Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)»Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 14-июлундагы
№ 376 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция
кызматы органдарында кызмат өтөө жөнүндө
ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы орган-
дарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшүнүн укуктук не-
гизин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарында
кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кыз-
маттарда турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызма-
тынын түрү болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарында
(мындан ары - Финансылык полиция) кызмат өтөөнүн укуктук негизин Кыргыз
Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыр-
гыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары жана ушул Жобо
түзөт.
3. Финансылык полициядагы кызмат мыйзамдуулук, адам укуктары менен
эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалымдуулук, кызмат
тартибин сактоо, кызматы үчүн калыс сыйлоо, жөндөмүн жана квалификация-
сын эске алуу менен кызматтык ишмердигинин натыйжасы боюнча кызматтан
илгерилетүү принциптеринде түзүлөт.
4. Финансылык полициянын кызматкерлери болуп ушул Жободо белгилен-
ген тартипте Финансылык полициянын аттестацияланган курамынын штаттык
кызматтарын ээлеген, Финансылык полициянын катардагы жана башкаруучу
курамдагы атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандары
эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген тартипте атайын
формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген
үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр жана жетондор берилет.
Жетондун жана күбөлүктүн баяндалышы Финансылык полициянын Төрагасы
тарабынан бекитилет.
Финансылык полициянын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын белги-
ленген тартипте атайын каражаттарды жана ок атуучу табелдик куралды
сактоого жана алып жүрүүгө уруксат этүүчү жана Финансылык полиция ор-
гандарында ыйгарылган наамына жараша кызмат өтөп жаткандыгын тастыктоо-
чу расмий документ болуп эсептелет.
Кадрлар бөлүмчөсүнүн жетекчиси кызматка жањы алынган Финансылык
полициянын кызматкерине кызматтык күбөлүктү тапшырууда документти пай-
далануунун эрежелери жана аны сактоонун тартиби боюнча инструктаж
өткөзөт.
Кызмат боюнча кийин иштен жылдырылганда, Финансылык полициядан иш-
тен бошогондо, кезектеги атайын наам ыйгарылганда жана мурда берилген
күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө аны алган жерге кайтарылып бери-
лет.
Финансылык полициянын кызматкерлерине тиешелүү даярдыктан өткөндөн
кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табелдик ок атуучу ку-
ралды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укук
берилет.
5. Финансылык полицияга кызматка укук коргоо, салык, бажы же фи-
нансы органдарында кеминде бир жылдык эмгек стажы бар, 23төн жаш эмес
жана 35 жаштан ашпаган, өзүнүн жеке, ишкер, кесиптик сапаттары боюнча
жөндөмдүү, билими жана ден-соолугу кызмат милдеттерин аткарууга
мүмкүндүк берген, анык аскердик кызматты, аскерден тышкары альтернати-
валуу кызматты өтөгөн же запастагы офицер наамы бар Кыргыз Республика-
сынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат (анык аскердик кызматты,
аскерден тышкары альтернативалуу кызмат өтөө жана запастагы офицер наа-
мынын болушу аялдарга карата колдонулбайт).
Зарыл учурларда Финансылык полицияга кызматка башка укук коргоо,
салык, бажы жана финансы органдарында кызмат өтөгөн, тиешелүү атайын
наамдары жана класстык чендери, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга
каршы күрөшүү чөйрөсүндө жогорку профессионалдык тажрыйбасы бар, 35
жаштан ашкан жарандар кабыл алынышы мүмкүн.
Финансылык полицияга 50 жаштан ашкан жарандарды кабыл алууда алар
менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттүү эмгек ке-
лишими түзүлөт.
Финансылык полициядагы кызмат жөнүндө эмгек келишими боюнча жаран
ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга, Антты, ички тартипти жа-
на ушул Жобонун талаптарын сактоого, ал эми Финансылык полиция ага
үлүштөрдүн бардык түрлөрүн, укуктарды жана жењилдиктерди берүүнү кам-
сыздоого, финансылык полиция органында кызмат өтөө үчүн Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында, ушул Жободо жана эмгек келишиминде каралган
шарттарды түзүүгө милдеттенет.
Эмгек келишиминде юридикалык жагдайлар каралат, алар тараптар
өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу келип чыгат.
Эмгек келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, анын шарттары кызматкердин
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кызматтык жана социалдык
абалын начарлатпоого тийиш.
Финансылык полиция органдарынын катардагы, жетектөөчү жана жалдан-
ма курамынын кызматына дайындалган жарандар менен кызмат жөнүндө эмгек-
тик келишим кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Эмгек келишими анда белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин кеминде эки
ай мурда тараптардын макулдашуусу боюнча узартылышы же кайра түзүлүшү
мүмкүн.
Кызматтык зарылчылык болгон учурда кызматкердин макулдугу менен
кызматкерге ээлеген кызматынан төмөн болбогон кызмат маянасы төлөнүү
менен календардык жылдын ичинде бир айга чейинки мөөнөткө эмгек келиши-
минде каралбаган милдеттерди аткаруу тапшырылышы мүмкүн.
Эмгек келишиминин формасы жана шарттары Финансылык полициянын тие-
шелүү кызматтары тарабынан иштелип чыгат жана Төрага бекитет.
Финансылык полицияга кызматка кабыл алуу жарандар милдеттүү түрдө
атайын текшерүүдөн, ошондой эле кызмат өтөөгө жарактуулугун, талапкер-
лердин дене-түзүлүш даярдыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички
иштер министрлигинин системасынын аскер-дарыгерлик комиссияларында ме-
дициналык текшерүүдөн өткөн шартта ишке ашырылат.
Финансылык полициянын катардагы жана кенже жетекчилик курамынын
кызматына орто, атайын-орто жана жогорку билими бар жарандар кабыл алы-
нат.
Финансылык полициянын орто, улук жана жогорку жетекчилик курамынын
кызматына тиешелүү юридикалык, экономикалык же финансылык жогорку били-
ми бар жарандар кабыл алынат.
Финансылык полициянын катардагы жана жетекчилик курамынын тиешелүү
кызмат ордуна дайындалган аскердик кызматка милдеттүү адамдар белгилен-
ген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана атайын каттоодо турат.
Финансылык полиция кызматкерин жумушка кабыл алуу Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Финансылык полициянын
Төрагасынын буйругу менен таризделет.
Буйрук Финансылык полициянын кызматкерине кол койдуруу менен жары-
яланат.
Финансылык полиция кызматына кабыл алынган жарандар ушул Жободо
белгиленген тартипте ант беришет.
Финансылык полицияга кызматка жањы кабыл алынып жаткан адамдарга 3
айдан ашпаган сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Талапкер тиешелүү кыз-
матка катардагы жана башкаруучу курамынын атайын наамын ыйгаруу менен
бирге дайындалат жана ага тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчы бекити-
лет.
6. Кыргыз Республикасынын жараны Финансылык полицияга кызматка
төмөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:
- соттун күчүнө кирген чечими менен ишке жарамсыз же жарамдуулугу
чектелүү деп табылса;
- соттолгон же соттуулугу бар, кылмыш жоопкерчилигинен реабилита-
цияланбаган негиздер боюнча бошотулса;
- ушул Жобонун 5-пунктунда каралган талаптарга жооп бербесе;
- башка мамлекеттин жарандуулугуна ээ болсо;
- укук коргоо органдарынан, ошондой эле мамлекеттик башка орган-
дардан терс жактары боюнча иштен бошотулса.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энелер, жубайлар,
бир туугандар, байке-инилер, эже-сињдилер, уул-кыздар, ошондой эле жу-
байынын ата-энеси, бир туугандары жана балдары) болгон Финансылык поли-
циянын кызматкерлерине эгерде кызматтары түздөн-түз бири-биринин баш
ийүүсүндө же бири-биринин контролдугунда турса бир эле Финансылык поли-
ция органында кызмат өтөөгө уруксат кылынбайт.
Финансылык полиция кызматкерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) чыгармачылык, илимий жана педагогикалык иштер менен байланыштуу
кызматтардан тышкары башка акы төлөнүүчү кызматтарды ээлөөгө;
б) ишкердик жүргүзүүгө;
в) кандайдыр бир ишкананын башкаруу органынын мүчөсү болууга;
г) финансылык полиция органдарында жана башка мамлекеттик орган-
дарда үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
д) кызматтык эмес максатта финансылык, материалдык-техникалык жана
маалыматтык камсыздоо каражаттарын, мамлекеттик башка мүлктү, ошондой
эле кызматтык маалыматты колдонууга;
е) саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын
ишине өзүнүн кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана кызмат убакты-
сында катышууга; мамлекеттик кызматтык ишмердүүлүктүн партиялык прог-
раммаларга жана чечимдерге баш ийүүсүнө тыюу салынат;
ж) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракетти ишке
ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчү жактардан белек, акча жана
кызмат көрсөтүүлөрдү сый акы катары алууга;
Ушул пункттун жоболорун бузган учурда жана ээлеген кызматына шай-
кеш келбеген кандайдыр бир иш аракетти жасагандыгы үчүн Финансылык по-
лиция кызматкери мындай аракеттин жасалган убактысына карабастан кыз-
маттан бошотулууга тийиш.
7. Катардагы кенже, орто жана улук жетекчилик курамдагы кызмат
орундарынын тизмеси жана ушул кызматтарга шайкеш келген атайын наамдар
Финансылык полициянын Төрагасы тарабынан аныкталат.
Кызматка кабыл алынган Финансылык полициянын катардагы, кенже, ор-
то жана улук башкаруучу курамына, кызматка дайындалгандан үч ай
өткөндөн кийин Финансылык полициянын Төрагасы тарабынан атайын наам ый-
гарылат.
Кызматтык зарыл учурларда штаттык орун басар болуп саналбаган баш-
ка кызматкерге убактылуу жок болгон кызматкердин милдетин аткаруу
жүктөлүшү мүмкүн, бул учурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн иш
ордунда жок болгон кызматкердин маянасынын 30 пайыздан кем эмес кызмат
акысы төлөнүп берилет. Мында бош кызмат оруну боюнча милдеттерди атка-
руунун үзгүлтүксүз мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш.
Кызматкерди бош кызмат оруну боюнча милдетин аткаруучу кылып да-
йындоого жол берилбейт.
8. Финансылык полицияга кызматка кабыл алууда кызматкерлер
төмөнкүдөй ант беришет:
"Мен, (аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республика-
сынын Финансылык полиция органдарына кызматка киришип жатып Кыргызстан-
дын элине берилгендигиме ишендирүү менен салтанаттуу ант берем:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын сөзсүз сактоого, Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлык-
тарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын
жетекчиликке алууга;
жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыкта-
рын, мамлекетти кылмыштуу жана мыйзамга каршы кол салуулардан коргоого,
начальниктин буйруктарын ак ниеттүүлүк менен аткарууга;
мыйзамды сактоого, чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекенимдин
экономикалык таламдарынын чегинде турууга, мамлекеттик жана кызматтык
сырды бекем сактоого;
кызматтык милдеттерди жана мага тапшырылган милдеттерди ак ниет
аткарууга;
иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө.
Антымды бузсам мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-
ген жаза колдонулсун".
Ант берүүчү Анттын текстине кол коет жана ант берген датасын
көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.
Ант берүүнүн тартибин Төрага аныктайт.
9. Финансылык полициянын кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу
төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
а) жогору турган кызматка - кызматы боюнча жогорулатуу иретинде;
б) тењдеш кызматка:
- иш тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча кыйла максатка
ылайык пайдалануу үчүн; кызматтын кызыкчылыктарында кызматкерди башка
жерге которууга - ротацияга байланыштуу. Кызматкерлерди ротациялоо,
эреже катары, 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт;
- кызматкердин ден-соолугуна, жашына жана үй-бүлөлүк муктаждыгына
байланыштуу жеке өтүнүчү боюнча.
Мында кызмат орду эгер ага мурдагы кызматы боюнча атайын наамына
тењ атайын наам жана ээлеген кызмат орду боюнча тењ кызматтык маяна ка-
ралган болсо, ал тењ болуп саналат.
в) төмөн турган кызматка:
- штаттар кыскарганда же Финансылык полиция кайра уюштурулганда
бул адамдарды тењдеш кызматка жылдырууга мүмкүндүк болбогондо;
- аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде ден-соолу-
гунун абалы боюнча;
- аттестациялоо тартибинде кызматына дал келбегендиги боюнча;
- дисциплинардык жаза тартибинде;
- жеке өтүнүчү боюнча.
г) мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына командировкага жи-
берүү тартибинде.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланган
Финансылык полициянын кызматкерлери, анын конституциялык ыйгарым укук
милдеттерин аткаруу мөөнөтүндө Финансылык полициянын кадрында калтыры-
лат.
Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полициянын кадрында
калтырылуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына андан ары кызмат өтөө
үчүн жиберилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланган
же Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Финансылык полициясынын кадрында кал-
тыруу менен кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкерлер акчалай каржылоо
(эмгек акы) менен кызмат өтөөгө жиберилген тийиштүү мамлекеттик орган-
дар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда белгиленчү эрежелер жана
нормалар боюнча камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланган
же кызмат өтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация-
сына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилген кыз-
маткерлердин ай сайынкы компенсациялык төлөмдөрү (азык-түлүк паектун
ордуна акчалай компенсация, пенсиясынын өлчөмүнүн 50 пайызы өлчөмдөгү
кошумча, буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация, коммуналдык кызмат-
тар жана энергия булактары үчүн акчалай компенсация) сакталат. Аталган
төлөмдөр кызматкерди жиберген Финансылык полиция тарабынан төлөнөт.
Аталган мамлекеттик органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кыз-
маткерлер Финансылык полициянын карамагына келет жана Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланганга же Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна же
ага барабар кызмат орунга ишке орноштурулууга тийиш.
Финансылык полициясынын кадрында калтыруу менен Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинин депутаты болуп шайланган, Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратына жиберилген кызматкерге кезектеги атайын наамдар Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган тартипте ыйгары-
лат.
Финансылык полиция кызматкерин кызматы боюнча жылдыруу бардык
учурларда жылдыруунун негизин көрсөтүү менен буйрук аркылуу таризделет.
Төмөн турган кызматка жылдырылган Финансылык полиция кызматкери
кийин анын кызматтык квалификациясын, иш тажрыйбасын, ишкер жана жеке
сапаттарын, ден-соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча жогору
турган кызматка жылдырылышы мүмкүн.
10. Финансылык полициянын кызматкерлери штаттык саны кыскарганга
байланыштуу мурда ошол кызматты ээлеген, Дисциплинардык уставга ылайык
иштен бошогон, оперативдүү-кызматтык ишмердигинде көрсөткүчү начар бол-
гон кызматкерлерди түзүмдүк подразделениенин жетекчисинин түздөн-түз
сунушу боюнча 4 айдан ашпаган мөөнөткө Финансылык полициянын кадрлар
карамагына киргизилет. Өзгөчө учурларда кызматкерлердин жеке себептери
менен берилген рапорттун негизинде кадрлар карамагына киргизүүгө урук-
сат берилет.
Кадрлар карамагында турган Финансылык полиция кызматкерлерине ак-
чалай үлүштөрдү төлөп берүү кадрлар кызматына келгенде табелдин неги-
зинде жүргүзүлөт:
- биринчи эки ай үчүн - акыркы ээлеген кызматы боюнча кызматтык
маянанын жана атайын наамы боюнча маянанын өлчөмүндө;
- андан кийинки эки ай үчүн - атайын наамы боюнча кызматтык маяна-
нын өлчөмүндө.
Кызматкердин кадрлар карамагында болгон мөөнөткө убактылуу ишке
жарамсыздыктын мөөнөтү, кезектеги ар жылдык жана башка отпускаларда
болгон убакыт, кылмыштык жоопкерчиликке тартылгандыгына байланыштуу ка-
макта болгон мөөнөт, кылмыш иши токтотулган учурда же болбосо сот тара-
бынан актоочу өкүм чыгарылган учурда - камакка алынган күндөн тартып
бошотулган күнүнө чейинки мөөнөттөр эсепке алынбайт.
Финансылык полициянын кадрлар карамагына өткөндүгү жөнүндө буйрук
менен милдеттүү түрдө жазуу түрүндө тааныштыруу ошол эле учурда төрт
айлык мөөнөт өткөндөн кийин сунушталган штаттык кызматка дайындоодон
кадрлардын карамагында турган кызматкер жазуу жүзүндө (эки жолу) баш
тартканда финансылык полиция органдарынан кызматтан бошотулушу мүмкүн
экендигин билдирүү болуп эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген кызма-
тынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасы-
нын тергөө органдары тарабынан кызматтан четтетүү жөнүндө токтом чыга-
рылганда - иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (териштирүү кызматкердин өзүнүн
талабы менен дайындалган учурдан тышкары) - териштирүүнү жүргүзүүнүн
толук мөөнөтүнө, анын ичинде кызматкердин кызматтык милдеттерин аткару-
уга мүмкүнчүлүк бербеген тартипти одоно түрдө бузган учурда, кызматта
алкоголдук, бањгилик жана токсикалык мас абалында болгон учурларда.
Кызматкерди кызматтан убактылуу четтетүү учурунда анын эмгек акысы
сакталат.
11. Финансылык полициянын кызматкерин башка жерлерге кызмат өтөөгө
которууга анын өтүнүчү боюнча Финансылык полициянын тийиштүү подразде-
лениелеринин начальниктеринин макулдугу боюнча жол берилет.
12. Финансылык полициянын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо,
кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын
жана башка мамлекеттердин окуу жайларында жүргүзүлөт.
13. Финансылык полициянын катардагы, орто жана улук башкаруучу ку-
рамынын адамдарын аттестациялоо алардын ээлеген кызматына шайкеш
келүүсүн жана кызматтык өсүү мүмкүнчүлүгүн аныктоого, алардын кесиптик
даярдыгынын дењгээлине, укуктук маданиятына, адамдар менен иштей билүү
жөндөмүнө баа берүүгө, кызматкерлердин иштөө натыйжалуулугун жогорула-
тууга, кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыртууга,
алардын квалификациясын, демилгесин, чыгармачыл активдүүлүгүн жана тап-
шырылган ишке жоопкерчилигинин жогорулашына түрткү берүү максатында
жүргүзүлөт.
Аттестациялоодо баа берүүнүн негизги критерийи болуп кызматкерлер-
дин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруу болуп эсептелет.
Кызматкерлерди аттестациялоо Финансылык полиция органдарында кыз-
матта ар бир үч жыл өткөндөн кийин бир жолу жүргүзүлөт (бирок
көрсөтүлгөн мөөнөттөн 6 айдан кеч эмес).
Аттестациялык-конкурстук комиссияны Финансылык полициянын төрагасы
түзөт жана анын жобосун бекитет.
Финансылык полициянын кызматкерлерин аттестациялоого даярдоо жана
өткөзүү тартиби Финансылык полициянын төрагасы тарабынан бекитилет.
Аттестациялык-конкурстук комиссия аттестациялоону аттестациядан
өтүп жаткан кызматкердин катышуусу менен жүргүзөт.
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын заседаниесине жөндүү себеп
менен катышпаган кызматкерлер (отпуска, оору, командировка) аттестация-
дан кызматка келгенден кийин өтүшөт.
Кызматкер аттестациялык-конкурстук комиссиянын заседаниесине се-
бепсиз келбеген учурда комиссия болгон материалдардын негизинде аны ка-
тыштырбай эле аттестация өткөрүлгөндүгү жөнүндө чечим чыгарууга укук-
туу.
Кезексиз аттестациялоо өткөрүүгө жол берилбейт.
II. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто
жана улук башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу
(ажыратуу) тартиби
14. "Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чин-
дерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин ата-
йын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
а) кенже атайын наамдар - финансылык полициянын катардагыдан пра-
порщикти кошо алганда ага чейинки;
б) орто атайын наамдар - финансылык полициянын кенже лейтенанттан
капитанды кошо алганда ага чейинки;
в) улук атайын наамдар - финансылык полициянын майордон полковник-
ти кошо алганда ага чейинки;
г) жогорку атайын наамдар - финансылык полициянын генерал-майордон
генерал-лейтенантты кошо алганда ага чейинки.
Финансылык полициянын кызматкерлерине атайын наамдар ырааттуу, же-
келик түрдө алардын квалификацияларын, билимин, кызматка болгон мамиле-
син, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызматын эске алуу менен ый-
гарылат.
15. Ыйгаруунун ыраатына жараша атайын наамдар алгачкы жана кезек-
теги болуп бөлүнөт.
Башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы атайын наамын-
дагы белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин мөөнөтүнөн мурда же болбосо ээ-
леген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жого-
ру наам иштеги жогорку натыйжаларга жеткендиги жана кызматтык милдетте-
рин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн колдоого алуу катарында Финансылык поли-
циянын Төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Финансылык полициянын жогорку атайын наамдары Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Улук жана жогорку башкаруучу курамдын жетектөөчү кызматына кабыл
алынган жаранга финансылык полициянын подполковнигинен жогору эмес ал-
гачкы атайын наам запас боюнча кыйла жогорку аскердик наамы болбогон
учурда ыйгарылышы мүмкүн.
Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине ушул
Жободо каралган учурлардан тышкары, ырааттуу түрдө кезектеги наамга -
ордун алмаштыруучу штаттык кызмат боюнча каралган наамга туура келгенде
жана мурдагы наамындагы өтөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө
ыйгарылат.
Финансылык полицияга кызматка алынган запастагы офицерлердин ас-
кердик жана атайын наамдарындагы өтөгөн жылдарынын мөөнөтү алардын Фи-
нансылык полицияга кызматка алынган убактысы менен дал келген учурда
аларга кезектеги атайын наамдар ыйгарылышы мүмкүн.
Мурдагы аскер кызматчыларына, аскердик, атайын наамдары же класс-
тык чендери бар, Финансылык полицияга кызматка алынган ички иштер жана
улуттук коопсуздук органдарынын, салык жана финансылык полициянын же-
текчилик курамынын адамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мам-
лекеттик башка органдардын кызматкерлерине, атайын наам алардын мурдагы
аскердик, атайын наамдарын же класстык чендерин эске алуу менен колдо-
нулуудагы мыйзамдарга ылайык ыйгарылат.
Атайын наам мөөнөтүнөн мурда мурунку атайын наамында иштөөнүн бел-
гиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү өткөндө жана ээлеген штаттык кызма-
тында каралган наамга ыйгарылуучу атайын наам туура келгенде ыйгарылат.
Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскыч-
ка жогору болгон кезектеги атайын наам мурдагы наамындагы жылдарынын
белгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Ушул учурда ээ-
леген штаттык кызматы боюнча каралган атайы наамдан бир баскычка жогору
жана мөөнөтүнөн мурда атайын наам ыйгаруу Финансылык полицияда кызмат
өтөө жылдарынын бүткүл мезгилинде бир жолу жүргүзүлөт. Ушундай негиздер
боюнча наамдарды ыйгарууга Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими
менен жүргүзүлгөн учурлардан тышкары жол берилбейт.
Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу
жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.
Пенсия дайындоодо эске алынуучу 20 жыл жана андан ашык иштеген,
ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана аттестация-
дан жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги атайын наам ээ-
леген штаттык кызматы боюнча каралган чектик наамга карабастан курагы
же оорусу боюнча аларды кызматтан бошотуу менен бир эле учурда Финансы
полициясынын Төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто башкаруучу курам-
дагы кызматка дайындалган Финансылык полициянын кызматкерлери ошол наа-
мында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан орто башкаруучу курамдын
алгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлөт.
Кезектеги атайын наам Финансылык полициянын кызматкерлерине кыз-
матка дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрлар резервинде турган учурда,
алып салына элек дисциплинардык жазасы болгондо, реабилитациялоочу не-
гиз боюнча кылмыш-жаза иши токтотулганча, кызматтык териштирүү (бирок
бир айдан ашык эмес) бүтмөйүнчө ыйгарылбайт.
Финансылык полиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси кызматкерине кезектеги
атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечењдеткендиги үчүн дис-
циплинардык жоопкерчилик тартат.
16. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогор-
ку башкаруучу курамынын наамдарында иштеген жылдарынын төмөнкүдөй
мөөнөттөрү белгиленет:
финансылык полициянын кенже сержантынын наамында - бир жыл;
финансылык полициянын сержантынын наамында - бир жыл;
финансылык полициянын улук сержантынын наамында - эки жыл;
финансылык полициянын старшинасы наамында - төрт жыл;
финансылык полициянын кенже лейтенанты наамында - бир жыл;
финансылык полициянын лейтенанты наамында - эки жыл;
финансылык полициянын улук лейтенанты наамында - үч жыл,
финансылык полициянын капитаны наамында - үч жыл;
финансылык полициянын майору наамында - үч жыл;
финансылык полициянын подполковниги наамында - төрт жыл.
Финансылык полициянын катардагысы, прапорщиги, полковниги, гене-
рал-майору жана генерал-лейтенанты атайын наамдарында иштөө жылдарынын
мөөнөтү белгиленбейт.
III. Финансылык полицияда кызмат тартиби
17. Финансылык полицияда кызмат тартиби Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында, Антта, Финансылык полициянын дисциплинардык уставында,
ошондой эле Финансылык полициянын Төрагасынын буйруктарында жана ушул
Жободо белгиленген нормаларды жана эрежелерди кызматкерлеринин сакташын
билдирет.
18. Финансылык полициянын тийиштүү бөлүмүнүн начальниги ага баш
ийгендердин арасында кызмат тартибинин абалына жекече жоопкерчилик тар-
тат.
