Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоо кызматын түзүү жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 30-декабры № 744
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун
укуктарын коргоо кызматын түзүү жөнүндө
"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктары-
нын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-стать-
ясына ылайык, психикалык жактан бузулган жарандардын укуктарын коргоо,
адистештирилген жардам көрсөтүү сапатын жакшыртуу жана Кыргыз Республи-
касынын психиатриялык стационарларда кармоо шарттарын жакшыртуу макса-
тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчы) Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгы менен
бекитилген Омбудсмендин (Акыйкатчы) Аппаратынын штаттык санынын чегинде
Психиатриялык стационарларда жүрүшкөн сыркоолордун укуктарын коргоо
кызматын (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин
(Акыйкатчы) Аппаратынын алдында түзүү сунушталсын.
2. Кызматтын ишин уюштуруу, Кызматтын ишин жөнгө салуучу ченемдик
укуктук базаны иштеп чыгуу жана бекитүү маселелери Кыргыз Республикасы-
нын Омбудсменинин (Акыйкатчы) карамагына өткөрүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылдан тартып
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607
Жарлыгы менен бекитилген Омбудсмендин (Акыйкатчы) Аппаратынын штаттык
санынын чегинде Кызматты каржылоону карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кызматты
республиканын психиатриялык стационарларынын аймагынан акысыз негизде
керектүү жайлар менен камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндөЗакон · 17.06.1999 · № 60 · Күчүн жоготкон