# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 645"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 645"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59575>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13126/edition/328713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59575.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 645"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"токтому (26.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59575

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 26-ноябры № 645

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун

ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүү

киргизүү тууралуу

2007-жылдын 25-июнундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза

кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз

Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз

Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын про-

куратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана

айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары

жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери

жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга

киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин

колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын 11-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу

тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы N

631 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-

гинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин

эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- XIX бөлүмүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Айыпталуучунун же соттолгондун коргоочу менен жолугушууларына

бардык учурларда ордер тапшырмасынын, алардын ким экендигин ырастаган

документтердин же кылмыш иши өндүрүштө болгон жактын же органдын кыл-

мыш-жаза ишине катышууга уруксат жөнүндө катынын негизинде жол берилет,

ошондой эле:".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
