Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган «Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара көрүү» долбоорун гранттык каржылоого (Грант № ТF091994 жана Грант № ТF091995) тиешелүү Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 21-ноябры № 634
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган
"Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы
даярдык жана чара көрүү" долбоорун гранттык каржылоого
(Грант № ТF091994 жана Грант № ТF091995) тиешелүү
Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган "Канат-
туулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара кө-
рүү" долбоорун гранттык каржылоого (Грант № ТА091994 жана Грант №
ТА091995) тиешелүү Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-
ындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган
"Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык
жана чара көрүү" долбоорун гранттык каржылоого (Грант
№ ТF091994 жана Грант № ТF091995) тиешелүү Макулдашуу-катты
ратификациялоо жөнүндө
1-статья.
Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган "Канаттуу-
лар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара көрүү"
долбоорун гранттык каржылоого (Грант № ТF091994 жана Грант № ТF091995)
тиешелүү Макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартип-
те аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет-
тик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл
аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте
билдирсин.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган, "Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык жана чара көрүү" долбоорун гранттык каржылоого (Грант №…Закон · 06.02.2009 · № 40
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон