Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительство КР от 29 апреля 2009 года №267 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О Национальной службе по регулированию и надзору за финансовым рынком Кыргызской Республики""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-04-29.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 267 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-ноябры № 654
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу
жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана
көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө
салуу кызматынын төрагасы бул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий
өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун
жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча
улуттук кызмат жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-статья. Бул Мыйзам жөнгө салуучу чөйрө
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу
жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызматтын (мындан ары - Улуттук кызмат)
уюштурулуу жана иштөө тартибин аныктайт жана банктан тышкаркы финансы-
лык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө
салууга жана көзөмөлдөөгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2-статья. Улуттук кызмат, банктан тышкаркы финансылык рынокту,
бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик
жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жөнүндө мыйзамдар
1. Улуттук кызмат, банктан тышкаркы финансылык рынокту, бухгалтер-
дик эсепти жана аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө
жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жа-
на ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук
актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзам-
да белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана ма-
кулдашуулардан турат.
2. Эгер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп, мыйзамда белгилен-
ген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда,
ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана нор-
маларында ушул Мыйзамда белгиленгенден башка эрежелер белгиленсе, анда
эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын, эл аралык укуктун жалпы
тааныган принциптеринин жана нормаларынын эрежелери колдонулат.
3-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Бул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
Аткаруу кењешинин мүчөсүнүн аффилирленген жагы - Аткаруу кењешинин
мүчөсү кабыл алуучу чечимге тике жана (же) кыйыр, анын ичинде келишим-
дин же башка бүтүмдүн күчү менен таасир эте алуучу ар кандай жеке же
юридикалык жак. Анын жакын туугандары, ошондой эле ал же анын жакын ту-
угандары, же ал өзүнүн жакын туугандары менен биргелешип акциялардын
бир же андан ашык процентине (үлүшүнө), жүгүртүүдөгү облигацияларга ээ-
лик кылган юридикалык жактар милдеттүү түрдө Аткаруу кењешинин
мүчөсүнүн аффилирленген жагы деп эсептелишет;
башка компаниянын же компаниялар тобунун аффилирленген компаниясы
- башка компания (компаниялар тобу) кабыл алуучу чечимди тике жана (же)
кыйыр аныктоого же кабыл алуучу чечимге таасир этүүгө укуктуу, анын
ичинде келишимдин жана (же) андай компаниядагы акциялардын (үлүштөрдүн)
20 процентинен ашыгына ээлик кылуунун күчү менен укуктуу компания. Аф-
филирленген компания деп ошондой эле башка компаниялар (компаниялар то-
бу) ошол аффилирленген компания кабыл алуучу чечимди тике жана (же) кы-
йыр аныктоого же кабыл алуучу чечимге таасир этүүгө укуктуу, анын ичин-
де келишимдин же аффилирленген компаниядагы акциялардын (үлүштөрдүн) 20
процентинен ашыгына ээлик кылуунун күчү менен таасир этүүгө укуктуу
компания да эсептелет;
компаниялар тобу - кесипкөй катышуучудан жана анын туунду жана/же
көз каранды компанияларынан жана/же холдинг компаниядан жана анын туун-
ду жана/же көз каранды компанияларынан турган компаниялар тобу;
банктык эмес финансылык сектор - Кыргыз Республикасынын финансылык
рыногунун бөлүгү, ал өзүнө баалуу кагаздар рыногун, камсыздандыруу иш-
мердигин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди
башкаруучу компаниялардын ишмердиктерин, ошондой эле ушул Мыйзамга жана
Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногунун көрсөтүлгөн
ишмердиктерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык оюн-зоок жана ло-
тереялык ишмердикти камтыйт;
Аткаруу кењешинин аткаруучу ыйгарым укуктарга ээ эмес мүчөсү -
Улуттук кызматтын кызмат адамы же кызматкери болуп эсептелбеген, Улут-
тук кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарганы
үчүн акы албаган адам;
кесипкөй катышуучу - аудитордук ишмердик жана ушул Мыйзамга жана
Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитордук ишти
жана лицензиялоону жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык ишмердиктер-
ди жүргүзүүгө Улуттук кызмат берчү лицензиясы же башка уруксат докумен-
ти бар юридикалык же жеке жак;
пруденциялык талаптар - кесипкөй катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлү-
гүн жана финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында анын финансылык
абалына карата коюлчу талаптар;
ачык компания - баалуу кагаздарына ээлик кылгандар эки жүз жана/же
андан ашык болгон эмитент, жана/же баалуу кагаздарды ачык сунуш кылган
же сунуш кылуучу эмитент;
жөнгө салынчу субъект - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын
банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук
ишти жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык жөнгө салынчу ишмердикти
жүргүзгөн юридикалык же жеке жак. Жөнгө салынчу субъектиге кесипкөй ка-
тышуучу кирет;
өзүн өзү жөнгө салуучу уюм - ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республика-
сынын башка мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары түзүлгөн кесипкөй
катышуучулардын бирикмеси;
башкаруучу жак - Директорлор кењешинин төрагасы, мүчөсү, эмитент-
тин аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөсү, ошондой эле Кыргыз Респуб-
ликасынын юридикалык жактардын иштерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ыла-
йык кызмат адамы деп таанылчу адам;
кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын инвес-
торлорун коргоо фонду - инвесторлорго кесипкөй катышуучулардын караса-
натай аракеттеринен улам келтирилген зыяндын орду толтурулушун камсыз-
доо максатында кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдары
тарабынан түзүлчү фонд;
холдинг компания - уюштуруу-укуктук формасына карабастан активде-
ринин курамына башка уюмдардын акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын)
контролдук пакеттери кирген уюм.
2-глава. Улуттук кызматтын укуктук абалы жана милдеттери
4-статья. Улуттук кызматтын укуктук абалы
1. Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык
рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук системасын
өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана жөнгө
салынчу субъекттердин иштерин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Улуттук кызмат юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган жана өзүнүн аталышы мам-
лекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү
мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык казыналык системасында жана банктарда ачылчу эсептери болот.
3. Улуттук кызматтын ушул Мыйзамга жана банктык эмес финансылык
рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык белгиленген укуктары,
функциялары жана ыйгарым укуктары башка мамлекеттик органдарга өткөрүп
берилиши мүмкүн эмес.
4. Улуттук кызматтын берилген ыйгарым укуктарына ылайык кабыл
алынган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-
типте күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын аймагында бардык юриди-
калык жана жеке жактар аткарышы үчүн милдеттүү.
5. Улуттук кызмат өз ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашы-
руу процессинде көз карандысыз аракеттенет, зарыл болсо өзүнүн ишин ат-
каруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара байланышта
жүргүзөт.
Ушул мыйзам менен Улуттук кызматтын карамагына берилген маселелер-
ди чечүүгө башка мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
6. Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
Мында Улуттук кызмат өзүнүн саясатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен координациялайт.
5-статья. Улуттук кызматтын максаттары жана милдеттери
1. Улуттук кызматтын ишинин негизги максаты банктык эмес финансы-
лык рынокту, аудитордук ишти, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук
системасын мамлекеттик жөнгө салуу жана жөнгө салынчу субъекттердин иш-
терин көзөмөлдөө аркылуу Кыргыз Республикасында финансылык рынокту
өнүктүрүү болуп эсептелет.
2. Улуттук кызматтын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту, анын
ичинде баалуу кагаздардын эмиссиясын жана ачык сунушталышын жөнгө салуу
боюнча, ошондой эле аудит жана бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуу-
лук боюнча нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республика-
сынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсепти
жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларын сакташын камсыздоо;
- жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасы-
нын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салчу нормативдик укуктук ак-
тыларында каралган баалуу кагаздардын эмиссиясына жана алардын ачык су-
нушталышына карата талаптарды аткарышын камсыздоо;
- баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногун түзүү;
- жөнгө салынчу субъекттер финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин
кабыл алынган стандарттарын сакташы үчүн шарттарды камсыздоо;
- бул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасындагы банктык эмес финан-
сылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсептин, финансылык отчеттуулуктун
системасын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укук-
тук актыларынын тийиштүү талаптарын ишке ашырууну натыйжалуу монито-
рингдөө жана камсыздоо аркылуу банктык эмес финансылык рыноктун бардык
катышуучуларынын жана кызыкдар тараптарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын
коргоо;
- банктык эмес финансылык рыноктун ачык-айкындыгын камсыздоо.
3-глава. Улуттук кызматтын функциялары жана укуктары
6-статья. Улуттук кызматтын функциялары
Улуттук кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- банктык эмес финансылык рынок тармагындагы опурталдарды башкаруу
боюнча саясатты аныктоо менен кошо банктык эмес финансылык рынокту,
бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит системаларын
өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүргүзөт;
- банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө салынчу субъекттерине ка-
рата опурталдарды башкаруу боюнча талаптарды белгилейт;
- ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуучу
башка мыйзамдарын аткаруу үчүн жана аларга ылайык банктык эмес финансы-
лык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө салуучу нормативдик укуктук ак-
тыларды иштеп чыгат;
- бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук маселелери боюнча
нормативдик укуктук актыларды кабыл алат;
- жөнгө салынчу субъекттердин финансылык жана башка отчетторду
түзүшүнүн тартибине карата талаптарды белгилейт;
- жөнгө салынчу субъекттер өз иштеринин алкагында маалыматты ачышы
боюнча талаптарды белгилейт;
- банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп, финансылык
отчеттуулук, аудит боюнча нормативдик укуктук актылардын колдонулушу
жөнүндө методикалык рекомендацияларды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасында чыгарылчу баалуу кагаздардын ачык сунуш-
талышын жана андай баалуу кагаздардын проспектин каттоону ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын коомчулук үчүн жет-
киликтүү бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз
Республикасынын баалуу кагаздарынын жана чет өлкөлүк эмитенттердин баа-
луу кагаздарынын ачык сунушталышын карайт жана каттайт;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук ишти жөнгө салуучу мыйзамда-
рынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй иш
жүргүзүү укугуна, аудитордук иш жүргүзүү укугуна лицензияларды жана
башка уруксат документтерди берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган учурларда аталган лицензиялардын жана башка
уруксат документтердин жарактуулугун токтотот, кайрадан жањыртат жана
жокко чыгарат (жоет);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аудитор-
дун квалификациялык сертификаттарын берет, кайра алып коет (ажыратат);
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдары-
нын талаптарына ылайык өзүн өзү жөнгө салуучу уюм катары иштөөгө урук-
сат берет;
- банктык эмес финансылык рынокко берилген, токтотуп коюлган, кай-
ра жањыртылган жана жокко чыгарылган лицензиялардын жана башка уруксат
документтердин реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аудиторлорунун, аудитордук уюмдарынын,
жеке аудиторлорунун, кесипкөй аудитордук бирикмелеринин мамлекеттик ре-
естрлерин жүргүзөт;
- ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык от-
четторуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлор-
го карата талаптарды аныктайт;
- Улуттук кызмат бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана
аудит тармагында кабыл алуучу нормативдик укуктук актылардын жана алар-
ды колдонуу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдүн реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынчу субъек-
ттерде Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жана ау-
дитордук ишмердикти жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптары аткарылышы
жагында текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- жөнгө салынчу субъекттерге карата арыздарды жана даттанууларды
карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тийиштүү
чараларды колдонот;
- Улуттук кызматтын компетенциясына берилген маселелер боюнча ма-
териалдарды укук коргоо органдарына жиберет жана сотко доо менен кайры-
лат;
- чет өлкөлөрдүн финансылык рынокторду көзөмөлдөө боюнча ыйгарым
укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен банктык эмес финансылык
рынокту, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит система-
сын өнүктүрүү маселеси боюнча кызматташат;
- жөнгө салынчу субъекттердин жана инвесторлордун арасында натый-
жалуу жана ачык-айкын финансылык рыноктун принциптерин киргизет;
- фондулук биржа соодалык сессиянын жыйынтыгы менен бүтүмдөр
жөнүндө маалыматты такай жана өз убагында ачып турушун контролдойт;
- жөнгө салынчу субъекттер жана башка кызыкдар тараптар менен өз
функцияларын аткаруу жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жагында кызмат-
ташат;
- бардык катышуучулар жана инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасынын
банктык эмес финансылык рыногу, анын ичинде баалуу кагаздардын каттал-
ган чыгарылышы, баалуу кагаздардын ачык сунушталышы, баалуу кагаздардын
ээлери, жөнгө салынчу субъекттер жана Улуттук кызмат баалуу кагаздардын
кайсы бир эмитенти же жөнгө салынчу субъект тарабынан башталган же жа-
салган мыйзамсыз ишке карата колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө
маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу маалыматтар базасын иштеп чыгат
жана жүргүзөт;
- Улуттук кызматтын иш процессинде пайда болгон архивдик документ-
терди комплектилөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Улут-
тук кызматтын керектөөсү үчүн товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга,
кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте конкурстардын өткөрүлүшүн жана мам-
лекеттик контракттардын түзүлүшүн уюштурат;
- банктык эмес финансылык рыноктун катышуучуларын окутууну жана
сертификаттоону, аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна
талапкерлерди аттестациялоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
ишке ашырат.
7-статья. Улуттук кызматтын укуктары
Улуттук кызмат өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй
укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту, аудитти,
бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча мамле-
кеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук систе-
масын жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларына ылайык норма-
тивдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка нормативдик
укуктук актыларынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто
кесипкөй иш жүргүзүүнүн шарттарын, анын ичинде пруденциялык талаптарды,
опурталдарды, рыноктогу операцияларды башкаруу боюнча талаптарды бел-
гилөөгө, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жоюуга;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту, лицензиялоону жана аудитордук ишти жөнгө салуучу мыйзамда-
рынын талаптарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто кесипкөй иш
жүргүзүү укугуна, аудитордук иш жүргүзүүгө лицензияларды жана башка
уруксат документтерди берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында каралган учурларда аталган лицензиялардын жана башка уруксат
документтердин жарактуулугун токтотууга, кайрадан жањыртууга жана жокко
чыгарууга (жоюуга);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аудитор-
дун квалификациялык сертификаттарын берүүгө, кайра алып коюуга (ажыра-
тууга);
- Улуттук кызматтын нормативдик укуктук актылары менен белгиленген
тартипте кесипкөй аудитордук бирикмелердин кесипкөй катышуучуларынын
өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын мамлекеттик реестрлерин жүргүзүүгө;
- ачык компаниялардын жана лицензияланган кесипкөй катышуучулардын
финансылык отчетторуна аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмдарга жана же-
ке аудиторлорго талаптарды белгилөөгө;
- кесипкөй катышуучулардын өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарынын ин-
весторлорун коргоо фондун түзүү жана анын иштеши боюнча талаптарды бел-
гилөөгө;
- клиринг жасоонун натыйжасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөр ат-
карылбай калуу тобокелин азайтуу максатында клирингдик уюмдун гарантия-
лык фонд түзүшү жана баалуу кагаздар менен операциялар боюнча эсеп-
тешүүсү боюнча талаптарды белгилөөгө;
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту жөнгө салуучу башка нормативдик укуктук актыларында белги-
ленген талаптардан тышкары банктык эмес финансылык рыноктогу маалыматты
ачуу боюнча жөнгө салынчу субъекттерге карата кошумча талаптарды бел-
гилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана
тартипте жөнгө салынчу субъекттерден алардын финансылык-экономикалык
иштери жөнүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка норма-
тивдик укуктук актыларында каралган отчетту, маалымкаттарды жана башка
маалыматты суроого жана алууга, ошондой эле тийиштүү маалыматты алуу
үчүн башка мекемелерге, уюмдарга жана жарандарга кайрылууга;
- жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамга жана/же Кыргыз Республи-
касынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсептин, финансы-
лык отчеттун жана аудиттин маселелерин жөнгө салуучу башка нормативдик
укуктук актыларынын талаптарын аткарышына мониторинг жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө мыйзамда-
рына ылайык ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес фи-
нансылык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдарынын жобо-
лорун аткаруу жагынан жөнгө салынчу субъекттерде текшерүүлөрдү
жүргүзүүгө;
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө салуучу башка мыйзамдарында бел-
гиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурларда жөнгө салынчу
субъекттерге көрсөтмөлөрдү жана эскертүүлөрдү жиберүүгө;
- жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамда жана/же Кыргыз Республи-
касынын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө са-
луучу башка мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактабаган жана/же
бузган учурларда жөнгө салынчу субъекттерден андай эреже бузууларды
улуттук кызмат белгилеген мөөнөттөрдө жоюуну талап кылууга;
- жөнгө салынчу субъекттер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасы-
нын банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук ишти жөнгө салуучу
башка мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузбашын жана сакташын кам-
сыздоо максатында сот органдарына кайрылууга;
- жөнгө салынчу субъект болуп эсептелген юридикалык жактын жетек-
чилеринин ыйгарым укуктарды аткарышын Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген учурларда жана тартипте убактылуу токтотуп турууга же
кызматтан четтетүүгө;
- ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарын, жана/же баалуу кагаздарды
соодалоону уюштуруучунун, клирингдик уюмдун жана/же депозитарийдин эре-
желерин бузуу менен жасалган баалуу кагаздардын операцияларын токтотуп
коюуга;
- ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарынын талаптарын бузган компа-
ниядан кызыкдар тараптардын катышуусу менен акционерлерин (катышуучу-
лардын) кезексиз чогулушун өткөрүп, андай чогулушта эреже бузууларды
жоюуга арналган чараларды кароону талап кылууга;
- ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарын бузгандык фактысы боюнча
текшерүү же соттук териштирүү жүрүп жаткан жөнгө салынчу субъекттин ак-
тивдерди тескөөсүн чектөө талабы менен сот органдарына кайрылууга. Ак-
тивдерди тескөөсүн чектөө жөнүндө мындай талап сот органдарына жөнгө
салынчу субъекттин активдеринин башкаруучусу болуп эсептелген, ушул
Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту
жөнгө салуучу башка мыйзамдарын бузгандык фактысы боюнча текшерүү же
соттук териштирүү жүрүп жаткан башка жакка карата да берилиши мүмкүн;
- сот органдарына сотто Кыргыз Республикасынын банктык эмес финан-
сылык рыноктун жана аудитордук иштин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузганы
үчүн күнөөлүү деп табылган жөнгө салынчу субъекттин кирешелерин мамле-
кеттик бюджетке алып коюу жана ал жак Кыргыз Республикасынын банктык
эмес финансылык рыноктун жана аудитордук иштин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды
бузганынын кесепетинен жабыркаган юридикалык жана жеке жактардын зыян-
дарынын ордун толтуруу талабы менен кайрылууга;
- сот органдарына укук бузуунун куралы же түздөн түз объекти бол-
гон предметти конфискациялоо талабы менен кайрылууга;
- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-
лык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуучу
башка мыйзамдарында каралган талаптардын аткарылышын камсыздоо боюнча
чараларды көрүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
учурларда материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө жана Улуттук
кызматтын компетенциясына берилген маселелер боюнча доо менен сотко
кайрылууга;
- жөнгө салынчу субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген учурларда жана тартипте администрациялык жазаларды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана
тартипте комиссиялык жана башка жыйымдардын өлчөмдөрүн аныктоого жана
жөнгө салынчу субъекттерден алууга;
- бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык
эмес финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тармагындагы эл
аралык форумдарга катышууга жана андай форумдарда Кыргыз Республикасы-
нын кызыкчылыктарынын атынан чыгууга;
- биргелешкен иштин алкагында, анын ичинде жөнгө салынчу субъект-
терди алар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес фи-
нансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуу-
чу башка мыйзамдарынын талаптарын аткарышы жагынан текшерүүдө коомдук
жана жашырын маалыматты алмашуу максатында, банктык эмес финансылык ры-
нокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишти жөнгө салуу боюнча чет
өлкөлүк органдар менен кызматташууга;
- мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте маалыматтарды (анын ичинде жашырын маалыматтарды)
сурап алууга жана Улуттук кызматка тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн
зарыл көмөк көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына маалыматтарды
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө жана
көмөк көрсөтүүгө;
- Улуттук кызматтын аймактык органдарын түзүү жана жоюу жөнүндө
белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле алардын иш тар-
типтерин аныктоого;
- курамына иштери финансылык рынокту жөнгө салууга байланышкан
мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү, жөнгө салынчу субъект-
тердин, алардын союздарынын, ассоциацияларынын, коомдук бирикмелердин
өкүлдөрү жана көз каранды эмес эксперттер кирген консультация-
лык-кењешүүчү орган - Эксперттик кењеш түзүүгө;
- жумушчу топторду (анын ичинде акы төлөнүүчү негизде) түзүүгө жа-
на мамлекеттик органдардын, банктык эмес финансылык рыноктун жөнгө са-
лынчу субъекттеринин өкүлдөрүн, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча
адистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, коомдук уюмдар-
дын жана/же жөнгө салынчу субъекттердин адистерин банктык эмес финансы-
лык рынок, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит
чөйрөсүндөгү нормативдик укуктук актыларды, методикалык көрсөтмөлөрдү
иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жана окутууларды жүргүзүүгө ишке тартууга;
- Улуттук кызматтын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте окутуу борборун жана илимий изилдөөчү институт
түзүүгө.
4-глава. Улуттук кызматтын финансылык кызматтарды
сунуш кылуучу компаниялардын топторуна жана
холдинг компанияларга карата ыйгарым укуктары
8-статья. Финансылык кызматтарды сунуш кылуучу компаниялардын
топтору жана холдинг компаниялар
1. Эгер банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү укугуна лицен-
зия алууга арыздын ээсинде мурда банктык ишти же банктык эмес финансы-
лык рыноктогу башка ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар болсо, Улуттук кыз-
мат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана
учурларда арызды кароо башталганга чейин арыз ээсинен лицензия алуу
үчүн кайрылууга укугу бар жањы юридикалык жак түзүүнү талап кылууга
укуктуу. Жањы уюштурулган юридикалык жак мурдагы кайрылган арыз
берүүчү, ошондой эле жањы түзүлгөн юридикалык жак дагы холдинг компани-
янын туунду компаниялары болгон сыяктуу эле, холдинг компаниянын туунду
компаниясы болууга тийиш. Мында эгер арыз ээси банктык иш жүргүзсө, ан-
да Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу ме-
нен жогоруда айтылган талаптарды коюуга укуктуу.
2. Эгер банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү укугуна лицен-
зия алууга арыздын ээси банктык иш же банктык эмес финансылык рынокто
иш жүргүзүүгө лицензиясы (лицензиялары) бар башка компаниянын же компа-
ниялардын аффилирленген жагы болсо, анда Улуттук кызмат Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда арыз
берүүчүдөн жана анын аффилирленген компанияларынан арызды кароо баштал-
ганга чейин финансылык кызматтарды көрсөтүүчү, анын ичинен бирөө хол-
динг компания боло турган компаниялар тобун түзүүнү талап кылууга укук-
туу. Мында эгер арыз берүүчү банктык иш жүргүзсө же коммерциялык банк-
тын аффилирленген жагы болсо, Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын
улуттук банкынын макулдугу менен ушул пунктта көрсөтүлгөн талапты коюу-
га укуктуу.
3. Эгер ушул статьянын талаптарына ылайык компаниялар тобунун фи-
нансылык кызмат көрсөтүүчү холдинг компаниясы түзүлсө, анда мындай хол-
динг компанияны төмөнкүлөр көзөмөлдөөгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы - эгер компания финансылык
кызматтарды көрсөтүүчү тигил же бул компаниялар тобунун алкагындагы
коммерциялык банк болсо;
- башка бардык учурларда - Улуттук кызмат.
4. Улуттук кызмат банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү үчүн
лицензия алууга арыз берүүчүнүн документтерин кароодо ушул статьянын
алкагында холдинг компаниянын башкарылышын, уюштуруу документтерин, фи-
нансылык абалын жана холдинг компанияны жетектөөчү адамдардын ушул Мый-
замда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө
салуучу башка мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайыктыгын көњүлгө
ала алат.
5-глава. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
талаптарын сактоону жана ишке ашырууну
камсыздоо боюнча Улуттук кызматтын
ыйгарым укуктары
9-статья. Жөнгө салынуучу субъекттерди текшерүү жүргүзүүгө
ыйгарым укуктар
1. Улуттук кызмат төмөнкүдөй учурларда жөнгө салынуучу субъекттер-
ди текшерүү жүргүзүүгө укуктуу:
- ушул Мыйзамдын жана банктык эмес финансылык рынокту жана ауди-
тордук ишмердикти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамда-
рынын талаптарын көрсөтүлгөн жактар сакташын аныктоо максатында жөнгө
салынуучу субъектиге текшерүү жүргүзүү;
- ушул Мыйзамда жана банктык эмес финансылык рынокту жана аудитор-
дук ишмердикти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында
белгиленген талаптарды жөнгө салынуучу субъект сактабаганда жана/же
бузганда.
2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу максатында ушул статьяга ыла-
йык текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматкери
төмөнкүлөргө укуктуу:
- текшерүү жүргүзүү үчүн жумуш убагында жөнгө салынуучу субъекти-
нин жайына кирүүгө;
- жөнгө салынуучу субъектиден жүргүзүлүүчү текшерүүгө тиешеси бар
документтерди жана башка маалыматтарды талап кылууга;
- документтерден көчүрмөлөрдү алууга, аларды текшерүүгө, ошондой
эле зарыл учурларда жөнгө салынуучу субъекттен документтердин
көчүрмөлөрүнүн жана алардын выпискаларынын тууралыгын күбөлөндүрүүнү
талап кылууга;
- жөнгө салынуучу субъект текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон
көмөк көрсөтүшүн талап кылууга.
3. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматке-
ри текшерүү жүргүзүүнүн алкагында жөнгө салынуучу субъект төмөнкүлөргө
милдеттүү:
- текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматке-
рине текшерүү жүргүзүү үчүн керектүү документтерге жеткиликтүүлүгүн
камсыздоого;
- текшерүүчүнүн талабы боюнча текшерилүүчү маселелердин мааниси
боюнча зарыл материалдарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө.
4. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматке-
ри өзүнүн ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында текшерүү
жүргүзүү учурунда укук коргоо органдарына жардам үчүн кайрылууга жа-
на/же аудиторлорду кошо алганда тиешелүү эксперттерди ишке тартууга
укуктуу.
5. Улуттук кызмат текшерүү жүргүзүп жаткан жөнгө салынуучу субъект
текшерүүнүн бүткүл жүрүшүндө ага юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өзүнүн
эсебинен мыйзамдуу өкүлдү жана/же адвокатты ишке тартууга укуктуу.
6. Текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу Улуттук кызматтын кызматке-
ри текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча акты даярдоого милдеттүү. Зарыл
учурда аны Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин кароосуна берет.
10-статья. Жөнгө салынуучу субъекттерге карата Улуттук
кызматтын ыйгарым укуктары
1. Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда
контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруунун чектеринде
төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Улуттук кызмат тарабынан лицензиясы же башка уруксат берүү до-
кументи убактылуу токтотулган же кайра алынган кесипкөй катышуучуну
төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:
- лицензиясынын же башка уруксат берүү документтеринин убактылуу
токтотулгандыгы, кайра алып коюлгандыгы жөнүндө кардарларга кабарлоого;
- кесипкөй катышуучунун башкаруусунда турган жана кардарларга та-
андык акчаны жана/же башка мүлктү кардарларга кайтарып берүүгө;
- кардарлардын учурдагы тапшырмаларын же операцияларын аткарууга
же жоюуга же кардарлардын учурдагы тапшырмаларын же операцияларын Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же кардар менен болгон макулда-
шууда белгиленген учурларда жана тартипте башка кесипкөй катышуучунун
аткарышына өткөрүп берүүгө;
б) Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык
кесипкөй катышуучуну банкрот деп таануу жөнүндө талап менен коомдук кы-
зыкчылыктарды камсыздоо максатында сотко кайрылууга.
2. Улуттук кызмат баалуу кагаздарды чыгарууну жана жүгүртүүнү
жөнгө салуу боюнча функцияларды ишке ашыруунун чектеринде төмөнкүлөргө
укуктуу:
а) эмитент же мындай баалуу кагаздарды ачык сунуштоочу жак же
көрсөтүлгөн жактардын башкаруучу адамдары ушул Мыйзамды жана Кыргыз
Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка
мыйзамдарын бузган учурда баалуу кагаздарды чыгарууну же баалуу кагаз-
дарды ачык сунуштоону каттоону жоюуга;
б) эмитенттен же баалуу кагаздарды ачык сунуштоочу жактан проспек-
тиге өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнү же проспектини
төмөнкүдөй учурда каттоо үчүн кењири жањы маалымат менен алмаштырууну
талап кылууга:
- проспектиде ачып көрсөтүлүүгө тийиш болгон жањы олуттуу маалы-
маттын болушуна;
- проспектиде жалган же чаташууларга алып келүүчү маалыматтарды
аныктоону же проспектиде мындай олуттуу кемчиликтер болсо аларды маалы-
матта ачып көрсөтүүнү;
в) эмитенттен же баалуу кагаздарды ачык сунуштоочу жактан эгерде
баалуу кагаздарды чыгарууну же баалуу кагаздарды ачык сунуштоону каттоо
жоюлса, же болбосо эмитент же баалуу кагаздарды ачык сунуштоочу жак
ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык ры-
нокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык проспектиге өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизбесе же проспекттин ордун алмаштыруучу кењири
жањы маалымат бербесе инвесторго каражаттарды кайтарып берүүнү талап
кылууга;
г) мындай баалуу кагаздардын эмитенти жоюлгандыгынын натыйжасында
баалуу кагаздарды чыгарууну жана/же ачык сунуштоону жокко чыгарууга;
д) эгерде мындай баалуу кагаздарга ээлик кылуу ушул Мыйзамды же
Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу
башка мыйзамдарын бузуу болуп саналса, баалуу кагаздарга ээлик кылууну
токтотуу боюнча иштерди жасоону юридикалык же жеке жактардан талап кы-
лууга;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен баалуу кагаздар
аркылуу жасалган бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жөнүндө доо менен сот
органдарына кайрылууга.
6-глава. Улуттук кызматтын ишмердигин уюштуруу
11-статья. Улуттук кызматтын уюштуруу түзүмү
1. Улуттук кызматтын уюштуруу түзүмү төмөнкүлөрдөн турат:
- Аткаруучу кењешинен;
- Улуттук кызматтын борбордук аппаратынан;
- Улуттук кызматтын аймактык подразделениелеринен.
Улуттук кызматтын алдында ушул Мыйзамга ылайык талаш-тартыштарды
сотко чейинки жөнгө салуу боюнча Комиссия иштейт.
2. Улуттук кызматтын Аткаруу кењеши төмөнкүлөрдү кошо алганда жети
мүчөдөн турат:
- Улуттук кызматтын төрагасы - Аткаруу кењешинин төрагасы;
- Улуттук кызматтын төрагасынын орун басары - Аткаруу кењешинин
төрагасынын орун басары;
- аткаруучулук ыйгарым укуктарга ээ болбогон Аткаруу кењешинин эки
мүчөсүн кошо алганда Аткаруу кењешинин беш мүчөсү.
12-статья. Аткаруу кењешинин статусу жана ыйгарым укуктары
1. Аткаруу кењеши коллегиалдуу орган болуп саналат, ал банктык
эмес финансылык рынокту өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудит тарма-
гында Улуттук кызматтын стратегиясын жана саясатын аныктайт жана ага
ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн функци-
ялар менен ыйгарым укуктарды Улуттук кызматтын ишке ашырышын контрол-
дойт.
2. Аткаруу кењешинин компетенциясына төмөнкүдөй маселелерди чечүү
кирет:
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту
өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана аудитордук тармагында Улуттук кызмат-
тын стратегиясын жана саясатын бекитүү;
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту жөнгө са-
луу, бухгалтердик эсеп жана аудитордук ишмердик тармагында Улуттук кыз-
маттын ишмердигин координациялоо;
- Улуттук кызматтын алдындагы Эксперттик кењешти түзүү жана жоюу
жөнүндө чечим кабыл алуу, ошондой эле Эксперттик кењештин ишмердигин
жөнгө салуучу жобону бекитүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- өзүн-өзү уюштуруу ишмердигине уруксат берүү, убактылуу токтотуу
же уруксатты кайра алып коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- баалуу кагаздар эмитенттеринин, банктык эмес финансылык рыноктун
кесипкөй катышуучуларынын ишмердигин жана Улуттук кызмат жөнгө салуучу
башка ишмердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
- бухгалтердик эсептин жана аудиттин стандарттарын колдонуу метод-
дорун кошо алганда Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык ры-
нокту, бухгалтердик эсепти жана аудитти жөнгө салуучу нормативдик укук-
тук актыларды бекитүү;
- Улуттук кызматтын жөнгө салуучу айрым функцияларын анын аймактык
подразделениелерине өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- баалуу кагаздарды ачык сунуштоо шарттарын жана проспектини кат-
тоо, баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жүргүзүүгө карата Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында каралган талаптарды ишке ашырууну камсыздоо бо-
юнча Улуттук кызматтын ыйгарым укуктарын колдонуу жөнүндө чечим кабыл
алуу;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан тартип бузуулар аныкталса
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай жактарга карата
таасир этүү чараларын көрүү талап кылынса жана/же жөнгө салынуучу субъ-
екттердин ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыктарын укук коргоо органдарына
жиберүү же көрсөтүлгөн жактарга карата таасир этүүнүн тийиштүү чарала-
рын көрүү максатында сот органдарына доо менен кайрылуу зарыл болсо,
жөнгө салынуучу субъекттердин ишмердигин текшерүүнүн натыйжаларын ка-
роо.
Аткаруу кењеши ушул Мыйзамда жана Улуттук кызматтын нормативдик
укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте Улуттук кызмат-
тын ишмердигинин башка маселелери боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
13-статья. Аткаруу кењешинин заседаниелери
1. Аткаруу кењешинин заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок айына
бир жолудан кем эмес Улуттук кызматтын функциялары менен ыйгарым укук-
тарын ишке ашырууну камсыздоо максатында өткөрүлөт. Аткаруу кењешинин
заседаниесин Аткаруу кењешинин төрагасы алып барат, ал жок учурда бул
функцияларды анын орун басары аткарат.
2. Аткаруу кењешинин төрагасы ар кандай мезгилде өзүнүн демилгеси
боюнча Аткаруу кењешинин кезексиз заседаниесин чакыра алат жана Аткаруу
кењешинин башка үч мүчөсү кол койгон жазуу жүзүндөгү суроо-талапты ал-
ганда кезексиз заседание чакырууга милдеттүү.
3. Аткаруу кењеши кворум болсо чечим кабыл алууга укуктуу. Аткаруу
кењешинин заседаниесинин кворуму беш мүчөсүнөн турат, алардын бири Ат-
каруу кењешинин төрагасы же орун басары болууга тийиш.
4. Аткаруу кењеши тигил же бул маселелерди талкуулоодо өзүнүн за-
седаниесине ар кандай башка адамдарды чакырууга укуктуу. Бул учурда
мындай адамдар Аткаруу кењешинин заседаниесинде добуш берүү укугуна ээ
болбойт.
5. Аткаруу кењеши заседаниеге катышкан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүк
добушу менен чечим кабыл алат.
6. Аткаруу кењешинин заседаниесинде добуштар тењ болуп калган
учурда Аткаруу кењешинин заседаниесине төрагалык кылуучу добуш берген
чечим кабыл алынат.
14-статья. Улуттук кызматтын төрагасын, төраганын орун басарын
жана Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөлөрүн
дайындоо
1. Улуттук кызматтын төрагасы кызматка жети жылдык мөөнөт менен
ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайын-
далат жана бошотулат.
Улуттук кызматтын төрагасынын орун басары жана аткаруучулук ыйга-
рым укуктарга ээ болбогон Аткаруу кењешинин мүчөлөрүн кошпогондо Атка-
руу кењешинин башка мүчөлөрү кызматка беш жылдык мөөнөт менен Улуттук
кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти
тарабынан дайындалат жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан кызматтан бошотулат.
Аткаруучулук ыйгарым укуктарына ээ болбогон Аткаруу кењешинин
мүчөлөрү кызматка беш жылдык мөөнөт менен Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабы-
нан дайындалат жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Прези-
денти тарабынан кызматтан бошотулат.
2. Улуттук кызматтын төрагасы жана төраганын орун басары, ошондой
эле Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү экономикалык, финансылык маселелер
боюнча жана мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл, бухгалтердик эсеп,
финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансылык кызмат
көрсөтүү жана укук жагынан кесиптик тажрыйбасы бар адамдар болушу ке-
рек.
15-статья. Улуттук кызматтын төрагасын жана төраганын орун
басарын, Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин башка
мүчөлөрүн кызматтан өз каалоосу боюнча кетирүү жана
бошотуу
1. Улуттук кызматтын төрагасы, төраганын орун басары жана Аткаруу
кењешинин башка мүчөлөрү иштен өз каалоосу боюнча бошонушу мүмкүн. Өз
каалоосу боюнча иштен бошогондо Улуттук кызматтын төрагасы, төраганын
орун басары жана Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү болжолдонгон бошонуу
күнүнө чейин бир ай мурда аларды кызматтан бошотуп коюу жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Президентине арыз берүүгө тийиш.
2. Улуттук кызматтын төрагасы, төраганын орун басары жана Аткаруу
кењешинин башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
төмөнкүдөй учурларда кызматтан бошотулат:
- ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө;
- ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды туура эмес аткарганда;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген кылмыштык
жаза берүүчү жосундарды жасаганда;
- мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен тастыкта-
лып кызматтык милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда жана/же чет мам-
лекеттин жарандыгын алганда.
16-статья. Улуттук кызматтын статс-катчысы
Статс-катчы Улуттук кызматта жогорку администрациялык мамлекеттик
кызматты ээлеген мамлекеттик кызматчы болуп саналат.
Статс-катчынын кызматы укуктук статусу боюнча Улуттук кызматтын
төрагасынын биринчи орун басарынын кызматына тењештирилет.
Статс-катчыны ишке дайындоонун жана бошотуунун тартиби, ошондой
эле статс-катчынын ишмердигинин башка маселелери Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
17-статья. Бош кызмат орундарын ээлөө
Эгерде Улуттук кызматтын төрагасы, төраганын орун басары жана Ат-
каруу кењешинин башка мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин
иштен бошосо, Кыргыз Республикасынын Президенти отуз календардык күндүн
ичинде башка адамды бошогон кызматка дайындоого укуктуу. Мөөнөтүнөн
мурда бошогон кызматка дайындалган адам бул кызматта мөөнөтүнөн мурда
бошогон тийиштүү кызматтагы адамдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн
күнгө чейин болот.
18-статья. Улуттук кызматтын төрагасынын, төраганын орун басарынын
жана Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин башка
мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ачышы
1. Ишке дайындалган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде
Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары жана Ат-
каруу кењешинин башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасындагы же анын чегинен
сырткаркы ишкердиктеги, Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары
чыгарылган баалуу кагаздардагы кызмат милдеттеринин жана жеке кызыкчы-
лыктарынын ортосундагы таламдардын кагылышуусуна алып келиши мүмкүн
болгон жеке кызыкчылыктары тууралуу Аткаруу кењешине жазуу жүзүндө маа-
лымдоого милдеттүү.
2. Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары
жана Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү ушул статьянын 1-пунктунда
көрсөтүлгөн жеке кызыкчылыктарынын пайда болушуна же токтошуна жараша
бул тууралуу Аткаруу кењешине дароо маалымдоого милдеттүү.
3. Эгерде Аткаруу кењешинин заседаниесине катышкан Аткаруу кењеши-
нин мүчөсү Аткаруу кењеши кароочу маселелерге тике же кыйыр түрдө жеке
кызыкчылыгы болсо, ал бул тууралуу Аткаруу кењешине билдирүүгө мил-
деттүү жана мындай маселелер боюнча чечимдерди кароого жана/же кабыл
алууга катышпоого тийиш.
4. Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын орун басары
жана Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү эгерде каралуучу маселенин пред-
мети Улуттук кызматтын төрагасынын, статс-катчынын, төраганын орун ба-
сарынын, Аткаруу кењешинин мүчөсүнүн жакын тууганы же аффилирленген жа-
гы болуп саналса, Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчы, төраганын
орун басары, Аткаруу кењешинин мүчөсү же анын тууганы акциялардын
(үлүштөрдүн) ири пакетинин ээси болуп саналган юридикалык жак болсо,
ага карата болгон жеке кызыкчылыгын моюнга алышы керек.
19-статья. Улуттук кызматтын төрагасынын, төраганын орун басарынын
жана Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөлөрүнүн
ыйгарым укуктары
1. Улуттук кызматтын төрагасы Улуттук кызматка башчылык кылат жана
Улуттук кызматтын учурдагы башкаруу иштери үчүн жооп берет.
2. Улуттук кызматтын төрагасы:
- Улуттук кызматты күтүүгө каралган бюджеттин каражаттарын башкы
тескөөчүнүн жана алуучунун, ага жүктөлгөн функцияларды аткаруучунун иш
милдеттерин жүргүзөт;
- Улуттук кызматтын ишмердигин жетектейт;
- Улуттук кызматтын атынан расмий документтерге кол коет;
- Улуттук кызматтын атынан көрсөтмөлөрдү жиберет;
- Улуттук кызматтын жана Аткаруу кењешинин чечимдеринин аткарылы-
шын контролдойт;
- Улуттук кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу үчүн
санкцияларды салуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- Улуттук кызматтын төрагасынын орун басарына жана Аткаруу кењеши-
нин мүчөлөрүнө берилүүгө тийиш болгон функциялар менен милдеттердин
тизмесин бекитет;
- Улуттук кызматтын түзүмүн жана Улуттук кызматтын борбордук аппа-
ратынын кызмат орундарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин бекитүүсүнө киргизет;
- эмгекке акы төлөө фондунун жана анын белгиленген санынын чекте-
ринде Улуттук кызматтын аймактык подразделениелеринин кызмат орундары-
нын тизмесин бекитет;
- Эксперттик кењештин жеке курамын жана башка консультациялык
кењештердин курамын бекитет;
- Улуттук кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк подразделение-
лери жана аймактык подразделениелери жөнүндө жоболорду бекитет;
- Улуттук кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлерин ишке да-
йындайт жана иштен бошотот;
- Улуттук кызматтын атынан ишеним кат берет;
- Аткаруу кењешинин жактыруусу менен Улуттук кызматтын аймактык
подразделениелеринин жетекчилерин кызматка дайындайт жана андан бошо-
тот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-
типте колдоо көрсөтүү жана тартип жаза чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында
Улуттук кызматтын төрагасынын компетенциясына кирген маселелер, ошондой
эле Улуттук кызматтын ички уюштуруу иштеринин маселелери боюнча буйрук-
тарды чыгарат;
- Улуттук кызматтын мүлкүн жана каражатын Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык тескейт;
- тиешелүү түзүмдүк подразделенилердин жана Аткаруу кењешинин
тейлөөчү мүчөсүнүн сунушу боюнча аудитордун квалификациялык сертифика-
тын берүү жана кайра алып коюу (ажыратуу) жөнүндө чечим кабыл алат;
- тиешелүү түзүмдүк подразделениелердин жана Аткаруу кењешинин
тейлөөчү мүчөсүнүн сунушу боюнча банктык эмес финансылык рынокто жана
аудитордук ишмердикте иш жүргүзүү укугуна, анын ичинде Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык өзүн-өзү жөнгө салуучу уюм катарында лицен-
зияларды жана башка уруксат документтерин берүү, убактылуу токтотуу,
калыбына келтирүү жана кайра алып коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- ушул Мыйзамдын жоболорун жана банктык эмес финансылык рынокту,
Кыргыз Республикасынын аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мый-
замдарын бузгандыгы үчүн баалуу кагаздардын эмитенттерине, банктык эмес
финансылык рыноктун кесипкөй катышуучуларына жана алардын кызмат адам-
дарына айыптарды кошо алганда администрациялык жазаларды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
ишке ашырат.
3. Улуттук кызматтын төрагасы анын жетекчиси катары алардын функ-
цияларын ишке ашырууга жана милдеттерди Аткаруу кењешинин башка
мүчөлөрүнө жана Улуттук кызматтын кызматкерлерине бөлүштүрүп берүүгө
байланыштуу маселелер боюнча жеке өзү чечим кабыл алууга укуктуу.
4. Улуттук кызматтын төрагасынын орун басары:
- Улуттук кызматтын төрагасы жок учурда белгиленген тартипте анын
ордун алмаштырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же төраганын чечимине
ылайык анын милдетине кирүүчү маселелер боюнча Улуттук кызматтын
түзүмдүк подразделениелеринин жетекчилерине көрсөтмөлөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
ишке ашырат.
5. Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Улуттук кызматтын
төрагасынын чечимдеринде аныкталган ыйгарым укуктардын чектеринде Улут-
тук кызматтын структуралык подразделениелеринин жетекчилерине
көрсөтмөлөрдү берет;
- Аткаруу кењешине жазуу же оозеки түрүндө өзүнүн өзгөчө пикирин
же кошумча материалдарды киргизет, алар Аткаруу кењеши кароочу маселе-
лер боюнча Аткаруу кењешинин заседаниесинин протоколуна милдеттүү түрдө
киргизилүүгө тийиш;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Аткаруу кењешинин че-
чимдерине ылайык Кыргыз Республикасындагы банктык эмес финансылык ры-
нок, аудит, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук системасы боюнча
Улуттук кызматтын секторлорунун ишмердигин башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук кызматтын төра-
гасынын чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасында банктык эмес финансы-
лык рынокту, баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, бухгалтердик эсеп жана
аудит боюнча саясатты жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
ишке ашырат.
20-статья. Улуттук кызматтын кызматкерлери
1. Улуттук кызмат ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык Улуттук кызматтын функцияларын, ыйгарым укуктарын жана
милдеттерин аткаруу үчүн туруктуу, ошондой эле убактылуу негизде зарыл-
дыгына жараша кызматкерлерди ишке алууга укуктуу.
2. Эмгек акынын өлчөмүн кошо алганда кызматкерлерди ишке жалдоо
мөөнөттөрү жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
Улуттук кызмат тарабынан белгиленет.
3. Улуттук кызмат өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу
максатында кошумча төлөө менен көз карандысыз эксперттерди ишке тартуу-
га укуктуу.
21-статья. Улуттук кызматтын кызматкерлеринин ачыкка чыгарууга
тийиш болгон жеке кызыкчылыктары
1. Улуттук кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасында же анын
чегинен сырткаркы жерлердеги ишмердигинде, Кыргыз Республикасында же
анын чегинен сырткары чыгарылган баалуу кагаздардагы жана кызматтык
милдеттери менен жеке кызыкчылыктарынын ортосундагы таламдардын кагылы-
шуусуна алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылыктар тууралуу маалымат-
ты ачыкка чыгарууга тийиш. Улуттук кызматтын кызматкерлеринин жеке кы-
зыкчылыктары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиби жана
мөөнөтү боюнча талаптар Улуттук кызматтын төрагасынын чечими менен бел-
гиленет.
2. Улуттук кызматтын кызматкерлери алардын жеке кызыкчылыгы бар
маселелерди кароого катышууга жана/же корутунду берүүгө тийиш эмес.
22-статья. Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчысы, төраганын
орун басары, Аткаруу кењешинин мүчөлөрү жана Улуттук
кызматтын кызматкерлери тарабынан жашырындуулукту
сактоо
1. Улуттук кызматтын төрагасы, статс-катчысы, төраганын орун баса-
ры, Аткаруу кењешинин башка мүчөлөрү жана Улуттук кызматтын кызматкер-
лери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө ээ болгон жа-
на Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга чыгарууга болбой
турган маалыматтардын жашырындуулугун сактоого милдеттүү. Улуттук кыз-
маттын төрагасы, статс-катчысы, төраганын орун басары, Аткаруу кењеши-
нин башка мүчөлөрү жана Улуттук кызматтын кызматкерлери ушул Мыйзамда
жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда жана
тартипте Улуттук кызматтын функциялары менен ыйгарым укуктарын аткаруу
максатында көрсөтүлгөн маалыматты берүүгө укуктуу.
2. Улуттук кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
учурларда жана тартипте өзүнүн чечими менен төмөнкүлөргө жашырын маалы-
маттарды ачып берүүгө укуктуу:
- мамлекеттик органдарга;
- Улуттук кызмат менен жашырын маалыматтарды берүү жөнүндө ти-
йиштүү макулдашуу түзгөн, финансылык рынокту жөнгө салууну жана
көзөмөлдөөнү ишке ашырган чет өлкөлүк мамлекеттик органга;
- өндүрүшүндө турган кылмыш жана жарандык иштер боюнча сот орган-
дарына, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына.
7-глава. Улуттук кызматты каржылоо, алардын отчеттуулугу
жана жылдык отчету
23-статья. Каржылоо
1. Улуттук кызматтын ишмердигин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен
ишке ашырылат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана
тартипте Улуттук кызмат тарабынан алынуучу жыйымдардын жана
төлөмдөрдүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гранттардын, эл ара-
лык жана башка уюмдардын жардамдарынын, уюмдардын жана жеке адамдардын
ыктыярдуу взносторунун;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун
башка булактарынын.
2. Өнүктүрүүгө, материалдык жактан колдоого, стимулдоого жана со-
циалдык колдоого каражаттарды сарптоо Улуттук кызматтын төрагасы бекит-
кен атайын сметалардын негизинде жүргүзүлөт.
24-статья. Отчеттуулук жана аудит
1. Улуттук кызмат финансылык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
2. Улуттук кызматтын финансылык отчеттуулугу Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте текшерүүгө жатат.
25-статья. Улуттук кызматтын жылдык отчету
Улуттук кызмат жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-ап-
релинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине өз ишмердиги
жөнүндө отчет берип турат.
8-глава. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө
салуу саясатын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө ишмердигин
координациялоо боюнча комиссия
26-статья. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу
саясатын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө ишмердигин
координациялоо боюнча комиссия
1. Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү, жөнгө са-
луу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин координа-
циялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен
Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу саясатын иштеп
чыгуу жана көзөмөлдөө ишмердигин координациялоо боюнча комиссия (мындан
ары - Комиссия) түзүлөт.
2. Комиссия төмөнкүдөй үч мүчөдөн турат:
- Улуттук кызматтын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри.
Комиссиянын төрагасы Комиссия мүчөлөрүнүн арасынан Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти тарабынан дайындалат.
3. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берүүчү ве-
домстволор аралык коллегиалдуу орган болуп саналат. Комиссиянын аткару-
учу органы болуп Комиссиянын Секретариаты эсептелет, анын курамына
Улуттук кызматтын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Рес-
публикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү кирет. Комиссиянын Секре-
тариатынын ишмердигин каржылоо өкүлдөрү Комиссиянын Секретариатынын ку-
рамына кирген органдардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Комиссиянын Секретариаты Комиссиянын заседаниелерин уюштуруу жана
өткөрүү үчүн жооптуу.
4. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-
ган ыйгарым укуктардын чектеринде кабыл алынуучу Комиссиянын чечими же-
текчилери Комиссиянын курамына кирген мамлекеттик органдар тарабынан
аткарылууга тийиш.
5. Комиссиянын рекомендациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Прези-
денти ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кошумча убакты-
луу негизде Комиссия мүчөлүгүнө башка адамдарды дайындашы мүмкүн.
27-статья. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
1. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү, жөнгө салуу
жана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногундагы бухгалтердик эсеп,
аудит жана салык салуу боюнча нормативдик укуктук актыларды кошо алган-
да Кыргыз Республикасынын банктык жана банктык эмес финансы рынокторун
жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана шайкеш
келтирүү;
- финансылык рыноктун инфраструктураларын өркүндөтүү жана Кыргыз
Республикасынын финансылык рыногундагы финансылык инструменттерди
кењейтүү;
- экономикадагы соњку өзгөрүүлөрдүн таасирин эске алуу менен Кыр-
гыз Республикасынын финансылык рыногундагы маанилүү багыттар менен тен-
денцияларды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын финансылык рыногундагы
жањы маалыматтык жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган милдеттерди ишке ашыруу
максатында Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуучу жана
көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын ортосундагы иштерди координация-
лоо;
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун эл аралык жана регион-
дук финансы рынокторуна кыйла натыйжалуу интеграциялоо үчүн зарыл шарт-
тарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салууда бир-
диктүү мамилелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын
ортосунда маалымат алмашуу жана координациялоону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун реформалоо жана
өнүктүрүү максатында андагы мамлекеттик саясат боюнча сунуштарды иштеп
чыгуу;
- финансылык рынокту жөнгө салуу, аудитордук ишмердик, бухгалтер-
дик эсепти жүргүзүү жана финансылык рыноктун катышуучулары колдонуучу
финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча талаптарды өркүндөтүү жана шайкеш
келтирүү жагынан Кыргыз Республикасынын финансылык рыногундагы жөнгө
салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуучу мамле-
кеттик органдардын жөнгө салуучулук жана көзөмөлдөөчү функцияларын бол-
турбоонун натыйжасында келип чыгуучу жагдайларды чечүүгө көмөктөшүү;
- финансылык туруксуздуктун орун алган жана потенциалдуу учурлары-
на карата Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуучу мам-
лекеттик органдар колдонуучу жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча чара-
ларды координациялоо.
28-статья. Комиссиянын ыйгарым укуктары
Комиссия төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- Комиссия өз функцияларын аткаруу жана милдеттерди чечүү үчүн за-
рыл болгон тиешелүү маалыматтарды мамлекеттик башка органдардан, юриди-
калык жана жеке жактарга суроо-талап жиберүүгө жана алууга;
- Комиссияга жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу максатында минист-
рликтердин жана ведомстволордун, жеке сектордун өкүлдөрүнүн жана экс-
перттердин катышуусу менен комитеттерди жана жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү, жөнгө салуу
жана көзөмөлдөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен кызматта-
шуу аркылуу конференцияларды, семинарларды жана окуу сабактарын уюшту-
рууга жана өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүү маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды даярдоо-
го жана жиберүүгө.
29-статья. Комиссиянын иш регламенти
1. Комиссиянын иш регламенти ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республика-
сынын башка мыйзамдарына ылайык Комиссия тарабынан бекитилет.
