Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 26-ноябры № 647
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору тууралуу
Маданият чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жак-
тырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри аталган
мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Маданият жөнүндө
Бул Мыйзам маданият жаатындагы ишмердикти өнүктүрүүнүн укуктук,
экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, чыгар-
мачылыктын эркиндигин камсыз кылуу, маданият жагындагы кесиптик жана
ышкыбоздук маданий ишмердикти өнүктүрүү жана колдоо максатында маданий
байлыктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү коом-
дук мамилелерди жөнгө салат.
I бап
Жалпы жоболор
1-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Маданият - адамзат тарабынан түзүлгөн жана коомдун өнүгүшүнүн кан-
дайдыр бир дењгээлин мүнөздөгөн материалдык жана рухий баалуулуктардын
жыйындысы.
Искусство - адабиятты, архитектураны, скульптураны, сүрөтчүлүктү,
графиканы, декоративдик-колдонмо искусствону, музыканы, бийди, театрды,
кинону жана башка адамзат ишмердигинин түрлөрүн камтыган, тиричиликтин
формасын көркөм-образдуу чагылдырып бириктирген көркөм чыгармачылык.
Маданият жаатындагы ишмердик - маданий байлыктарды сактоо, түзүү,
жайылтуу жана маданий жыргалчылыктарды пайдаланууга багытталган ишмер-
дик.
Маданий баалуулуктар - адептүүлүк жана эстетикалык идеалдар,
жүрүм-турумдук нормалары менен үлгүлөрү, тил менен диалектилер, улуттук
каада-салттар жана үрп-адаттар, тарыхий топонимдер, фольклор, көркөм
өнөр жана кол өнөрчүлүк, адабият жана искусствонун, элдик көркөм
өнөрдүн чыгармалары, тарыхий-маданий мааниси бар имараттар, курулмалар,
буюмдар жана технологиялар, тарыхий-маданий жагынан алганда сейрек учу-
роочу аймактар жана объектилер, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары жана
методдору.
Маданий жыргалчылык - жарандар менен жалпы коомчулуктун көркөм-эс-
тетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган товарлар жана
кызмат көрсөтүүлөр.
Маданий дењгээл - адамзат тарабынан иштелип чыккан маданияттын
нормалары менен байлыктарын өздөштүрүүдөгү иш-аракеттердин натыйжасында
жетишкен жеке инсандын, социалдык топтун, улуттук жана мамлекеттик жал-
пылыктардын, цивилизациялардын, жалпы коомчулуктун өнүгүү дењгээли.
Чыгармачыл кызматкер - маданий байлыктарды түзгөн же чечмелеген,
өзүнүн чыгармачылыгын өмүрүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары эсептеген,
чыгармачыл кызматчы катары таанылган же таанылышын талап кылган жеке
адам.
Маданият кызматкери - өзүнүн кесиптик ишмердигин маданият жана ис-
кусство мекемелеринде жүргүзгөн жеке адам.
Кыргызстандын элинин маданий мурастары - элдин улуттук-маданий өз
алдынчалыгын, анын дүйнөлүк цивилизацияга салымын сактоо жана өнүктүрүү
үчүн мааниси бар материалдык жана материалдык эмес байлыктар.
Маданий мурастардын өзгөчө маанилүү объекттери - тарыхый-маданий
жана жаратылыш комплекстери, архитектуралык ансамблдер жана курулмалар,
маданият уюмдары, ошондой эле тарых, археология, маданият, архитектура,
илим жана искусство көз карандыгынан алганда эталондук же уникалдык
мүнөздөгү материалдык, интеллектуалдык көркөм баалуулуктагы башка объ-
екттер.
Фольклор - Кыргызстандын калкынын же анын айрым индивидуумдары та-
рабынан маданий салттарга негизделип түзүлгөн жана сакталып келген
салттуу баалуулуктарды, дүйнө таанымды, Кыргызстандын маданий мураста-
рынын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн, анын маданий жана социалдык өз алдынча-
лыгын чагылдырган чыгармалардын жыйындысы.
Элдик көркөм кол өнөрчүлүк - фольклордук көркөм буюмдарды жасап
чыгаруу, элдик көркөм чыгармачылыктын түрлөрүнүн бири.
Тарых жана маданият эстеликтери - маданий байлыктардын объектиле-
ри: калктын жашоосундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин
өнүгүүсүнө, материалдык жана рухий чыгармачылыкка байланышкан, тарыхый,
илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктарды камтыган курулмалар, эс-
телик жайлар жана буюмзаттар.
Өнүгүү программаларынын маданий аспектилери - социалдык-экономика-
лык, илимий-техникалык жана башка өнүгүү программаларын ишке ашыруунун
натыйжаларынын маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө тийгизген таасири-
нин келечеги, ошондой эле маданияттын өзүнүн ошол натыйжаларга тийгиз-
ген таасири.
Маданият жаатындагы мамлекеттик саясат - коомдун өнүгүшү үчүн ма-
даний баалуулуктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу боюнча
мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн максаттардын, принциптердин, нормалардын
жана иш чаралардын топтому.
Маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым
укуктуу орган) - маданият тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыру-
учу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы.
Маданият уюму (мекемеси) - уюштуруу-укуктук формасына карабастан
ишмердигинин негизги түрү болуп маданий баалуулуктарды түзүү, сактоо,
өздөштүрүү, жайылтуу жана сактоо, маданий мурастарды элге тартуулоо бо-
луп эсептелген юридикалык жак.
Чыгармачылык бирлик - жекече мүчөлүктүн негизинде түзүлгөн мадани-
яттын бир, же бир нече жанрындагы кесипкөй маданият ишмерлеринин коом-
дук бирикмеси.
2-статья. Маданият жөнүндө мыйзамдар
Маданият тармагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укук ак-
тылары, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген мыйзамда белги-
ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
Бул Мыйзам маданият жаатындагы төмөндөгү тармактардын ишмердигин
жөнгө салат:
- Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый-маданий мурастарын;
- көркөм адабият, кинематография, көркөм-сүрөт, сахна, музыка жана
цирк искусствосу, архитектура жана дизайн, фотоискусство, искусствонун
башка түрлөрү жана жанрларын;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жана фольклорду;
- өздүк (ышкыбоздук) көркөм чыгармачылыкты;
- музей иштерин жана коллекция чогултууну;
- китепкана, архив иштерин;
- телекөрсөтүү, радио жана башка маданий баалуулуктарды түзүүчү
жана жайылтуучу аудиовизуалдык каражаттарды;
- эстетикалык тарбия берүү жана көркөм билимди;
- эл аралык маданий алмашууларды;
- чыгармачыл жамааттардын кыдырууларын (гастролдорун) өткөрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, маданий
баалуулуктарды түзүү, сактоо, жайылтуу жана пайдаланууга багытталган
башка ишмердиктерди.
3-статья. Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери
Маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери бо-
луп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргызстан элинин руханий өнүгүшүнүн, адептүү тарбиясынын негиз
салуучу факторлорунун бири катары маданияттын таанылышы;
- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү;
- дүйнөлүк мейкиндикте улуттук маданияттын бүтүндүгүн сактоо жана
түрдүү маданиятта анын жетишкендиктерин байытуу;
- чыгармачыл ишмердиктин эркиндиги;
- маданий баалуулуктарды түзүүдө, пайдаланууда жана жайылтууда жа-
рандардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлиги;
- маданият жаатында башка өлкөлөр жана элдер менен кызматташуу
үчүн укуктук негиздерди түзүү;
- маданиятты өнүктүрүүдө мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды
айкалыштыруу;
- маданиятты жана искусствону мамлекеттик колдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгар-
мачылык бирликтерге жана башка коомдук бирикмелерге биригүү эркиндиги.
4-статья. Бул Мыйзамдын негизги милдеттери
Бул Мыйзамдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын маданий дөөлөттөргө жетишине
карата конституциялык укуктарын камсыз кылуу жана коргоо;
- элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жана фольклорду сактоо, кайра жара-
туу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- инсандын руханий жана маданий өнүгүшүнө жана жарандарды эстети-
калык жактан тарбиялоого көмөктөшүүчү шарттарды түзүү;
- маданият жана искусство кызматкерлеринин укуктарын жана мыйзам-
дуу таламдарын коргоо;
- маданият жаатында эл аралык кењири кызматташууларга шарттарды
түзүү;
- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо;
- маданият жана искусство мекемелерине мамлекеттик колдоо
көрсөтүү.
II бап
Жарандардын маданий ишмердик жаатындагы
укуктары жана милдеттери
5-статья. Маданий баалуулуктарга аралашуу укугу
Кыргыз Республикасында жарандар маданият баалуулуктарына жетүүгө,
мамлекеттик китепканалардан, музейлерден, архивдик фонддордон ж.б. бар-
дык маданият жагындагы жыйнактардан пайдалануу укугуна ээ.
Маданият баалуулуктарын пайдалануунун чектелиши жашырындуулук же
өзгөчө режимдин себебинен алардан пайдаланууга чек коюу жагы Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.
6-статья. Маданият жаатында ишмердикке укук
Кыргыз Республикасында маданий ишмердикке эркиндик, боюнча ар кан-
дай мектептерди жана багыттарды өнүктүрүү кепилдикке алынат.
Кыргыз Республикасынын жарандары улутуна жана социалдык тегине,
жынысына, саясий, диний жана башка ишенимине, жашаган жерине, мүлктүк
абалына, билимине, кесибине же башка шарттарына карабастан маданият жа-
гында ишмердик жүргүзүүгө укуктуу.
Маданий ишмердик жагында жарандардын милдеттери:
- маданий мурастарды, элдик салттарды сактоо жөнүндө кам көрүү;
- тарых жана маданият эстеликтерин сактоого көмөк көрсөтүү;
- ата-мекендик жана дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарына аралашты-
руу жолу менен балдарга жана жаштарга эстетикалык тарбия берүү үчүн кам
көрүү;
- кыргыздардын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка улут
өкүлдөрүнүн тилин, маданиятын, салттары менен үрп-адаттарын урматтоо.
7-статья. Маданият жаатында менчикке укук
Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишмердигинин
натыйжалары боюнча автордук укукка ээ.
Тарыхий-маданий мааниси бар буюмзаттар: коллекциялар жана жыйнак-
тар, элдик өнөр чеберлеринин чыгармалары, тарыхий-маданий курулмалар
жана имараттар, эл турмушундагы тарыхий окуяларга байланышкан эстелик
жайлар жана илимий-көркөм маданий кенчтери Кыргыз Республикасынын эли-
нин жалпы байлыгы болуп эсептелет; алардын укуктук статусу Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Тарыхий-маданий мааниге ээ маданий баалуулуктарды сатып алуунун,
ээлик кылуунун, пайдалануунун жана аларды тескөөнүн шарттары Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
8-статья. Чыгармачылык укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн кызыгуусуна жана
жөндөмдүүлүгүнө ылайык ишке ашыруунун формаларын жана ыкмаларын өз ал-
дынча тандоо жолу менен көркөм чыгармачылык жүргүзүү, билим берүү
жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гуманитардык жана
көркөм билим алуу укугуна ээ.
Мамлекет жарандарын алардын чыгармачылык ишине ар кандай кийли-
гишүүлөрдөн коргойт.
9-статья. Чыгармачылык ишмердиктин натыйжаларын ишке ашыруу укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишмердигинин
жыйынтыктарын басып чыгаруу, эскпонаттоо, кайра чыгаруу жана жалпы элге
берүүнүн башка формалары ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө
укуктуу.
Согушту, зордук-зомбулукту, расалык, улутчулдук, диний касташууну,
порнографияны пропагандалоого багытталган маданий ишмердиктин жыйынтык-
тарын ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салат.
10-статья. Чыгармачыл ишмердиктин жыйынтыктарын чет мамлекетке
алып чыгуу укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн чыгармачылык ишмердигинин
жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
чет өлкөгө алып чыгууга укуктуу.
11-статья. Кыргыз Республикасында жашаган элдердин маданий-улуттук
өзүнчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү укугу
Маалымат Кыргыз Республикасында жашаган бардык улуттардын маданий
өзүнчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, маданий байлык-
тарды түзүүнүн жалпы процессине алардын аралашуусуна көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын бардык улуттагы жарандары маданий борбор-
лорду жана уюмдарды түзүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасында жашаган бир элдин маданий ишмердикке укук-
тарын ишке ашыруу башкаларга залал келтирбеши керек.
12-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын
маданият жаатында ишмердикке укугу
Чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасына келген жарандыгы
жок адамдар белгиленген тартипте маданият жаатында ишмердикке Кыргыз
Республикасынын жарандары менен бирдей укукка ээ.
13-статья. Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин маданий-улуттук өз
алдынчалыгын сактоого жана өнүктүрүүгө укугу
Мамлекет республикадан сырткаркы жерлерде кыргыз улутунун
өкүлдөрүнүн руханий жана маданий таламдарын канааттандыруу максатында
түзүлгөн маданий-улуттук коомдордун, жердештиктердин, борборлордун,
окуу жана башка уюмдар менен мекемелердин өнүгүшүн колдоого көмөк
көрсөтүүнү кепилдикке алат.
III бап
Маданият жаатында мамлекеттик колдоо
14-статья. Маданият жаатындагы мамлекеттин милдеттери
Мамлекет төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасында улуттук маданияттарды кайра жаратууга,
сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга;
- маданият жана искусствонун билим берүү мекемелер системасын
өнүктүрүүнү колдоого;
- адабият жана искусствонун чыгармаларын түзүүгө жана аларды жа-
йылтууга;
- ата мекендик жана дүйнөлүк искусствонун классикалык чыгармаларын
жайылтууга;
- маданият тармагында ишмердикти өнүктүрүүгө;
- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоого;
- маданият тармагында Кыргыз Республикасынын конституциялык
түзүлүшүн, бүтүндүгүн күч менен өзгөртүүгө пропагандалык жана агитация-
лык иштерди жүргүзүүгө, мамлекеттин коопсуздугун бузууга, согуш отун
тутандырууга, социалдык, расалык, улуттук, диний, уруучулдук артыкчы-
лыктарга, ошондой эле катаалчылык жана зордук-зомбулук кылууга жол бер-
бей турган чараларды көрүүгө.
15-статья. Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын компетенциясы
Маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетен-
циясына төмөндөгүлөр кирет:
- маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик саясатты калып-
тандыруу жана жүзөгө ашыруу;
- искусствону жана маданиятты өнүктүрүүнүн социалдык, уюшту-
руу-укуктук жана экономикалык системасын өркүндөтүү;
- маданият жана искусство жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү;
- жарандардын улуттук жана дүйнөлүк маданий мурастарга аралашуусу
үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- маданий баалуулуктарды алып чыгуу жана алып кирүү маселелерин
жөнгө салуу;
- маданият жаатындагы кайрымдуулукту, меценаттыкты жана
демөөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- таланттуу жана шыктуу адамдардын чыгармачылык жактан өсүшүнө
шарт түзүү;
- маданият жагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана илимий
долбоорлорду иштеп чыгууну жүргүзүү;
- маданият жана искусство чөйрөсүндө квалификациялуу кадрларды да-
ярдоо;
- Кыргызстан элинин маданий мурастарын сактоо жана көбөйтүү;
- маданият жана искусство жаатындагы сињирген эмгеги үчүн мамле-
кеттик сыйлыктарды уюштуруу;
- маданият жана искусство чөйрөсүн маалыматтык камсыздоонун бир-
диктүү мамлекеттик маалымат тутумун түзүү;
- маданият жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткары-
лышын контролдоо;
- маданият тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды жана
кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүгө шарттарды түзүү;
- маданият жана искусство уюмдарын түзүү жана өнүктүрүү;
- республиканын мамлекеттик маданий уюмдарынын ишмердигин коорди-
нациялоо;
- маданият маселелери боюнча менчик формасына карабастан чыгарма-
чыл бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара мамиле түзүү;
- Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган мекендештер менен
маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
16-статья. Социалдык-чыгармачылык заказдар
Чыгармачыл процесске өбөлгө түзүү үчүн маданий ишмердүүлүк жаатын-
да ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жана жеке жактар үчүн
искусствонун жањы чыгармаларын жаратууга (театр, музыка, хореография,
көркөм сүрөт, монументалдык декоративдик-колдонмо, кино, архитектура,
адабият, концерттик программалар жана башкалар) максаттуу чыгармачыл
заказдарды (анын ичинде конкурстук негизде) берүүгө жана маданий жактан
кызмат көрсөтүүгө укуктуу.
IV бап
Кыргызстан элинин маданий мурастары
17-статья. Кыргызстан элинин маданий мурастарынын объекттерин
мамлекеттик коргоо
Кыргызстан элинин маданий мурастарын коргоону, сактоону жана
көбөйтүүнү мамлекет кепилдикке алат.
Кыргызстан элинин маданий мурастарынын өзгөчө баалуу объектилери
мамлекеттик кайтарууда турат.
Маданий мурастардын өзгөчө баалуу объекттерине ээлик кылуу, пайда-
лануу, бөлүштүрүү, бул объектилердин тизмеси, ошондой эле аларды кайта-
руу жана пайдалануу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген.
18-статья. Китепкана, музей, архив жана башка фонддор
Китепкана, музей, архив, кино-фото жана башка ушул сыяктуу фонд-
дордун (ресурстардын) бүтүндүгү, сакталышы жана өнүктүрүлүшү мамлекет
тарабынан камсыз кылынат.
Алардын ишмердигин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
менен жүзөгө ашырылат.
19-статья. Маданий баалуулуктарды кайтарып алуу
Кыргыз Республикасынын аймагынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен мада-
ний баалуулуктарды кайтарып алуу боюнча максаттуу саясат жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылган же Кыргыз Республикасы
жана анын жарандары тарабынан мыйзамдуу түрдө сатылып алынган бардык
материалдык маданий баалуулуктар Кыргызстан элинин улуттук маданий кен-
чи болуп эсептелет.
Кыргызстан элинин маданий кенчи болуп эсептелген, чет өлкөгө мый-
замсыз алынып кеткен бардык маданий байлыктар, качан алынып кеткен жаг-
дайларына жана алардын кайсы жерде сакталып тургандыгына карабастан
кайра кайтарылууга жатат.
Маданий баалуулуктардын объекттерин Кыргыз Республикасынын аймагы-
на алып кирүү жана анын чегинен сырткары алып чыгуу Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
20-статья. Тарых жана маданият эстеликтери
Кыргыз Республикасынын аймагындагы тарых жана маданият эстеликтери
Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын объекттери болуп саналат.
Тарыхий-маданий мурастардын объектилерин реставрациялоо, консерва-
циялоо, регенерациялоо жана ремонттоо, ошондой эле алардын статусун
өзгөртүү маданий ишмердикти коргоо жана колдоо чөйрөсүндө атайын ыйга-
рым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча гана ишке ашырылат.
21-статья. Фольклор жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк
Кыргызстан элинин маданиятынын салттуу көрүнүшү катары фольклор
жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк Кыргызстандын тарыхий-маданий мурасы
болуп эсептелет.
Мамлекет фольклор жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү кандайдыр бир
мыйзамсыз колдонуудан сактоого кепилдик берет, анын кайра жаралуусуна,
пайдаланылышына жана жайылтылышына көмөк көрсөтөт.
V бап
Искусство жана маданият чыгармаларын
жайылтуу жана дањазалоо
22-статья. Искусство жана маданият чыгармаларын жайылтуу эркиндиги
Маданият жагындагы ишмердик жүргүзгөн бардык субъекттер чыгармачы-
лык программаларды аныктоодо жана репертуарларды тандоодо эркин болу-
шат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарды жана та-
лаптарды сактаган шартта алар ар түрдүү жанрдагы, формадагы жана стил-
деги чыгармаларды жайылтууга жана пайдаланууга укуктуу.
23-статья. Театралдык оюн-зоок мекемелери
Мамлекет бардык театралдык оюн-зоок мекемелерине (драмалык, музы-
калык, музыкалык-драмалык, жаштар, куурчак театрлары, концерттик уюм-
дар, филармониялар, цирк ж.б.) бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү
түзөт.
Театралдык оюн-зоок мекемелеринин ишмердигине байланышкан коомдук
мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
24-статья. Чыгармачыл уюмдардын жана аткаруучулардын гастролдору
Чыгармачыл жамааттардын жана жеке чыгармачыл кызматкерлердин гаст-
ролдорду өткөрүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тар-
типте келишимдердин (контракттардын) негизинде ишке ашырылат.
25-статья. Музейлер
Музейлер Кыргыз Республикасынын улуттук маданий мурасынын өзгөчө
баалуу фонддорун сактоочу жайлар болуп саналат жана республикадагы му-
зей иштери боюнча илимий, маданий-агартуу жана методикалык борборлордун
ролун аткарышат.
Улуттук маданий мурастардын буюмзаттары жана объекттери мамлекет-
тик музейдик фонддон сактоо, пайдалануу жана экспонаттоо үчүн жеке
адамдарга, музейдин статусу жок уюмдарга жана мекемелерге берилбейт.
Музейлердин, тарыхый-маданий жана археологиялык коруктардын укук-
тук статусу жана ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен
аныкталат.
26-статья. Китепканалар
Китепканалар жарандардын маалыматтык-китепканалык ресурстарга эр-
кин пайдалануусун камсыздайт.
Китепканалардын ишмердүүлүгү менен байланышкан мамилелер Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
27-статья. Маданий-эс алуу мекемелери (клубдар)
Маданий-эс алуу мекемелери (клубдар) көркөм жана интеллектуалдык
жөндөмдүүлүк менен шыктуулугун көрсөтүп, аларды өнүктүрүүнү каалаган-
дардын бардыгынын өздүк көркөм ишмердик чыгармачылыктарын өстүрүү үчүн
ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында иштешет.
28-статья. Көркөм көргөзмөлөр
Кыргыз Республикасында өз алдынча жана кесипкөй авторлордун көркөм
көргөзмөлөрүн өткөрүүгө зарыл шарттар түзүлөт.
Музей фонддорунун көргөзмөлөрүн эске албаганда, ачык аянтчаларда
(көчөлөрдө, гүлзарларда ж.б. жерлерде) көргөзмөлөрдү өткөрүү тартиби
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жөнгө салынат, алар
коопсуздук тартиптерине жооп берген шарттарда гана өткөрүлөт.
Бардык коммерциялык көргөзмөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында каралган келишимдердин негизинде өткөрүлөт.
29-статья. Маданияттын билим берүү уюмдары
Маданияттын билим берүү уюмдарына жогорку, кесиптик билим берүүчү
орто окуу жайлар, балдардын музыкалык, көркөм, искусство мектептери,
студиялар кирет.
Маданият окуу жайлары мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик
түрүндө болушу мүмкүн.
Маданияттын жана искусствонун билим берүү мекемелеринин иштөө тар-
тиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
30-статья. Кинематография мекемелери
Кинематография Кыргыз Республикасында маданияттын жана искусство-
нун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Мамлекет кинематографияны бирдиктүү бир система катары коргоого
жана өнүктүрүүгө кепилдик берет, ал киновидеофильмдерди өндүрүүнү, про-
катты жана көрсөтүүнү камтыйт.
Кинематографияны коргоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин ишмерди-
гинин негизги багыттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкта-
лат.
VI бап
Маданият жаатындагы ишмердикти экономикалык
жактан жөнгө салуу
31-статья. Маданият уюмдарын түзүүнүн, кайра уюштуруунун
жана жоюунун шарттары жана тартиби
Кыргыз Республикасында менчиктин бардык түрүндөгү маданият уюмдары
түзүлүшү мүмкүн.
Маданият уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана аларды жоюу тартиби
жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
32-статья. Маданият объекттерин менчиктештирүү
Мамлекеттин менчиги болуп эсептелген маданий ишмердиктин объектте-
рин менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте ишке ашырылат.
Маданий мурастардын өзгөчө баалуу объекттери мамлекет тарабынан
корголот жана менчиктештирүүгө жатпайт.
33-статья. Маданият уюмдарын каржылоонун булактары жана тартиби
Маданиятты жана искусствону каржылоо булактары болуп төмөндөгүлөр
эсептелет:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
- уюштуруучу катары чыккан жеке жана юридикалык жактардын, чет
өлкөлөрдүн жана жарандардын каражаттары;
- маданият жана искусство уюмдарынын өздүк каражаттары;
- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет элдиктердин ык-
тыярдуу кайрымдуулуктарынан жана максаттуу мүчөлүк акылары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булак-
тар.
Кыргыз Республикасында маданият тармагындагы ишмердикти колдоонун
мамлекеттик кепилдиктердин негизи болуп республикалык бюджеттин чыгаша
бөлүгүнүн жыл сайын 3 пайызынан кем эмес каражат кароо эсептелет.
Маданиятты каржылоого бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттары бардык
дењгээлдеги бюджеттерди түзүүдө өз алдынча сап менен бөлүнүп
көрсөтүлөт.
Кошумча каржылоо булактарын тартуу мамлекеттик маданият жана ис-
кусство уюмдарын мамлекеттик бюджеттен каржылоо көлөмүн азайтууга алып
келбейт.
Мамлекеттик эмес маданият жана искусство уюмдарын каржылоо тартиби
уюштуруучу тарабынан аныкталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маданият тармагындагы
ишмердикти уюштурууга кеткен чыгымдарды өз алдынча аныктоого жана мада-
ният менен искусствонун бюджеттен каржыланчу мекемелеринин кызматкерле-
ринин эмгек акысына үстөктөрдү белгилөөгө укуктуу.
34-статья. Маданият уюмдарынын финансылык ресурстары жана
материалдык-техникалык базасы
Маданият уюмдары өздөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн өз ал-
дынча жүргүзүшөт.
Маданият уюмдарынын материалдык-техникалык базасы өз ичине куру-
луштарды, коммуникацияларды, машиналарды жана жабдыктарды, транспорт-
тук, ошондой эле башка материалдык жана техникалык каражаттарды кам-
тыйт.
Мамлекеттик эмес маданият жана искусство уюмдарынын материал-
дык-техникалык базасы өздүк каражаттардын жана уюштуруучунун каражатта-
рынын эсебинен өнүктүрүлөт.
Мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техни-
калык базасын өнүктүрүү аларга бекитилген бюджеттик жана өздүк каражат-
тардын чегинде ишке ашырылат.
Мамлекеттик маданият жана искусство уюмдарынын материалдык-техни-
калык базасы ижарага берилиши мүмкүн. Ижарага берилген материалдык-тех-
никалык базаны пайдалануудан түшкөн кирешелер бюджетке алынбайт жана
мамлекеттик маданият уюмдары тарабынан уставда каралган максаттарга
пайдаланылат.
35-статья. Маданиятты өнүктүрүү фонддору
Маданият тармагындагы ишмердиктин каржылоо жана колдоо үчүн юриди-
калык жана жеке жактар тарабынан маданиятты өнүктүрүүнүн мамлекеттик
жана мамлекеттик эмес фонддору түзүлүшү мүмкүн.
Маданий ишмердиктин айрым түрлөрүн каржылоо үчүн атайын фонддор
түзүлүшү мүмкүн.
Маданий ишмердикти өнүктүрүү фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жана
пайдалануу уюштуруу документтерине ылайык фонддун башкармасынын чечими
боюнча жүргүзүлөт.
36-статья. Маданият тармагындагы инвестициялык саясат
Кыргыз Республикасында маданияттын материалдык-техникалык базасын
колдоо жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик капиталдык салымдарды бөлүү кам-
сыз кылынат.
Маданий багыттагы объектилер боюнча капиталдык салымдарды
бөлүштүрүү маселеси тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан
альтернативалуу варианттарды ачык-айкын талкуулоонун негизинде аныкта-
лат.
37-статья. Тышкы экономикалык ишмердик
Маданият уюмдары тышкы экономикалык ишмердикти аукциондорду
өткөрүү, искусство чыгармаларын, элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарды,
көркөм сүрөт продукцияларды, антиквариат буюмдарды сатуу аркылуу жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ишке
ашырышат.
Мамлекеттик музейлерде, сүрөт галереяларында, китепканаларда, ар-
хивдерде жана маданияттын мамлекеттик башка уюмдарында сакталган мада-
ний баалуулуктарды кредитти камсыз кылуу үчүн же күрөөгө берүүгө жол
берилбейт.
38-статья. Баалар жана баа түзүү
Баа түзүү саясаты маданий ишмердик субъекттерин болушунча колдоого
жана коргоого негизделип түзүлөт.
Маданий ишмердиктин акы төлөнүүчү кызматынын жана продукциясынын
баасы (тарифтери), билеттердин баасын кошуп алганда, антимонополиялык
саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу мамлекеттик
маданият уюмдары тарабынан өз алдынча белгиленет.
VII бап
Эмгек мамилелери жана социалдык кепилдиктер
39-статья. Эмгек мамилелерин бекемдөө
Маданият тармагындагы кызматкерлердин эмгек мамилелери Кыргыз Рес-
публикасынын эмгек мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.
Чыгармачыл кызматкерлер жана мамлекеттик маданият уюмдарынын же-
текчилери менен эмгек мамилелери мөөнөттүү эмгек келишиминин (контракт)
негизинде түзүлөт.
40-статья. Маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн
кепилдиктери
Мамлекеттик маданият уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акынын ке-
пилденген дењгээлде жана квалификациясы менен эмгектин натыйжасына жа-
раша камсыздалат.
Маданият кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын
нормативдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
Мамлекеттик маданият уюмдары колдо болгон каражаттардын чегинде
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматтык маянага ар түрдүү
үстөктөрдү өз алдынча белгилей алат, акы төлөөнүн жана эмгекке дем
берүүнүн ар түрдүү алдыњкы ыкмаларын колдонушат.
Автордук акы төлөөнүн өлчөмү, акы төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
автордук келишимде белгиленет.
Маданият уюмдарында эмгектенген, илимий даражасы, "элдик", "эмгек
сињирген" деген ардак наамдары бар кызматкерлерге үстөктөр Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
VIII бап
Маданият жаатындагы тышкы байланыштар
41-статья. Эл аралык маданий алмашуулар
Кыргыз Республикасы эл аралык маданий алмашууларды өнүктүрүүгө
көмөктөшөт.
Кыргыз Республикасынын маданият чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташу-
усунун багыттары гастролдук жана көргөзмө ишмердиги, маданият кызмат-
керлерин даярдоо жана такшалуудан өткөрүү, маданий баалуулуктар менен
маданий дөөлөттөрдү жыргалчылыкты биргелешип өндүрүү жана алмашуу, уни-
калдуу тарых жана маданият эстеликтерин калыбына келтирүү, жањы техно-
логияларды, техникалык каражаттарды, жабдууларды маданият ишмердиги
үчүн түзүү жана колдонууга киргизүү болуп эсептелет.
Маданият уюмдары чет өлкөлүк юридикалык тараптар жана жеке адамдар
менен маданият чөйрөсүндөгү кызматташуунун бардык түрлөрү боюнча өз ал-
дынча келишим (контракт) түзүүгө жана эл аралык тийиштүү уюмдар менен
фонддордун ишмердигине катышууга укуктуу.
Маданий алмашууларды ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары менен жөнгө салынат.
42-статья. Эл аралык маданият уюмдарына катышуу
Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык маданий фонддордун жана
уюмдардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү жана башка структуралары түзүлүшү
мүмкүн.
Ар кандай юридикалык тараптар менен жеке адамдар алардын уюштуруу-
чулук документтеринде аныкталган тартипке ылайык эл аралык маданий уюм-
дарга кирүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын маданият уюмдары өзүнүн катарына чет
өлкөлүк мүчөлөрдү тартууга, ошондой эле чет мамлекеттерден, эл аралык
уюмдардан жана жеке адамдардан максаттуу түрдө түшкөн каражаттарды өз
алдынча башкарууга укуктуу.
IX бап
Корутунду жоболор
43-статья. Бул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Бул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын
кылмыш-жаза, жарандык жана администрациялык мыйзамдарында каралган
учурларда жана тартипте белгиленет.
44-статья. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн норма-
тивдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 5-мартын-
дагы № 803-XII Мыйзамы.
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы № 27-I Мыйзамынын I
бөлүмүнүн 4-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын
25-июлундагы № 130 Мыйзамынын 8-статьясы.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 15-январындагы № 884-IV «Маданият жөнүндө» Кыргыз республикасынын мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 15.01.2009 · № 884-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (5)
- Маданият жөнүндөЗакон · 07.04.2009 · № 119
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 25.07.2002 · № 130
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Маданият жөнүндөЗакон · 05.03.1992 · № 803-XII · Күчүн жоготкон