Жетекчи:
- баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл
болгон шарттарды түзөт;
- баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине жооп-
керчилик сезимин тарбиялайт;
- баш ийгендердин кызматтык иштерине баа берүүдө ачык-айкындуулук-
ту жана калыстыкты камсыз кылат;
- баш ийгендердин кадыр-баркын урматтайт;
- жеке курамдын арасында коррупция көрүнүштөрүнө, Финансылык поли-
циянын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же кемчиликтерин сындоо боюнча
баш ийгендердин артынан түшүүгө бөгөт коет.
19. Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматтык иште-
ринде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансылык полициянын
кызматкерлерине сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү каралат:
а) алкыш жарыялоо;
б) баалуу белек же акчалай сыйлык менен сыйлоо;
в) мурунку дисциплинардык жазасын алып салуу;
г) Финансылык полициянын Грамотасы же Ардак грамотасы менен сый-
лоо;
д) төш белги менен сыйлоо;
е) ведомстволук медаль менен сыйлоо;
ж) мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наам ыйгаруу же ээлеген штат-
тык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир баскычка жогору наам
ыйгаруу;
з) ысымы жазылган курал-жарак менен сыйлоо.
Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу-
да көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекетке сињирген өзгөчө
эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшү
мүмкүн.
Кызматтык милдетин тиешелүү аткарбагандыгы, кызматтык тартипти
бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызматкерлерине төмөнкүдөй жаза
чаралары колдонулушу мүмкүн:
а) эскертүү;
б) сөгүш;
в) катуу сөгүш;
г) кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү;
д) кызматынан төмөндөтүү;
е) атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү;
ж) эмгек акысына үстөктөрдү кармап калуу;
з) ээлеген кызматынан бошотуу;
и) Финансылык полициядан бошотуу.
Сыйлоолор жана дисциплинардык жаза берүүлөр Финансылык полициянын
Төрагасынын буйруктары менен жарыяланат. Жазага дуушар болгон адамга
кабыл алынган чечим үч күндүк мөөнөттө (кол койдуруу менен) Финансылык
полициянын кадрлар бөлүмчөсү тарабынан билдирилет.
Дисциплинардык жаза берүү жөнүндө буйрук менен танышуудан баш тар-
туу учурлары Финансылык полициясынын кадрлар бөлүмү тарабынан акт түзүү
жолу менен катталат.
Сыйлоо тартиби Финансылык полициянын жетекчиси тарабынан өзүнүн
компетенциясынын чегинде аныкталат.
Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициянын кызмат-
керлерине дисциплинардык жаза Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен
Финансылык полициянын Дисциплинардык уставына ылайык колдонулат.
20. Сыйлоо жана дисциплинардык жаза колдонуу боюнча Финансылык по-
лициянын аймактык жана түзүмдүк подразделениелеринин начальниктердин
укуктары Финансылык полициянын Дисциплинардык уставы менен белгиленет.
IV. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн шарттары
21. Финансылык полициянын ички тартиби иштин өзгөчөлүктөрүн эске
алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык поли-
циянын Төрагасы тарабынан белгиленет.
Керектүү учурларда Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген
убакыттан тышкары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам
күндөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн, ал үчүн бир
айдын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
кошумча эс алуу күнү же компенсация берилет.
V. Финансылык полиция кызматкерлеринин отпускалары
жана социалдык гарантиялары
22. Финансылык полиция кызматкерлерине отпусканын төмөнкүдөй
түрлөрү белгиленет:
ар жылдык төлөнүүчү;
кыска мөөнөттөгү;
кошумча (иштеген жылдары үчүн);
социалдык (убактылуу ишке жарамсыздыгы, кош бойлуулугу жана
төрөгөндүгү, бала бакканына байланыштуу);
окуу (окуу жайлардын угуучуларына, сырттан окуган кызматкерлерге);
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отпускалардын башка
түрлөрү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш эмес күн деп белгилен-
ген жалпы мамлекеттик майрам күндөрү отпускалардын узактыгын аныктоодо
эске алынбайт.
Финансылык полициянын кызматкерлерине ар жылдык отпуска 30 кален-
дардык күн мөөнөтүнө берилет.
Кезектеги ар жылдык (акы төлөнүүчү) отпуска ар жылдык отпускалар-
дын графигине ылайык Финансылык полициянын ар бир кызматкерине кален-
дардык жыл ичинде берилиши керек.
