# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-декабрындагы №711 "Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контролдоонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоого тийиш болгон товарлардын тизмесин жактыруу тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-декабрындагы №711 "Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контролдоонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоого тийиш болгон товарлардын тизмесин жактыруу тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 711
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13172/edition/382002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-декабрындагы №711 "Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контролдоонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоого тийиш болгон товарлардын тизмесин жактыруу тууралуу"токтому (24.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59643

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-июнундагы № 341 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 24-декабры № 711

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун,

контролдоонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобону

бекитүү жана контролдук (латенттик) маркалар менен

маркировкалоого тийиш болгон товарлардын

тизмесин жактыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар

менен маркировкалоо жөнүндө" Мыйзамынын 2 жана 4-статьяларына ылайык,

товарлардын айрым түрлөрүн жүгүртүү үчүн эсепке алуунун жана контрол-

доону өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле

контрафакттык товарларды контрабандалык алып келүүлөрдү жана жүгүртүүнү

болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контрол-

доонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. "Контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоого тийиш

болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин токтомунун тиркелген долбоору жактырылсын жана ал беки-

түү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри,

Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-

тетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети-

нин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган токтом дол-

боорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү

болуп дайындалышсын.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул

токтомго ылайык келтиришсин.

5. Контролдук (латенттик) маркаларды алуунун, сактоонун, контрол-

доонун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобо ушул токтом расмий жа-

рыялангандан жана контролдук (латенттик) маркалар менен милдеттүү мар-

кировкаланууга тийиш болгон товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши бекиткен күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирээри

белгиленсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
