# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №732 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №732 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 732
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59654>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13180/edition/587822/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59654.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №732 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому (22.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59654

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 30-декабры № 732

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жагындагы нормативдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында Кыргаз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы №178

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү

менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктеш- тирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 4.3-бөлүмдө:

биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын; төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу объекттерди жана алардын ак- цияларынын мамлекеттик пакетинин өлчөмүн мамлекеттик мүлктү менчиктеш- тирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Баалуу кагаздар рыногунда сатылуучу стратегиялык маанидеги объект- терди жана алардын акцияларынын мамлекеттик пакетинин өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт".

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
