# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 688
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13157/edition/351140/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №688 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (03.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59620

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №144 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-декабры № 688

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү

жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис

катары, кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аталган мыйзам долбоо-

рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү

жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 2005-ж., № 12, 1009-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо

киргизилсин:

1. 20-статьянын сегизинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарды өткөрүү жана че-

чимдерди кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти

менен белгиленет.".

2. Төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-статья менен толукталсын:

"20-1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Президиуму

1. Өкмөттүн ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маселелерди ыкчам чечүү мак-

сатында Премьер-министр башкаруучу Өкмөттүн Президиуму түзүлүшү мүмкүн.

2. Өкмөттүн Президиумунун курамына төмөнкүлөр киришет: Премьер-ми-

нистр, вице-премьер-министрлер, Кыргыз Республикасынын айрым министрле-

ри жана мамлекеттик комитеттердин төрагалары Өкмөттүн Президиумунун са-

ны, жеке курамы жана ыйгарым укуктары Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Өкмөттүн Президиумунун чечимдери жыйналыштарда кабыл алынат жа-

на Өкмөттүн актысы формасында чыгарылат.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