2. Комиссия заседаниени зарылдыгына жараша, бирок ар бир эки айда
кеминде бир жолу өткөрүп турат. Комиссия анын бардык мүчөлөрү заседани-
еге катышкан шартта заседаниенин күн тартиби боюнча чечим кабыл алууга
укуктуу.
3. Комиссиянын чечими Комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын жалпы са-
нынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган
учурда Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.
4. Комиссиянын заседаниесинде заседаниенин протоколу жазылат, анда
чыгып сүйлөгөндөрдүн негизги жоболору, добушка коюлган маселелер, добуш
берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечим чагылдырылат. Комиссия-
нын заседаниесинин протоколуна Комиссиянын ар бир мүчөсү кол коюуга ти-
йиш.
5. Комиссия жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине отчет
берип турат.
9-глава. Улуттук кызматтын жана жөнгө салынуучу
субъекттердин ортосундагы талаш-тартыштарды
сотко чейинки жөнгө салуу
30-статья. Улуттук кызматтын жана жөнгө салынуучу субъекттердин
ортосундагы талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө
салууну ишке ашыруучу орган
Ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ыла-
йык жөнгө салынуучу субъекттерге карата Улуттук кызматтын чечимдерин
сотко чейин кайра кароо максатында Улуттук кызматтын алдында Талаш-тар-
тыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия иштейт.
31-статья. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча
комиссиянын курамы
1. Улуттук кызматтын Аткаруу кењешинин сунушу боюнча Улуттук кыз-
маттын төрагасы тарабынан дайындалуучу Талаш-тартыштарды сотко чейинки
жөнгө салуу боюнча комиссиянын төрагасын кошо алганда Талаш-тартыштарды
сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия беш мүчөдөн турат. Талаш-тар-
тыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын үч мүчөсү Улуттук
кызматтын Аткаруу кењешинин мүчөлөрүнүн арасынан дайындалат. Талаш-тар-
тыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын калган мүчөлөрү
экономикалык, финансылык маселелер жана/же финансылык рынокто мамлекет-
тик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, укук, бухгалтердик эсеп, финансылык
отчеттуулук жана аудит жагындагы маселелер боюнча кесиптик тажрыйбага
ээ адамдар болууга тийиш. Мында алар дайындалган учурда жана Талаш-тар-
тыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн функ-
цияларын ишке ашыруу мезгилинде Аткаруу кењешинин мүчөлөрүнүн жана
Улуттук кызматтын кызматкерлеринин кызматын ээлей алышпайт.
2. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын
төрагасы жана мүчөлөрү бир жылдык мөөнөткө дайындалат жана кызматка
кайрадан дайындалышы мүмкүн, бирок бул үч жолудан ашпоого тийиш.
3. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын
төрагасы жана мүчөлөрү ээлеген кызматынан Улуттук кызматтын төрагасы
тарабынан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:
- ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө;
- өз каалоосу боюнча;
- мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде
милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;
- өз милдеттерин аткарбаганда, анын ичинде үч айдын ичинде Та-
лаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын заседание-
лерине үч айдын ичинде бир нече жолу жүйөлүү себепсиз катышпаганда;
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмүндө белгиленген кылмыштык
жаза алуучу жосун жасаганда;
- өз милдеттерин так аткаруу жөндөмдүүлүгүнө кесепети тийүүчү кы-
зыкчылыктарынын жањжалы болсо.
32-статья. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча
комиссиянын ыйгарым укуктары
1. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия
төмөнкүлөргө тиешелүү Улуттук кызматтын чечимдерин кайра кароо жөнүндө
жөнгө салынуучу субъекттердин арыздарын кайра карап чыгуу жана чечим
кабыл алуу ыйгарым укуктарына ээ:
- Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рыноктогу ишмер-
дикти, аудитордук ишмердикти жүргүзүүгө кесипкөй катышуучуга лицензия
же башка уруксат документтерин берүүдөн баш тартууга;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын ишмердигине уруксат берүүдөн баш тар-
тууга;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
кесипкөй катышуучулардын өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдары катары ишмер-
диктин же лицензиялык ишмердиктин чектеринде шарттарды жана/же талап-
тарды сактоону камсыздоого өзүн-өзү жөнгө салуучу субъектиге көрсөтмө
берүүгө;
- ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыр-
гыз Республикасында банктык эмес финансылык рыноктогу ишмердикти жана
аудитордук ишмердикти жүргүзүүгө лицензияны же өзүн-өзү жөнгө салуучу
уюмдун ишмердигине уруксатты убактылуу токтотууга же кайра алып коюуга;
- өзүн-өзү жөнгө салуучу субъект болуп саналган юридикалык жактын
жетекчисинин ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтотууга же кызма-
тынан четтетүүгө;
- ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына
ылайык Улуттук кызматтын башка ыйгарым укуктарын ишке ашырууга.
2. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия
төмөнкүлөргө укуктуу:
- Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия ка-
был алганга чейин Улуттук кызматтын чечимдеринин аткарылышын убактылуу
токтотууга;
- жөнгө салынуучу субъектинин каралуучу арызына жана Улуттук кыз-
мат кабыл алган чечимге карата тиешеси бар документтерди жана материал-
дарды кароого;
- документтерди жана материалдарды алууга, кароого, кызыкдар та-
раптардын өтүнүч каттарын жана арыздарын угууга;
- Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын
заседаниесине Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комис-
сиянын регламентинде белгиленген тартипте Талаш-тартыштарды сотко че-
йинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын кароосу жана кабыл алуусу үчүн ма-
аниси бар маалыматтар жана жагдайлар белгилүү болгон адамдарды чакыруу-
га.
3. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия
жөнгө салынуучу субъекттин арызын кароого жана кароо мөөнөтүн узартуу
жөнүндө арыз ээси өтүнүч кылбаган учурлардан тышкары арыз келип
түшкөндөн 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алынган чечим
жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
4. Улуттук кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучу
субъекттин арызы каралгандан кийин Талаш-тартыштарды сотко чейинки
жөнгө салуу боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Улуттук кызмат өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кандайдыр
бир аракет көрүү зарылдыгына ылайык чечим кабыл алууга;
- Улуттук кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө жөнгө салынуучу
субъекттин арызын канааттандыруудан баш тартууга.
5. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия өз
ишмердигин Улуттук кызматтын Аткаруу кењеши бекиткен регламентке ылайык
ишке ашырат.
33-статья. Улуттук кызматтын чечимдерин кайра кароого жөнгө
салынуучу субъекттин арызы
1. Жөнгө салынуучу субъект Улуттук кызматтын чечимдерин кайра ка-
роо жөнүндө арызды Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча
комиссияга анын регламентинде белгиленген тартипте жөнгө салынуучу
субъектиге карата Улуттук кызмат чечим кабыл алган күндөн тартып 30 ка-
лендардык күндөн тартып кечиктирбестен жиберет.
2. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссия
Улуттук кызматтын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн жөнгө
салынуучу субъектиге белгиленген мөөнөттө чечимди кайра кароо жөнүндө
арыз берүүгө мүмкүн болбогон жүйөлүү себептер болгондугу жөнүндө
көрсөтүлгөн жак далилдерин берген учурда 30 календардык күндөн ашпаган
мөөнөткө узартып берүүгө укуктуу. Улуттук кызматтын чечимдерин кайра
кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн узартуу үчүн негиздердин тизмеси Та-
лаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча комиссиянын регламен-
тинде белгиленет.
10-глава. Корутунду жоболор
34-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн
жоопкерчилик
Бул Мыйзамды бузган жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-
ралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
35-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн ки-
йин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-
тирсин;
- бул Мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасы-
нын башка мыйзам актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө су-
нуштарды даярдасын жана киргизсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 9-апрелиндеги № 1098-IV ""Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 09.04.2009 · № 1098-IV
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелиндеги №267 ""Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 29.04.2009 · № 267 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелиндеги №267 ""Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча улуттук кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 29.04.2009 · № 267 · Күчүн жоготкон