Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-декабры № 683
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация
Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык,
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда
Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратифи-
кациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бул Мыйзам
долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация
Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-статья.
Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерация Өкмөтүнүн ортосунда
Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратифика-
циялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макул-
дашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду
Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө швейцария тарапка белгилен-
ген тартипте билдирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык…Закон · 06.02.2009 · № 37
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон