# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы №704 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу"Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы №704 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу"Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 704
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59636>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13168/edition/382136/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59636.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы №704 "Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу"Токтому (29.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59636

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы N 425 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ БИшкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 20-декабры N 704

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы

жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын ишинин

натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

"Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын масе-

лелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнунда-

гы N 212 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук аттес-

тациялык комиссиясы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 7-пунктта:

экинчи абзацтагы "диссертациялык" деген сөздөн кийин "эксперттик"

деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"- УАКтын ишин маалыматташтыруу жана УАКтын маалымат түйүнүн түзүү

боюнча иштерди жүргүзүү;

- УАКтын иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт.";

- 19-пункт "республикалык бюджеттен" деген сөздөрдөн кийин "атайын

каражаттардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы

келбеген каржылоонун башка булактарынан" деген сөздөр менен толуктал-

сын;

- VI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:

"19-1. Атайын каражаттар бюллетендерди сатуудан, илимдин докторло-

рунун жана кандидаттарынын дипломдорунун жана алардын кошумча баракта-

рынын, профессор, доцент жана улук илимий кызматкерлердин аттестаттары-

нын бланктары үчүн акы төлөөдөн, чет өлкөлүк жарандардын, из-

денүүчүлөрдүн, менчик жана коммерциялык окуу жайлардын жана илимий ме-

кемелердин аттестациялык иштерин жана диссертацияларын экспертизалоо-

дон, докторлук диссертациялардын аннотацияларын жарыялоолордон түшкөн

каражаттардын эсебинен түзүлөт.".

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
