# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы №730 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы №730 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 730
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59662>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13185/edition/328776/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59662.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-декабрындагы №730 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59662

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 29-декабры № 730

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы

зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан

жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга

мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы

калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүр-

гүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана

алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу

жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн

юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо

көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калк-

туу (конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш

жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-ж.

23-январы, N 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-2-статьяларындагы "адистештирилген финансы-кредит мекемелери-

нин" деген сөздөр "кредиттик союздарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Кредиттик союздарга карата талаптар жана критерийлер, ошондой эле

кредиттик союздарга проценттик ставкалардын айырмасы боюнча мамлекеттик

компенсация берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

белгиленет.".

3. 3-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-

тирсин;

- кредиттик союздарга карата талаптарды жана критерийлерди, ошон-

дой эле кредиттик союздарга проценттик ставкалардын айырмасы боюнча

мамлекеттик компенсация берүүнүн тартибин үч айлык мөөнөттүн ичинде иш-

теп чыксын.

Кыргыз Республикасынын Президенти
