Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 14-ноябры № 631
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери" жана "Кыргыз Рес-
публикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда-
гы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификация-
лоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-статья.
Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган, Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ин-
вестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу
күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз
Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө литва тарапка билдирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон