Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 26-ноябры № 645
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун
ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын
30-августундагы № 631 токтомуна өзгөртүү
киргизүү тууралуу
2007-жылдын 25-июнундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз
Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз
Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын про-
куратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана
айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары
жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери
жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга
киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин
колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 11-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу
тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы N
631 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-
гинин жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин
эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- XIX бөлүмүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыпталуучунун же соттолгондун коргоочу менен жолугушууларына
бардык учурларда ордер тапшырмасынын, алардын ким экендигин ырастаган
документтердин же кылмыш иши өндүрүштө болгон жактын же органдын кыл-
мыш-жаза ишине катышууга уруксат жөнүндө катынын негизинде жол берилет,
ошондой эле:".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 30 августа 2006 года № 631 "Об утверждении Правил внутреннего распорядка следственных изоляторов уголовно-исполнительной системы Министерства…Постановление · 30.08.2006 · № 631
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз…Закон · 25.06.2007 · № 91
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон