# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы №670 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мамасалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы №670 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мамасалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 670
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13145/edition/328734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы №670 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Мамасалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59602

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 5-декабры № 670

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

А.Мамасалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.Мамасалиев

тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символ-

дору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана то-

луктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 5-декабрындагы

№ 670 токтому менен

жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

А.Мамасалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-

шинин депутаты А.Мамасалиев тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Респуб-

ликасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Кон-

ституциясынын 65-беренесинин 3-пунктун жана "Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-бере-

несин жетекчиликке алуу менен аны кабыл алуу төмөнкүдөй сын-пикирлерди

эске алуу менен мүмкүн деп эсептейт.

Мыйзамдын аталышын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү туура-

луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы".

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин биринчи бөлүгүн "Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамы" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын мамле-

кеттик символдору жөнүндө" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту боюнча:

Биринчи абзацты төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:

"2. 5-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Мамлекеттик желек Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик символу болуп санала тургандыгын көњүлгө

алып, ошондой эле спорттук, коомдук жана салтанаттуу иш-чаралар локал-

дуу мүнөздө боло тургандыгын эске алуу менен экинчи абзацта сөз респуб-

ликалык масштабдагы спорттук, коомдук жана салтанаттуу иш-чаралар жө-

нүндө болуп жаткандыгын тактоону сунуштайбыз.

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту боюнча:

9-1-берененин биринчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацын төмөнкүдөй редак-

цияда берүүнү сунуштайбыз:

"- менчигинин түрүнө карабастан бирикмелердин, мекемелердин жана

ишканалардын желектеринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин

сүрөттөлүшүнүн элементтерин пайдалануу.".

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчи-

лик жөнүндө кодексине 9-1-беренеде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн

жоопкерчиликти кароочу тиешелүү толуктоо киргизүүнү сунуштайбыз.
