# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 683"Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 683"Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 683
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59615>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13155/edition/328744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59615.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 683"Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (11.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59615

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 11-декабры № 683

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация

Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык

жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык,

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз

Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда

Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратифи-

кациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бул Мыйзам

долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация

Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык

жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-статья.

Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда

Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратифика-

циялансын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макул-

дашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду

Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө швейцария тарапка белгилен-

ген тартипте билдирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
