# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 663 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 663 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 663
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13140/edition/328729/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 663 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59595

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-декабры № 663

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей

мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Эр-

кектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн

мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өр-

күндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүн-

чүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей

мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүн-

чүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2008-жыл, 8-август, N 58) төмөнкүдөй өз-

гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-беренеде жыйырма биринчи бөлүк "гендердик тењ укуктуулукка"

деген сөздөрдөн кийин "жана туруктуу адамзаттык өнүгүүгө" деген сөздөр

менен толукталсын.

2. 17-беренеде "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мый-

зам" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамы" деген сөздөргө ал-

маштырылсын.

3. Мыйзамдын расмий тилдеги текстинде 18-берененин төртүнчү бөлү-

гүндөгү "равноценными" деген сөз "равными" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 22-берененин үчүнчү бөлүгү алып салынсын.

5. 25-берененин төртүнчү абзацындагы "республикалык бюджеттин" де-

ген сөздөр "мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын" деген сөздөргө алмаш-

тырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
