Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 27-ноябры № 651
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана
азык-түлүктүн рыногунда интервенцияларды
колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө", "Мамле-
кеттик материалдык резерв жөнүндө" жана "Мамлекеттик сатып алуулар жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ички азык-түлүк рыно-
гунда кризистүү жагдайлар пайда болгондо Кыргыз Республикасынын
азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба продукциясына, сырьего
жана азык-түлүккө бааларды турукташтыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу
максатында мамлекеттик жана башка керектөөлөр үчүн продукция сатып алуу
жана сатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка нормативдик
укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногун-
да интервенцияларды колдонуу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын жер-
гиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдары жогоруда аталган Жобону жетекчиликке жана кынтыксыз ат-
карууга алышсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жана экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөл-
сүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон