Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 марта 2009 года №144 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения и дополнения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-03-03.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №144 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-декабры № 688
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис
катары, кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аталган мыйзам долбоо-
рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-
домосттору, 2005-ж., № 12, 1009-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо
киргизилсин:
1. 20-статьянын сегизинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарды өткөрүү жана че-
чимдерди кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти
менен белгиленет.".
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-статья менен толукталсын:
"20-1-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Президиуму
1. Өкмөттүн ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маселелерди ыкчам чечүү мак-
сатында Премьер-министр башкаруучу Өкмөттүн Президиуму түзүлүшү мүмкүн.
2. Өкмөттүн Президиумунун курамына төмөнкүлөр киришет: Премьер-ми-
нистр, вице-премьер-министрлер, Кыргыз Республикасынын айрым министрле-
ри жана мамлекеттик комитеттердин төрагалары Өкмөттүн Президиумунун са-
ны, жеке курамы жана ыйгарым укуктары Өкмөт тарабынан аныкталат.
3. Өкмөттүн Президиумунун чечимдери жыйналыштарда кабыл алынат жа-
на Өкмөттүн актысы формасында чыгарылат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 03.03.2009 · № 144 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 03.03.2009 · № 144 · Күчүн жоготкон