Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 29-декабры № 730
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы
зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан
жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга
мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы
калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүр-
гүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана
алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу
жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн
юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо
көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калк-
туу (конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш
жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2007-ж.
23-январы, N 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-2-статьяларындагы "адистештирилген финансы-кредит мекемелери-
нин" деген сөздөр "кредиттик союздарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кредиттик союздарга карата талаптар жана критерийлер, ошондой эле
кредиттик союздарга проценттик ставкалардын айырмасы боюнча мамлекеттик
компенсация берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
белгиленет.".
3. 3-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-
тирсин;
- кредиттик союздарга карата талаптарды жана критерийлерди, ошон-
дой эле кредиттик союздарга проценттик ставкалардын айырмасы боюнча
мамлекеттик компенсация берүүнүн тартибин үч айлык мөөнөттүн ичинде иш-
теп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик…Закон · 28.12.2006 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарда туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо…Закон · 30.04.2009 · № 148 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон