# ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген) "Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө"жобосу

- Толук аталышы: ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген) "Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө"жобосу
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 651
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59582>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2466/edition/328720/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59582.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 651 токтому менен бекитилген) "Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө"жобосу (27.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59582

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 27-ноябрындагы

№ 651 токтому менен

бекитилген

Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн

рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүн-

дө", "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" жана "Мамлекеттик сатып

алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттик

жана башка керектөөлөр үчүн продукцияларды сатып алуу жана сатуу масе-

лелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына

ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,

мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, аткаруу

бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияла-

рынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл чарба про-

дукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун турукташтыруу үчүн

мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик товардык ин-

тервенцияларды ишке ашыруу боюнча өз ара иштешүүлөрүн жөнгө салат.

2. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун-

да интервенция жүргүзүүнүн негизги милдети болуп азык-түлүктүн ички жа-

на дүйнөлүк рынокторундагы жагдайды изилдөө жана талдоону эсепке алып,

аларды рынокко өз убагында чыгаруу жана бааларды турукташтыруу үчүн ич-

ки рыноктон алып салуу менен айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана

азык-түлүктүн керектүү резервин түзүү аркылуу тамак-аш азыктарына кара-

та баалардын чукул кымбатташы пайда болгон жагдайларды өз учурунда жөн-

гө салуу эсептелет.

3. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун

турукташтыруу боюнча чаралар төмөнкүлөрдү уюштуруу аркылуу жүргүзүлөт:

- мамлекеттик товардык интервенция, ал айыл чарба продукциясынын,

сырьёнун жана азык-түлүктүн рыногунда алардын тиешелүү түрлөрүнүн тар-

тыштыгы, ошондой эле айыл чарба продукциясына, сырьего жана азык-түлүк-

кө баалар кризистик кымбаттаган учурларда аларды мамлекеттик азык-түзүк

резервинен арзандатып сатуу жолу менен колдонулат;

- мамлекеттик сатып алуу интервенциялары, ал айылдык товар өндү-

рүүчүлөр өндүргөн айыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктү

аларга суроо-талаптын төмөн болгондуктан же ушул айыл чарба продукция-

сына, сырьего жана азык-түлүккө рыноктук баа өздүк наркынан төмөн бол-

гондуктан өздөрү сата алышпаган учурларда колдонулат.

Мамлекеттик сатып алуу интервенциясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик

орган тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн айыл чарба продукцияла-

рын, сырьену жана азык-түлүктү тиешелүү сатып алуу жолу менен жүргүзү-

лөт.

4. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун

турукташтыруу үчүн мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамле-

кеттик товардык интервенцияларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым

укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-

туу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамле-

кеттик агенттик эсептелет (мындан ары - Матрезерв агенттиги).

5. Матрезерв агенттиги Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуз-

дугу боюнча кењешинин секретариатына айыл чарба продукциясына, сырьего

жана азык-түлүккө мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамле-

кеттик товардык интервенцияларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жүргүзүл-

гөн иштер тууралуу керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте берет.

6. Мамлекеттик сатып алуу интервенциялары жана мамлекеттик товар-

дык интервенциялар төмөнкүдөй эсептерден каржыланат:

а) Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга карата республикалык бюд-

жетинде каралган каражаттардын чектеринде Матрезерв агенттигинин кара-

жаттарынан;

б) мамлекеттик резервге сактоого коюлуучу жана сатылуучу материал-

дык баалуулуктардын наркынын айырмасынан, бааны көтөрүүдөн жана интер-

венциялык операцияларды өткөрүүдөн түшкөн кирешелерден;

в) тартылган карыз финансылык каражаттардан, коммерциялык уюмдар-

дын каражаттарынан жана донор уюмдардын гуманитардык жардамынан;

г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу башка булактардан.

7. Матрезерв агенттигинин директору мамлекеттик сатып алуу интер-

венцияларын жана мамлекеттик товардык интервенцияларды жүргүзүү үчүн

республикалык бюджеттен бөлүнчү акча каражаттар натыйжалуу пайдаланылы-

шын камсыз кылат, алардын максатка ылайыктуу пайдаланылышы, ошондой эле

мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жүргүзүүнүн натыйжасында сатып

алынган айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоочу жерлерде сакталышы үчүн

жоопкерчиликте болот.

8. Мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик товар-

дык интервенцияларды өткөрүү үчүн айыл чарба продукциясынын, сырьенун

жана азык-түлүктүн тизмесин жана көлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргыз Респуб-

ликасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен биргеликте

жыл сайын аныктайт, аны Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу

боюнча кењеши карайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

9. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги:

- айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн ички жана

дүйнөлүк рыногунун конъюнктурасына мониторинг жүргүзөт;

- сертификацияланган маалымат даярдайт;

- айыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктү божомолдонгон

өндүрүү жана колдонуу баланстарынын негизинде региондор жана бүтүндөй

республика боюнча азык-түлүк рынокторунда ушул продукциянын ашыктыгынын

жана тартыштыгынын мүмкүн болуучу көлөмдөрүн аныктайт;

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрли-

ги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү номенклату-

ра боюнча мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик то-

вардык интервенцияларды жүргүзүүгө айыл чарба продукциясынын, сырьенун

жана азык-түлүктүн көлөмдөрүнүн саны боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

10. Мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик то-

вардык интервенцияларды жүргүзүүгө бааларды эсептөөдө республиканын ре-

гиондору боюнча айыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктү са-

тууга рыноктук баалардын жана импорттоолуучу продукциянын баасынын тү-

зүлгөн дењгээли эсепке алынат.

11. Рынокто интервенцияны уюштуруу үчүн айыл чарба продукциясын,

сырьёну жана азык-түлүктү сатып алуу жана сатуу баалары монополияга

каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашы-

шат.

12. Мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жүргүзүүдө рыноктук

баалардын олку-солкулугунун эсептик төмөнкү чеги болгон баалар колдону-

лат, ал эми мамлекеттик товардык интервенцияларды жүргүзүүдө рынокту

турукташтырууга мүмкүндүк берчү баалар колдонулат.

13. Номенклатура боюнча товардык интервенцияны жүргүзүү үчүн сак-

тоого коюлган, сактоо мөөнөтү бир жылдан аз болгон айыл чарба продукци-

ясын, сырьену жана азык-түлүктү жањылоо Матрезерв агенттиги тарабынан

өз алдынча ишке ашырылат жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењешине жана Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнө маалымдалат.

14. Азык-түлүк рыногунда товардык интервенция жүргүзүүнүн индика-

тору болуп кандайдыр бир убакыт ичинде ички рыноктогу баалардын өсүшү-

нүн көрсөткүчү, ошондой эле тийиштүү мезгилде дүйнөлүк азык-түлүк ры-

нокторунда ушул азыктарга баалардын өсүү көрсөткүчү эсептелет.

15. Сатып алуу интервенциясын өткөрүүнүн индикатору болуп айыл

чарба продукциясына, сырьего жана азык-түлүккө рыноктук баалардын айыл-

дык товар өндүрүүчүлөрдүн аларды өндүрүүгө кеткен чыгымдарын актабаган

минимум дењгээлге чейин төмөндөшүнүн тиешелүү көрсөткүчү эсептелет.

16. Ушул Жобонун 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн индикаторлор

Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењеши тарабынан

аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

17. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-

рлиги республиканын азык-түлүк рынокторундагы жана дүйнөлүк рыноктордо-

гу жагдайды контролдойт, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү-

нүн максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө опурталдарды жаратуучу жана

коркунучту пайда кылуучу факторлорду аныктайт, азык-түлүк рыногунда

кризистүү жагдай пайда болгондо Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк кооп-

суздугу боюнча кењешине азык-түлүк рынокторунда товардык жана сатып

алуу интервенцияларын жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизет.

18. Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кењеши

азык-түлүк рыногунда товардык жана сатып алуу интервенциясын жүргүзүү

мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн кароосуна жиберет.

19. Матрезерв агенттиги ушул продукцияны ички рынокто сатуу мүм-

күндүгү жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу

боюнча кењеши менен макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

буйругу боюнча интервенциялык азык-түлүк фондунун номенклатурасынан

айыл чарба продукциясын, сырьену жана азык-түлүктү экспортко чыгаруу

боюнча операцияларды жүргүзөт.

20. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитилген респуб-

ликалык бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу бо-

юнча кењешинин рекомендацияларына ылайык белгиленген тартипте мамлекет-

тик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик товардык интервенция-

ларды өз убагында каржылоону камсыз кылат.

21. Сатып алуу жана товардык интервенцияларды ишке ашырууга тар-

тылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетте-

ринин жана администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин

башка органдарынын жетекчилери берилген маалыматтын тууралыгы, өз уба-

гында аракет кылбагандыгы же аракетсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча интервенциялык

азык-түлүк фондунун ресурстары биринчи кезектеги тартипте калктын соци-

алдык аялуу катмарын айыл чарба продукциясы, сырье жана азык-түлүк ме-

нен камсыз кылуу үчүн багытталышы мүмкүн. Мындай учурларда калктын со-

циалдык аялуу катмарын даректик колдоо максатында Матрезерв агенттиги

көрсөтүлгөн азык-түлүктү Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу

боюнча кењешинин чечими менен, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соци-

алдык өнүгүү министрлигинин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган тиз-

меси боюнча бөлүштүрөт.

23. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн азык-түлүктөрдү калктын

социалдык аялуу катмарына бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бе-

киткен баалар боюнча ишке ашырылат жана Матрезерв агенттигинин аймактык

сактоо пункттары аркылуу жүргүзүлөт.

24. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн ички

рыногун турукташтыруу үчүн айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктү

калктын социалдык аялуудан башка катмарларына сатуу Матрезерв агентти-

гинин соода пункттары жана аймактык сактоо пункттары аркылуу, ушул Жо-

бонун 11 жана 13-пункттарына ылайык белгиленген баалар боюнча жүргүзү-

лөт.

25. Мамлекеттик сатып алуу интервенцияларын жана мамлекеттик то-

вардык интервенцияларды ишке ашырууда колдонулуучу айыл чарба продукци-

ясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн сапаты жана коопсуздугу аларга тие-

шелүү техникалык регламенттер, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык

ченемдер жана эрежелер, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулган

башка ченемдик укуктук актылар менен коюлуучу талаптарга ылайык келиши

керек.
