# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабры № 697 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабры № 697 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 697
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.09.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59629>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13162/edition/847649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59629.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-декабры № 697 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу (29.09.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59629

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 18-декабры № 697

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган

мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын

28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 180 "Кыргыз Рес-

публикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Мыйзамынын 1-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмө-

тү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекеме-

лердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин киреше-

сине алып коюуга тийиш болбогон атайын каражаттардын тизмеси ушул ток-

томдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул ток-

томго ылайык келтирүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана Кыргыз Республика-

сынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 13-декабрындагы

№ 697 токтомуна

тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 28-августундагы

№ 531 токтому менен

бекитилген

Республикалык бюджеттин кирешесине алып

коюуга тийиш болбогон атайын каражаттардын

ТИЗМЕСИ

1. Ветеринардык препараттарды сатып өткөрүүдөн түшүүлөр.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын материалдык

сыйлоолор фондуна чегерүүлөр түрүндө (чегерүүлөрдүн белгиленген

өлчөмүнөн 1ден 10 процентке чейинки өлчөмдө) түшүүчү каражаттар.

3. Ортопедиялык продуктуларды сатып өткөрүүдөн түшүүлөр.

4. Жарандардын жењилдик берилген категорияларына ортопедиялык жана

стоматологиялык жардам көрсөтүүдөн түшүүчү каражаттар.

5. Гуманитардык, демөөрчүлүк жардам, гранттар түрүндө түшүүчү ка-

ражат жана марафон өткөрүүдөн түшүүчү каражаттар.

6. Фелдъегердик байланыш кызматын көрсөтүүдөн түшүүчү каражаттар.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук

мекемелеринин өндүрүштүк ишмердигинен кирешелер жана жаратылышты коргоо

жана токой тармагын өнүктүрүү фондуларынын каражаттары.

8. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары

министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы-

нын Республикалык адистештирилген комбинатынын кир жууп-тазалоо боюнча

кызмат көрсөтүүдөн түшүүчү киреше.

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу

Ботаникалык бакты пайдалануудан түшүүчү кирешелер.

10. Билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жана илимий

наамдарды жана даражаларды ыйгаруу жөнүндө дипломдорду берүүдөн

түшүүлөр.

11. Бюджеттик мекемелерге таандык эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга

жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер санаториясына

жолдомолорго акы төлөө каражаттары.

12. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу

системасынын органдары менен мекемелеринин чарбалык ишмердигинен жана

жолугушуулар бөлмөсүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүсүнөн түшүүчү ка-

ражаттар.

13. Билим берүү жана маданият мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү

кызмат үчүн каражаттар.

14. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер гарнизондо-

рунун үй башкармалыктарын жана мейманканаларын күтүүгө жана техникалык

тейлөөгө каражаттар.

15. Саламаттык сактоо мекемелеринин тењ төлөө түрүндө жарандардан

түшүүчү каражаттар.

16. Иммуннобиологиялык, диагностикалык препараттарды, стандарттар-

ды, кандын реактивдери менен препараттарын чыгарууну жүргүзгөн саламат-

тык сактоо мекемелеринин өндүрүштүк ишмердигинен түшүүчү кирешелер.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-

гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин комиссиондук жыйымда-

рынан жана башка түшүүлөрдү алуудан каражаттар.

18. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-

рлиги системасындагы карылар менен майыптар үчүн психоневрологиялык ин-

тернат үйлөр жана интернат үйлөр алуучу каражаттар.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып

алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин кара-

жаттары.

20. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы

өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун каражаттары.

21. Депутатка талапкерлерден күрөө түрүндө келип түшүүчү Кыргыз

Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комис-

сиясынын каражаттары.

22. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин каражат-

тары.

23. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин Суу чарба департаментинин сугат сууларын берүү үчүн

кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттар.

24. Нотариалдык конторалар жана жарандык абалдын актыларын жазуу

органдары тарабынан бекем отчеттуулук бланктарын жана бланкалык продук-

цияны сатып өткөрүүдөн түшүүчү каражаттар.

25. Нотариалдык конторалардан жана жарандык абалдын актыларын жа-

зып калтыруу органдары тарабынан мамлекеттик төлөм алуулардан түшүүчү

каражаттар.

26. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча оор салмактуу

жана ири габариттүү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдардан

түшүүчү каражаттар.

27. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы акы төлөнүүчү

жолдор жана жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өтүшү

үчүн жыйым алуудан түшүүчү каражаттар.

28. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук

жыйымдарын алуудан түшүүлөр.

29. Күрөөнү каттоо үчүн жыйымдарды алуудан түшүүлөр жана күрөөлүк

каттоо контораларынын каттоо кызматын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар.

30. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комите-

тинин тамактануу пункттарынын, дүкөн менен жатаканаларынын каражаттары.

31. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын ве-

домстволук мекемелеринин өздүк өндүрүшүндө кызмат көрсөтүүдөн, жумуш-

тарды аткаруудан жана продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттар.

32. Бажы органдарынын коммерциялык эмес ишмердигинен кошуп эсеп-

телген бажы жыйымдарынын эсебинен түшкөн бажы органдарынын каражаттары.

33. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитетинин комиссиондук жыйымдарынан түшүүлөр жана башка

түшүүлөр.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
