# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабры, №675 500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабры, №675 500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 675
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13149/edition/367480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59607.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабры, №675 500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо жөнүндө (18.11.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59607

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы

№279 токтомунун редакциясына ылайык

күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 5-декабры № 675

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жана

ВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо жөнүндө

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

20-статьясына ылайык ВЛ-220 кВ электрдик тармактарды курууга жана ре-

конструкциялоого инвестицияларды тартуу, Кыргыз Республикасынын керек-

төөчүлөрүн электр менен камсыздоону жакшыртуу максатында Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-июлундагы N

392-б буйругу менен түзүлгөн 500/220 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстан-

цияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электр тармактарын реконструкциялоо жа-

гында инвестициялык тендер өткөрүү боюнча комиссиянын 2008-жылдын 2-ок-

тябрындагы Жумуштарды сатып алуу жол-жоболорунун протоколу эске алын-

сын.

2. 500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жана

ВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо боюнча инвестициялык тен-

дердин жењүүчүсү болуп "EPI Co. LTD" компаниясы (Корея Республикасы)

аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-

ры министрлиги "EPI Co. LTD" компаниясы менен 500/200 кВ "Датка" жана

"Куршаб" подстанцияларын куруу жана ВЛ-220 кВ электрдик тармакты рекон-

струкциялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн.

4. Курулуштун заказчысы болуп "Кыргызстандын улуттук электр тарма-

гы" ачык акционердик коому белгиленсин (макулдашуу боюнча).

5. Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна

"EPI Co. LTD" компаниясы менен тиешелүү контракт түзүү сунушталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-

дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 3 жана 5-пунк-

ттарында көрсөтүлгөн макулдашуу жана контракт түзүлгөндөн кийин "EPI

Co. LTD" компаниясына запасы 100 млн. тонна "Сүлүктү" көмүр кенин иште-

түүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия берсин.

7. 500/200 кВ "Датка" жана "Куршаб" подстанцияларын куруу жана

ВЛ-220 кВ электрдик тармакты реконструкциялоо "EPI Co. LTD" компаниясы-

нын каражатынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн гарантиясыз

жана финансылык катышуусуз ишке ашырылаары белгиленсин.

8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тап-

шырылсын.

Премьер-министри И.Чудинов
