# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябры № 638 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 36 мекемесин (№ 36 колония-поселение) жоюу жөнүндө

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябры № 638 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 36 мекемесин (№ 36 колония-поселение) жоюу жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 638
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59568>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13121/edition/328708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59568.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябры № 638 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 36 мекемесин (№ 36 колония-поселение) жоюу жөнүндө (21.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59568

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 21-ноябры № 638

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 36

мекемесин (N 36 колония-поселение) жоюу жөнүндө

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-

ри женүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык, Кыр-

гыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы баш-

кармалыгынын Жазык-аткаруу инспекцияларынын иштеши үчүн тийиштүү шарт-

тарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын Бишкек шаары, Фучика көчөсү, 18 дареги боюнча

жайгашкан № 36 мекемеси (№ 36 колония-поселение) жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзамдарда белги-

ленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан, анын ичинде

кызматкерлерди бошотуу, ошондой эле № 36 мекеменин жайларын жана финан-

сы-материалдык баалуулуктарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-

гинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Жазык-аткаруу инспекция-

ларынын карамагына өткөрүп берүү менен байланышкан иш-чаралар комплек-

син жүргүзсүн.

3. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Юстиция минис-

трлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгын Бишкек шаары, Фучика

көчөсү, 18 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 3 жана 4 кабаттарындагы

жайларды ижарага алгандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотуу жөнүндө маселени

кароо сунушталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-

лүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
