Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 36 мекемесин (№ 36 колония-поселение) жоюу жөнүндө
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 21-ноябры № 638
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын № 36
мекемесин (N 36 колония-поселение) жоюу жөнүндө
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемеле-
ри женүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык, Кыр-
гыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы баш-
кармалыгынын Жазык-аткаруу инспекцияларынын иштеши үчүн тийиштүү шарт-
тарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу
башкы башкармалыгынын Бишкек шаары, Фучика көчөсү, 18 дареги боюнча
жайгашкан № 36 мекемеси (№ 36 колония-поселение) жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзамдарда белги-
ленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан, анын ичинде
кызматкерлерди бошотуу, ошондой эле № 36 мекеменин жайларын жана финан-
сы-материалдык баалуулуктарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрли-
гинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Жазык-аткаруу инспекция-
ларынын карамагына өткөрүп берүү менен байланышкан иш-чаралар комплек-
син жүргүзсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Юстиция минис-
трлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгын Бишкек шаары, Фучика
көчөсү, 18 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 3 жана 4 кабаттарындагы
жайларды ижарага алгандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотуу жөнүндө маселени
кароо сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-
лүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197