# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-декабрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-декабрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 715
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59647>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13175/edition/923733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59647.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-декабрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59647

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна ылайык 2020-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 25-декабры № 715

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын

жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

"Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер ми-

нистрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы №

222 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жа-

заларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясынын иши-

нин укуктук негизин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө тиркелген жобо

бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
