "Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоо кызматын түзүү жөнүндө"токтому (30.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59676

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 30-декабры № 744

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун

укуктарын коргоо кызматын түзүү жөнүндө

"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктары-

нын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-стать-

ясына ылайык, психикалык жактан бузулган жарандардын укуктарын коргоо,

адистештирилген жардам көрсөтүү сапатын жакшыртуу жана Кыргыз Республи-

касынын психиатриялык стационарларда кармоо шарттарын жакшыртуу макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчы) Кыргыз Респуб-

ликасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгы менен

бекитилген Омбудсмендин (Акыйкатчы) Аппаратынын штаттык санынын чегинде

Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоо

кызматын (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин

(Акыйкатчы) Аппаратынын алдында түзүү сунушталсын.

2. Кызматтын ишин уюштуруу, Кызматтын ишин жөнгө салуучу ченемдик

укуктук базаны иштеп чыгуу жана бекитүү маселелери Кыргыз Республикасы-

нын Омбудсменинин (Акыйкатчы) карамагына өткөрүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылдан тартып

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607

Жарлыгы менен бекитилген Омбудсмендин (Акыйкатчы) Аппаратынын штаттык

санынын чегинде Кызматты каржылоону карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кызматты

республиканын психиатриялык стационарларынын аймагынан акысыз негизде

керектүү жайлар менен камсыз кылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
