# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №686 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №686 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 686
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13156/edition/328745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №686 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" токтому (11.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59618

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-декабры № 686

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы

Орок айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл

чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын,

транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана

башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына жана "Жер ка-

зынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө жобону бекитүү туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №

261 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууга жер участокто-

рун берүү жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык ко-

миссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл-

дык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жарандары

А.К.Исаковага - 1,1 га, В.К.Жапаркуловага - 1,6 га, К.Б.Жапаркуловго -

1,0 га жана Р.А.Дуйшеналиевага - 1,0 га жеке менчик укугунда таандык,

жалпы аянты 4,7 га кайрак айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" кате-

гориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери

жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл

алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-

сы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы №

66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюу-

га байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун

наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун

толтуруунун наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган

жарандары төлөшүн камсыз кылсын;

- долбоордук-сметалык документтерди макулдашууну жана аларга экс-

пертиза жүргүзүүнү колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык кам-

сыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
