Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 18-декабры № 700
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын биринчи
орун басары (макулдашуу боюнча) көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-ж., N 2,
79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьянын үчүнчү абзацынан кийин төртүнчү абзац менен толук-
талсын:
"- мамлекеттик күзөткө алынган объекттердин коопсуздугун камсыз
кылуу;"
2. 16-статьяда:
биринчи бөлүк:
- 2-пунктчадан "Министрликтер" деген сөз "Мамлекеттик комитет" де-
ген сөз менен алмашылсын;
- 4-пунктчада "органдары" деген сөздөн мурда "Кызмат" деген сөз
менен толукталсын;
- 6-пунктчада "органдары" деген сөздөн мурда "Кызмат" деген сөз
менен толукталсын;
- экинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук ми-
нистрлигинин органдары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
алдындагы финансылык полиция органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин органдары, Кыргыз
Республикасынын Финансылык полиция кызматынын органдары, Кыргыз Респуб-
ликасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын органдары" деген сөздөр менен
алмаштырылсын;
төртүнчү бөлүк алып салынсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Изин суутпай издөө иши жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 131 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон