# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 20-декабры № 703 Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 20-декабры № 703 Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 703
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13167/edition/355841/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 20-декабры № 703 Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө (23.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59635

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 20-декабры № 703

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына

администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Респуб- ликасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети белгиленген тартипте:

- Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан имаратты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына өткөрүп берсин;

- көрсөтүлгөн имаратты кабыл алуу - өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-июлундагы № 429

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администраци- ялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо ре- естрине өзгөртүүлөрдү киргизсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №248

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-декабрындагы №

754 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-майындагы № 126 буйругун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү кирги- зилсин:

- 1-пункттун он төртүнчү абзацындагы "Орозбеков көч., 37" деген

сөздөр жана цифра алынып салынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнө жүк- төлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
