Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинде мелиорациялык гидрогеология экспедициясын түзүү жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 30-декабры № 739
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинде
мелиорациялык гидрогеология экспедициясын
түзүү жөнүндө
Сугат жерлердин мелиорациялык абалын жакшыртуу, Кыргыз Республика-
сындагы мелиорациялык объекттерди жана коллектордук-дренаждык тармакты
техникалык нормалардын жана эрежелердин чегинде эксплуатациялоо макса-
тында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы
№ 819 "Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана
аймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды чечүү боюнча кечикти-
рилгис чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин Суу чарба департаментинде мелиорациялык гидрогеоло-
гия экспедициясы (мындан ары - мелиорациялык гидрогеология экспедиция-
сы) "мекеменин" уюштуруу-укуктук формасында түзүлсүн.
2. Мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын негизги функциялары
төмөнкүдөй белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын сугат жерлеринин мелиорациялык абалына
мониторинг жүргүзүү;
- жер астындагы суулардын динамикасына жана туздук режимине, кол-
лектордук-дренаждык тармактардын жана вертикаль дренаждын скважиналары-
нын абалына байкоо жүргүзүү, мамлекеттик мелиорациялык кадастр
жүргүзүү, сугат жерлерди шор басуусун жана сазга айлануусун болтурбоо
жана келечекте жањы жерлерди өздөштүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
жана ишке ашыруу;
- мелиорациялык системаларды жана гидротехникалык курулмаларды оњ
абалда кармоо, мелиорациялык объекттердин курулушун техникалык контрол-
доо;
- кыртыштын нымдуулугун аныктоо, коллектордук-дренаждык тармактын
ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен мелиорациялык жактан
ыњгайсыз жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун режими боюнча су-
нуштарды иштеп чыгуу;
- сугат жерлерде оптималдуу суу-туз режими сакталышына шарт
түзүүчү горизонталь дренаждын жана вертикаль дренаж скважиналарынын иш
режимдерин иштеп чыгуу.
3. Мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын жетекчисин кызматка
Суу чарба департаментинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республика-
сынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри дайындаары
жана бошотоору; мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын жетекчиси-
нин орун басарын Суу чарба департаментинин директору мелиорациялык гид-
рогеология экспедициясынын жетекчисинин аныктоосу боюнча дайындаары жа-
на бошотоору белгиленсин.
4. Мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын кызматкерлеринин
сандык чеги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-нояб-
рындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн
оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги үчүн белгиленген штаттык
сандын чегинде 222 бирдик менен аныкталсын.
5. Мелиорациялык гидрогеология экспедициясынын кармоо боюнча чы-
гымдарды ар жылдык каржылоо Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылга кара-
та республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ыла-
йык Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин бекитилген бюджетинин чегинде белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги белгиленген тартипте:
- Мелиорациялык гидрогеология экспедициясы жөнүндө жобону бекит-
син;
- мелиорациялык гидрогеология экспедициясын Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Кирпичная көчөсү, 71 дареги боюнча жайгаштырсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-ноябрындагы №819 "Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды…Постановление · 28.11.2006 · № 819 · Күчүн жоготкон