# Кыргыз Республикасынын Өктотунун 2008-жылдын 30-декабрындагы №731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өктотунун 2008-жылдын 30-декабрындагы №731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 731
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59663>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13186/edition/780448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59663.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өктотунун 2008-жылдын 30-декабрындагы №731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө"токтому (17.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59663

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 30-декабры № 731

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун

Кыргыз Республикасы тарабынан тењ каржылоо жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370, 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 597, 2017-жылдын 17-мартындагы N 171 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз

Республикасы тарабынан тењ каржылоону камсыздоо максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк

себүүнү уюшкандыкта жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы № 446 токтомуна ылайык

"Айыл Банк" ачык акционердик коомуна (ААК) берилген 140 (жүз кырк)

млн.сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда боюнча карызды 63353185 (алтымыш үч

миллион үч жүз элүү үч мињ жүз сексен беш) сомго азайтсын, ал боюнча

Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" долбоору бо-

юнча өз үлүшүн тењ каржылоо катары аталган коомго анын ордуна мурда бе-

рилген Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан имаратты ко-

шууга милдеттенген;

- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүүнү кароочу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белги-

ленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети жана "Айыл Банк" ААКы Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50

дарегинде жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш

башкармалыгынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп беришсин.

3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы N 171 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. "Имараттарды өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-январындагы № 16 токтомунун 1-пунктундагы

"Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын "Айылды каржылоо - 2" долбо-

оруна өкмөттүк үлүштү тењ каржылоо катары белгиленген тартипте аны ан-

дан ары өткөрүп берүү үчүн" деген сөздөр алып салынсын.

5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2004-жылдын 25-мартындагы № 201 токтомундагы 3-пункт алып салынсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жо-

готту деп табылсын:

- "Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан имаратты

Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын балансына өткөрүп берүү

жөнүндө" 1999-жылдын 24-февралындагы № 99;

- "Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан имаратты

Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын балансына өткөрүп берүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-февралындагы №

99 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

1999-жылдын 26-апрелиндеги № 230.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-

нуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
