# Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-декабрындагы №701 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-декабрындагы №701 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 701
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13166/edition/328756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-декабрындагы №701 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59633

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 19-декабры № 701

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-

гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындал-

сын

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Жарчысы, 1993-ж., № 3, 90-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизилсин:

1. 1-статьяда:

- төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгер товарлардын эркин экономикалык зоналардын аймагында кошулган

наркы 30 проценттен аз, тиричилик техникасыныкы жана электротехниканыкы

- 15 проценттен аз болсо эркин экономикалык зоналардын субъекттерине

эркин экономикалык зоналарда жасалган товарларды Кыргыз Республикасынын

ички рыногунда сатууга тыюу салынат. Эркин экономикалык зоналардын

субъекттери ушул статьяда белгиленген норманы бузганы аныкталса эркин

экономикалык зоналардын дирекциясы үч апталык мөөнөттүн ичинде эркин

экономикалык зонанын субъектинин каттоосун жокко чыгаруу үчүн белгилен-

ген тартипте сотко кайрылууга тийиш.";

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толук-

талсын:

"Соттун чечими менен жоюлган юридикалык жактар кийин эркин эконо-

микалык зоналардын аймагында каттоого алынбайт.

Соттун чечими боюнча жоюлган юридикалык жактардын уюштуруучулары

кийин Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймагында

юридикалык жактарды түзө алышпайт.".

2. 2-статьяда:

биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Эркин экономикалык зонанын аймагын абаттоодо экс-аймактык принцип

эске алынууга тийиш, бул аймактын тегерете тосулушун жана кайтаруу ре-

жими болушун шарттайт.";

- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи - төртүнчү бөлүктөр менен толуктал-

сын:

"Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы эркин экономикалык

зона түзүлгөндөн же анын курамына жањы участок киргизилгенден кийин эр-

кин экономикалык зонанын аймагы же анын курамына киргизилчү участок

ушул Мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү

Эркин экономикалык зона жөнүндө жобого ылайык алты айлык мөөнөттө абат-

талышын камсыздайт. Аймакты абаттоо жөнүндө шарттар аткарылбаса ушул

Мыйзамдын эркин экономикалык зонанын аймагы тосулушу жөнүндө бөлүгүнүн

талаптары толук аткарылганга чейин ал аймактагы субъекттерге Кыргыз

Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодек-

сине ылайык салык салынат. Эркин экономикалык зонанын аймагы тосуунун

шарттарына ылайыктыгын Кыргыз Республикасында бажы ишин түздөн түз же-

тектеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ырастайт.

Эркин экономикалык зонанын аймагы кандайдыр бир администрация-

лык-аймактык бирдиктин аймагын толугу менен өзүнө камтыбоого тийиш.

Эркин экономикалык зонанын аймагында турак жай фондунун объектте-

рин жайгаштырууга жол берилбейт.".

3. 6-статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын ыйга-

рым укуктуу мамлекеттик органынын алдындагы Мамлекеттик бажы инспекция-

сы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" де-

ген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 8-статьяда:

- экинчи бөлүгүндөгү "адамдар жана" деген сөздөр алып салынсын.

5. 10-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик

орган" деген сөздөр "Финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 11-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.

7. 12-статьянын экинчи бөлүгүндө:

- "мамлекеттик салык органы жана мамлекеттик бажы органы" деген

сөздөр "бажы жана салык кызматтары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 14-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эркин экономикалык зонанын башкы директору келишимдин шарттарын-

да, эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-

нистри тарабынан дайындалат.".

9. 15-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"ЭЭЗдин Башкы дирекциясы ЭЭЗ субъекттеринин катталганы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Республикасынын Улут-

тук статистика комитетине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министр-

лигине билдирүүгө милдеттүү.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин тогуз айлык мөө-

нөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
