# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы №662 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы №662 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 662
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13139/edition/328728/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы №662 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59594

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-декабры № 662

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомостто-

ру, 2003-ж. № 12, 555-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

28-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-

лерди легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контрол-

доо эрежесин жана аны ишке ашыруу жол-жобосун иштеп чыгууга;

- терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелер-

ди легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу

органга суралуучу маалыматты "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу

менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракетте-

нүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте бе-

рүүгө".

2-статья.

Бул Мыйзам аны расмий жарыялангандан күндөн тартып 3 ай өткөндөн

кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
