Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун жактыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 марта 2018 года № 176 "Об утверждении Положения о порядке использования земель запаса"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-03-30.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 21-ноябры № 636
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби
жөнүндө Жобонун долбоорун жактыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 93-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө Жобо-
нун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин бекитүүсүнө жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-
гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган Жо-
бонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Запастын жерлерине Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу
тартиби жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан
бекитилген күнгө карата жердин башка категориясына киргизилбеген мамле-
кеттик менчиктеги бардык жерлер таандык экендиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агрөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 21-ноябрындагы
№ 636 токтому менен
жактырылган
Запастагы жерлерди түзүү жана
пайдалануу тартиби жөнүндө
Жобо
1. Жалпы жоболор
2. Запастагы жерлерди берүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө ушул
Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын башка
нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана запастагы
жерлерди түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Запастагы жерлерге, жердин башка категориясына киргизилбеген
жана жеке менчикке же пайдаланууга берилбеген бардык жерлер кирет. Бул
жерлер мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
3. Запастагы жерлердин категориясына таандык жер участоктору ушул
Жободо белгиленген тартипте гана пайдаланууга берилиши мүмкүн.
4. Запастагы жерлерди берүү алардын негизги максаттуу багытына
ылайык мамлекеттик менчикте калтыруу менен аларды запастагы жерлердин
категориясынан башка категорияга которуудан кийин жүргүзүлөт.
5. Белгиленген тартипте башка категорияга которулган запастагы
жерлер жеке менчикке берилбейт.
6. Запастагы жерлерди пайдалануунун негизги максаттуу багыты айыл
чарба өндүрүшү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү, кен пай-
далануу жана башка мамлекеттик максаттар болуп эсептелет.
7. Запастагы жерлер айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууга
жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан берилет.
8. Запастагы жерлер айыл чарба өндүрүшү үчүн берүү максатынан тыш-
кары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен пайдаланууга берилет.
2. Запастагы жерлерди берүү тартиби
9. Запастагы жерлерден жер участогун берүү жөнүндө өтүнүч катты
кызыкдар адам тиешелүү райондун мамлекеттик администрациясына берет.
10. Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участогун пайдалануунун максаты;
- жер участогунун жайгашкан жери жана аянты;
- суралып жаткан аянтка экономикалык негиздеме;
- пайдалануунун болжолдуу мөөнөтү жана шарттары;
- жер участогун берүү үчүн негиздеме;
- жер участогун алууга чектөөлөрдүн жоктугу.
11. Өтүнүч катка Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - арыз ээ-
синин ким экендигин тастыктоочу документтеринин көчүрмөсү; юридикалык
жактар үчүн - уюштуруу документтери жана юридикалык жактын каттоодон
өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү тиркелет.
12. Максаттуу багытына жараша жергиликтүү мамлекеттик администра-
ция курамына жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту кат-
тоо, архитектура жана курулуш, айлана чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаал-
дар, кен пайдалануу боюнча инспекциясынын, санитардык-эпидемиологиялык
жана өрт өчүрүү көзөмөлүнүн, айыл жана суу чарбанын жана зарыл учурда
ушул жер участогу боюнча негизделген корутунду бере алган башка тие-
шелүү кызматтардын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген Комиссия
түзөт.
Өтүнүч катты кароодо Комиссия өтүнүч каты менен кайрылган адамды
чакырууга укуктуу.
13. Өтүнүч катты кароонун жыйынтыктары боюнча Комиссия жер участо-
гун пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө же өтүнүч катты четке кагуу
тууралуу корутунду чыгарат. Мында пландык-картографиялык материалды,
айлана чөйрөнү коргоо органдарынын жана санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөлдүн корутундуларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин
жергиликтүү органынын жер жайгаштыруу ишин түзүү үчүн зарыл болгон баш-
ка документтерин тиркөө менен жер участогун текшерүү (тандоо) актысы
(үч нускада) таризделет.
14. Комиссиянын корутундусунун негизинде райондун мамлекеттик ад-
министрациясы жер участокту "Запастагы жерлер" категориясынан "Айыл
чарба багытындагы жерлер" категориясына которуу менен айыл чарбалык
өндүрүш үчүн берүү жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
Жер участокту ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн башка максат-
тарга берүүдө райондун мамлекеттик администрациясынын чечими облустун
мамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберилет, ал белгиленген тар-
типте материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кирги-
зет.
Жер жайгаштыруу материалдарын даярдоо жана кароо, чечимдерди кабыл
алуу жерлерди бир категориядан башкасына которууда же жердин тиешелүү
категориясы үчүн каралган тартипте жүргүзүлөт.
15. Запастагы жерлер 10 жана 25 жылга узартуу укугу менен 5тен 7
жылга чейин пайдаланууга берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 "Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 176
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 16-январындагы № 895-IV "Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралу" токтомуПостановление · 16.01.2009 · № 895-IV
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 176
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 "Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.03.2018 · № 176
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон