# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы №643 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы №643 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 643
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59573>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13124/edition/328711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59573.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы №643 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"категориясына которуу жөнүндө" токтому (26.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59573

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 26-ноябры № 643

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан

"Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери"

категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-

рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-

калык комиссия менен макулдашылган, Ысык-Көл районунун Темиров айылдык

округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жарандары Ис-

маилов Азаматка - 2,0 га жана Исмаилов Турарга - 1,0 га менчик укугунда

таандык жерлерди - бардыгы көп жылдык өсүмдүктөр баскан 3,0 га жерди

"Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жара-

тылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл

алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-

рациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып

коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуру-

унун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белги-

ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун

толтуруунун наркынын суммасын жарандар А.Исмаилов жана Т.Исмаилов тара-

бынан төлөнүшүн камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
