# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы №651 "Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы №651 "Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 651
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13131/edition/328719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы №651 "Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (27.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59581

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 27-ноябры № 651

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана

азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды

колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Мамле-

кеттик материалдык резерв жөнүндө" жана "Мамлекеттик сатып алуулар жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ички азык-түлүк рыно-

гунда кризистүү жагдайлар пайда болгондо Кыргыз Республикасынын

азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба продукциясына, сырьего

жана азык-түлүккө бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу

максатында мамлекеттик жана башка керектөөлөр үчүн продукция сатып алуу

жана сатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка нормативдик

укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун-

да интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын жер-

гиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча баш-

каруу органдары жогоруда аталган Жобону жетекчиликке жана кынтыксыз ат-

карууга алышсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жана экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
