Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2008-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган «Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС (Бишкек-Торугарт жолу)» долбоорун ишке ашыруу боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-ноябры № 656
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын
ортосунда 2008-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында
кол коюлган "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС (Бишкек-Торугарт
жолу)" долбоорун ишке ашыруу боюнча Гранттык макулдашууну
ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-
гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду
аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын
ортосунда 2008-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Транс-
порттук коридор - 1 ЦАРЭС (Бишкек-Торугарт жолу)" долбоорун ишке ашыруу
боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен
мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын
2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо сурал-
сын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-
ганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындал-
сын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын
ортосунда 2008-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол
коюлган "Транспорттук коридор - 1 ЦАРЭС (Бишкек-Торугарт
жолу)" долбоорун ишке ашыруу боюнча Гранттык макулдашууну
ратификациялоо жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын орто-
сунда 2008-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Транспорт-
тук коридор - 1 ЦАРЭС (Бишкек-Торугарт жолу)" долбоорун ишке ашыруу бо-
юнча Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Транспорттук коридор-1ЦАРЭС (Бишкек-Торугарт жолу)Закон · 13.12.2008 · № 257
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон