# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №738 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №738 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 738
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13191/edition/328782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №738 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (26.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59670

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 30-декабры № 738

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана

кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы

"Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды

экспертизалоо борбору" мамлекеттик ишканасын

түзүү жөнүндө

Бюджеттик каражаттардын эсебинен алынган дандын жана аны иш-

тетүүдөн алынган продуктулардын, ошондой эле мамлекеттик материалдык

резервге салына турган дандын жана аны иштетүүдөн алынган продуктулар-

дын сапатына контролду камсыздоо, данды мамлекеттик материалдык резерв-

ге өз убагында салуу жана жањылоо маселелерин ыкчам чечүү максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөр-жай министрлигинин алдындагы "Данды жана аны иштетүүдөн алынган

продуктуларды экспертизалоо борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары -

"Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо борбору"

мамлекеттик ишканасы) операциялык башкаруу укугунда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин алдындагы "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продук-

туларды экспертизалоо борбору" мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы

бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөр-жай министрлиги белгиленген тартипте:

- "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо

борбору" мамлекеттик ишканасынын түзүмүн, штаттык санын жана чыгымдары-

нын сметасын бекитсин;

- Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А" дарегинде жайгашкан лаборато-

рияны "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо

борбору" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берсин;

- "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо

борбору" мамлекеттик ишканасынын бардык уюштуруучулук жана башка финан-

сы-материалдык маселелерин белгиленген тартипте чечсин;

- "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо

борбору" мамлекеттик ишканасын Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 "А" даре-

гиндеги имаратка жайгаштырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин алдында-

гы "Данды жана аны иштетүүдөн алынган продуктуларды экспертизалоо бор-

бору" мамлекеттик ишканасын белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон

өткөрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
