Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берген тийиштүү түрдө жазуу жүзүндө таризделген уруксаты бар болгон учурда гана Евразиялык экономикалык шериктештиктин башка мүчө мамлекеттери тарабынан реэкспорту ишке ашырылышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-07-29.
КР Убактылуу Окмотунун
2010-жылдын 29-июлундагы №142 токтому менен
КУЧУН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 27-ноябры № 652
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берген
тийиштүү түрдө жазуу жүзүндө таризделген уруксаты бар
болгон учурда гана Евразиялык экономикалык шериктештиктин
башка мүчө мамлекеттери тарабынан реэкспорту ишке ашырылышы
мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан
товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө
1994-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Товарлардын
реэкспорту жана реэкспортко уруксаттарды берүү тартиби жөнүндө макулда-
шуунун (мындан ары - Макулдашуу) 1-статьясын, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-сентябрындагы N 584 "Бажы союзу жана Бирдиктүү
экономикалык мейкиндик жөнүндө 1999-жылдын 26-февралындагы Келишимге
катышуучу мамлекеттердин аймактарынан чыгуучу жана үчүнчү өлкөгө ташып
чыгарылуучу товарлардын реэкспортуна бажы контролу жөнүндө Протоколду
бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген, 2001-жылдын 22-майында
Москва шаарында кол коюлган, Бажы союзу жана Бирдиктүү экономикалык
мейкиндик жөнүндө 1999-жылдын 26-февралындагы Келишимге катышуучу мам-
лекеттердин аймактарынан чыгуучу жана үчүнчү өлкөгө ташып чыгарылуучу
товарлардын реэкспортуна бажы контролу жөнүндө Протоколдун 5-статьясын
(Интеграциялык Комитеттин 2001-жылдын 22-майындагы N 24 жыйынынын Про-
токолуна 14-тиркеме) ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берген тийиштүү
түрдө жазуу жүзүндө таризделген уруксаты бар учурда гана Евразиялык
экономикалык шериктештиктин башка мүчө мамлекеттери тарабынан реэкспор-
ту ишке ашырылышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан
товарлардын тиркелген тизмеси бекитилсин (мындан ары - Тизме).
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык эко-
номикалык шериктештиктин Интеграциялык Комитетинин Секретариатына кабыл
алынган чечим жөнүндө маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети белгиленген
тартипте Тизмеде келтирилген товарлардын реэкспортуна контролду ишке
ашырсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш календарлык
күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 27-ноябрындагы
№ 652 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы
берген тийиштүү түрдө жазуу жүзүндө таризделген
уруксаты бар болгон учурда гана Евразиялык
экономикалык шериктештиктин башка мүчө мамлекеттери
тарабынан реэкспорту ишке ашырылышы мүмкүн болгон
Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан товарлардын
ТИЗМЕСИ
| ТЭИ ТН | Товардын аталышы |
| коду | |
| 2701 | Таш көмүр, брикеттер, тоголоктолгон көмүр жана таш |
| көмүрдөн алынган катуу отундун буга окшош түрлөрү | |
| 4101 | Бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкы |
| түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген, түгү менен же | |
| түгү жок, катталган же катталбаган терилер (жањы | |
| сыйрылган же туздалган, кургатылган, күл менен | |
| иштетилген, пикелденген же башка ыкма менен | |
| консерваланган, бирок ийленбеген, пергамент кылып | |
| иштетилбеген же андан ары иштетилбеген) | |
| 4102 | Койлордун же козулардын ушул топтогу 1в эскертүү менен |
| алынып салынгандан тышкары иштетилбеген, түгү менен же | |
| түгү жок, катталган же катталбаган терилери (жањы | |
| сыйрылган же туздалган, кургатылган, күл менен | |
| иштетилген, пикелденген же башка ыкма менен | |
| консерваланган, бирок, ийленбеген, пергамент кылып | |
| иштетилбеген же андан ары иштетилбеген) | |
| 4103 | Ушул топко тийиштүү 1б же 1в эскертүүсү менен алынып |
| салынгандан башка иштетилбеген, түгү менен же түгү жок, | |
| катталган же катталбаган терилер (жањы сыйрылган же | |
| туздалган, кургатылган, күл менен иштетилген, пикелденген | |
| же башка ыкма менен консерваланган, бирок, ийленбеген, | |
| пергамент кылып иштетилбеген же андан ары иштетилбеген) | |
| 5101 | Кардо- же тарап тытылбаган жүн |
| 5102 | Жаныбарлардын кардо- же тарап тытылган уяњ же кылчык жүнү |
| 5103 | Тытылган чийки затты кошпогондо, ийрилген таштандыларды |
| кошуу менен, жаныбарлардын жүнүнүн же уяњ же кылчык | |
| жүнүнүн калдыктары | |
| 5104 | Жаныбарлардын жүнүнүн же уяњ же кылчык жүнүнүн тытылган |
| чийки заты | |
| 5105 | Жаныбарлардын кардо- же тарап тытылган жүнү жана уяњ же |
| кылчык жүнү (үзүндүлөрүндө тарап тытылган жүндү кошкондо) | |
| 5106 | Чекене сатуу үчүн оролбогон, аппарат менен жүндөн |
| ийрилген жип | |
| 7108 | Алтын (платинадан гальваникалык капталган алтынды |
| кошкондо) иштетилбеген же жартылай иштетилген же күкүм | |
| түрүндө ("Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан | |
| алтынды ташып чыгууну (экспорттоону) кошпогондо) | |
| 7802 | Коргошун калдыктары жана сыныгы |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2010 · № 142
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 25 сентября 2001 года №584 "Об утверждении Протокола о таможенном контроле за реэкспортом товаров, происходящих с территории…Постановление · 25.09.2001 · № 584
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №142 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2010 · № 142