# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябры № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябры № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 644
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13125/edition/859000/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябры № 644 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (18.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59574

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 26-ноябры № 644

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Мамлекеттик социалдык

камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кел-

тирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-июлундагы № 316

"Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюуга, эмгек

келишимин бузуу учурунда кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча ча-

раларды жүзөгө ашырууга байланыштуу алардан бошотулган пенсия алдындагы

курактагы кызматкерлерге пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби

жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишканаларды,

мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюуга, эмгек келишимин бу-

зуу учурунда кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча чараларды жүзөгө

ашырууга байланыштуу алардан бошотулган пенсия алдындагы курактагы кыз-

маткерлерге пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо-

го төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ишкана, мекеме, уюмдардын кайра уюштурулушуна, жоюулушуна жана

кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларга байланыштуу эм-

гек келишими бузулган учурда алардан бошотулган кызматкерлер төмөнкү

тартипте пенсияга чыгууга укуктуу:

- жумуштан бошотулган убакта 61 жашка толгон эркектер - 25 жылдык

камсыздандыруу стажы болгондо;

- жумуштан бошотулган убакта 56 жашка толгон аялдар - 20 жылдык

камсыздандыруу стажы болгондо";

- 9-пунктта "бөлүм" деген сөз "аймактык бөлүмчө" деген сөзгө ал-

маштырылсын;

- бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы

Социалдык фонд" деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү

жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөргө

алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн компенсацияларды чектөөнүн жана

төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-декабрындагы № 752 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 15-майындагы № 263

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы

жана 2-пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
