# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-декабрындагы №693 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-декабрындагы №693 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 693
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59625>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13159/edition/328748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59625.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-декабрындагы №693 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59625

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-декабры № 693

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мый-

зам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2007-жылдын 10-июлу, № 50)

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 12-статьянын 1-пунктундагы "тандаганына жараша акысыз тамак-аш

же болбосо бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү акчалай эквивалент бе-

рилет" деген сөздөр "бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамактанууга

акчалай компенсация берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 14-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептел-

син.

3. 15-статьянын 1-пунктунда:

- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецепттери боюнча

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктачу жењилдик-

түү шарттарда дары каражаттарды алууга;";

- 9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасы-

нын Саламаттык сактоо министрлиги аныктачу жењилдиктүү шарттарда меди-

циналык тейлөөгө;";

- 11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген нормалардын чегинде

электр энергиясын пайдалангандык үчүн акы төлөөдөгү жењилдиктерге;";

- 1, 4, 5 жана 12-пунктчалары күчүн жоготту деп эсептелсин.

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
