# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 652 " Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берген тийиштүү түрдө жазуу жүзүндө таризделген уруксаты бар болгон учурда гана Евразиялык экономикалык шериктештиктин башка мүчө мамлекеттери тарабынан реэкспорту ишке ашырылышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 652 " Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берген тийиштүү түрдө жазуу жүзүндө таризделген уруксаты бар болгон учурда гана Евразиялык экономикалык шериктештиктин башка мүчө мамлекеттери тарабынан реэкспорту ишке ашырылышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 652
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13132/edition/361441/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 652 " Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берген тийиштүү түрдө жазуу жүзүндө таризделген уруксаты бар болгон учурда гана Евразиялык экономикалык шериктештиктин башка мүчө мамлекеттери тарабынан реэкспорту ишке ашырылышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө"токтому (29.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59583

---

КР Убактылуу Окмотунун

2010-жылдын 29-июлундагы №142 токтому менен

КУЧУН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-ноябры № 652

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берген

тийиштүү түрдө жазуу жүзүндө таризделген уруксаты бар

болгон учурда гана Евразиялык экономикалык шериктештиктин

башка мүчө мамлекеттери тарабынан реэкспорту ишке ашырылышы

мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан

товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө

1994-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Товарлардын

реэкспорту жана реэкспортко уруксаттарды берүү тартиби жөнүндө макулда-

шуунун (мындан ары - Макулдашуу) 1-статьясын, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-сентябрындагы N 584 "Бажы союзу жана Бирдиктүү

экономикалык мейкиндик жөнүндө 1999-жылдын 26-февралындагы Келишимге

катышуучу мамлекеттердин аймактарынан чыгуучу жана үчүнчү өлкөгө ташып

чыгарылуучу товарлардын реэкспортуна бажы контролу жөнүндө Протоколду

бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген, 2001-жылдын 22-майында

Москва шаарында кол коюлган, Бажы союзу жана Бирдиктүү экономикалык

мейкиндик жөнүндө 1999-жылдын 26-февралындагы Келишимге катышуучу мам-

лекеттердин аймактарынан чыгуучу жана үчүнчү өлкөгө ташып чыгарылуучу

товарлардын реэкспортуна бажы контролу жөнүндө Протоколдун 5-статьясын

(Интеграциялык Комитеттин 2001-жылдын 22-майындагы N 24 жыйынынын Про-

токолуна 14-тиркеме) ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берген тийиштүү

түрдө жазуу жүзүндө таризделген уруксаты бар учурда гана Евразиялык

экономикалык шериктештиктин башка мүчө мамлекеттери тарабынан реэкспор-

ту ишке ашырылышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан

товарлардын тиркелген тизмеси бекитилсин (мындан ары - Тизме).

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык эко-

номикалык шериктештиктин Интеграциялык Комитетинин Секретариатына кабыл

алынган чечим жөнүндө маалымдасын.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети белгиленген

тартипте Тизмеде келтирилген товарлардын реэкспортуна контролду ишке

ашырсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш календарлык

күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 27-ноябрындагы

№ 652 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы

берген тийиштүү түрдө жазуу жүзүндө таризделген

уруксаты бар болгон учурда гана Евразиялык

экономикалык шериктештиктин башка мүчө мамлекеттери

тарабынан реэкспорту ишке ашырылышы мүмкүн болгон

Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан товарлардын

ТИЗМЕСИ

| ТЭИ ТН | Товардын аталышы |
| --- | --- |
| коду |  |
| 2701 | Таш көмүр, брикеттер, тоголоктолгон көмүр жана таш |
|  | көмүрдөн алынган катуу отундун буга окшош түрлөрү |
| 4101 | Бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкы |
|  | түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген, түгү менен же |
|  | түгү жок, катталган же катталбаган терилер (жањы |
|  | сыйрылган же туздалган, кургатылган, күл менен |
|  | иштетилген, пикелденген же башка ыкма менен |
|  | консерваланган, бирок ийленбеген, пергамент кылып |
|  | иштетилбеген же андан ары иштетилбеген) |
| 4102 | Койлордун же козулардын ушул топтогу 1в эскертүү менен |
|  | алынып салынгандан тышкары иштетилбеген, түгү менен же |
|  | түгү жок, катталган же катталбаган терилери (жањы |
|  | сыйрылган же туздалган, кургатылган, күл менен |
|  | иштетилген, пикелденген же башка ыкма менен |
|  | консерваланган, бирок, ийленбеген, пергамент кылып |
|  | иштетилбеген же андан ары иштетилбеген) |
| 4103 | Ушул топко тийиштүү 1б же 1в эскертүүсү менен алынып |
|  | салынгандан башка иштетилбеген, түгү менен же түгү жок, |
|  | катталган же катталбаган терилер (жањы сыйрылган же |
|  | туздалган, кургатылган, күл менен иштетилген, пикелденген |
|  | же башка ыкма менен консерваланган, бирок, ийленбеген, |
|  | пергамент кылып иштетилбеген же андан ары иштетилбеген) |
| 5101 | Кардо- же тарап тытылбаган жүн |
| 5102 | Жаныбарлардын кардо- же тарап тытылган уяњ же кылчык жүнү |
| 5103 | Тытылган чийки затты кошпогондо, ийрилген таштандыларды |
|  | кошуу менен, жаныбарлардын жүнүнүн же уяњ же кылчык |
|  | жүнүнүн калдыктары |
| 5104 | Жаныбарлардын жүнүнүн же уяњ же кылчык жүнүнүн тытылган |
|  | чийки заты |
| 5105 | Жаныбарлардын кардо- же тарап тытылган жүнү жана уяњ же |
|  | кылчык жүнү (үзүндүлөрүндө тарап тытылган жүндү кошкондо) |
| 5106 | Чекене сатуу үчүн оролбогон, аппарат менен жүндөн |
|  | ийрилген жип |
| 7108 | Алтын (платинадан гальваникалык капталган алтынды |
|  | кошкондо) иштетилбеген же жартылай иштетилген же күкүм |
|  | түрүндө ("Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан |
|  | алтынды ташып чыгууну (экспорттоону) кошпогондо) |
| 7802 | Коргошун калдыктары жана сыныгы |