Ар жылдык отпуска (анын бөлүгү), отпуска мезгилинде кызматкердин
убактылуу ишке жарамсыздыгы болгон учурда башка мөөнөткө которулат же
узартылат, бирок бул учурда акчалай үлүш отпускага дал келген күндөр
үчүн сакталат.
Кезектеги отпускадан кызматкерлерди чакырып алууга Финансылык по-
лициянын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык за-
рылдык учурунда жол берилет. Кезектеги отпускадан чакырып алууда анын
пайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылда же кийинки жылдын биринчи кварта-
лында берилет.
Кызматкер иши боюнча жылдырылса, ага чейин колдонулбаган кезектеги
отпускасы жањы иштеген жери боюнча берилет.
Узактыгы 45 күн болгон кезектеги отпуска иштеген жылдарына кара-
бастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр жана андан жогору)
кызмат өтөгөн, аттестацияланган курамдын адамдарына берилет.
Кызматы аттестацияланган курамдагы жењилдетилген шарттарда пенсия
чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 күндүк
кезектеги отпуска алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердин
тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
23. Кечиктирилгис социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн,
ошондой эле башка жүйөлүү себептер боюнча Финансылык полициянын кызмат-
керине бир жылдын ичинде узактыгы 10 күнгө чейин кыска мөөнөттүү отпус-
ка (акы төлөнүүчү) берилиши мүмкүн, ал кезектеги отпусканын эсебине
эсептелбейт.
24. Финансылык полициянын кызматкерине убактылуу ишке жарамсызды-
гына байланыштуу төлөнүүчү отпуска аскердик-врачтык комиссиянын кору-
тундусунун негизинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн отпусканын узактыгы
оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат.
Узакка ооруган катардагы жана башкаруучу курамдын адамдары, эгерде
ишке жарамсыздык күндөрү бир жылдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же жыл
ичинде үзгүлтүктөр менен беш айды түзсө Финансылык полициянын кадрлар
бөлүмчөсү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугун анык-
тоо максатында аскердик-врачтык комиссиянын медициналык текшерүүсүнө
жиберилет.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же ма-
йыптыкка учурагандыгына байланыштуу кызматкерлердин дарыланууда жүргөн
мезгили чектелбейт. Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө дарылоо
бүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет.
Оорусуна байланыштуу отпуска кезектеги ар жылдык отпусканын эсеби-
не кошулбайт.
25. Кошумча ар жылдык төлөнүүчү жана социалдык отпускалар. Финан-
сылык полициянын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн (календардык
эсептөөдө) акы төлөнө турган төмөндөгүдөй кошумча отпуска берилет:
а) 5тен 10 жылга чейин - жыл сайын 2 календардык күн мөөнөткө;
б) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 5 календардык күн мөөнөткө;
в) 15тен 20 жылга чейин - жыл сайын 10 календардык күн мөөнөткө;
г) 20 жыл жана андан жогору - жыл сайын 15 календардык күн
мөөнөткө.
Финансылык полиция кызматкерлерине - аялдарга (эркектерге) балалуу
болуу боюнча, ошондой эле үч айга чейинки уул (кыз) асырап алгандыгы
үчүн айлык (акчалай үлүшүн) акысын сактоосуз отпуска Кыргыз Республика-
сынын эмгек мыйзамдарына ылайык берилет.
Мындай отпускада жүргөн мезгили атайын наамында иштеген жылдарынын
мөөнөтүнө, кызматтык маянасына коэффицент белгилөө үчүн стажына жана
пенсия чектөөгө эсептелет.
Социалдык жана окуу отпускалары Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген узактыкта жана тартипте берилет.
Мындай отпускалардын узактыгы Финансылык полиция кызматкеринин ке-
зектеги ар жылдык отпускасына кошулбайт.
Бала багуу боюнча отпускада болгон кызматкердин ордун, кызматында
атайын наам берүүсүз, оперативдик-кызматтык ишмердүүлүккө жана жашыруун
иш кагаздары менен иштөө талап кылынбаган башка кызматкер менен алмаш-
тырууга уруксат берилет.
26. Финансылык полициянын кызматкерлеринин акчалай үлүшү ээлеген
штаттык кызматы боюнча маянаны, ыйгарылган атайын наамы боюнча маянаны,
иштеген жылдары үчүн проценттик үстөктү, иштин жашырын мүнөзү жана жа-
шырын иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызматтык маянасына 25 пайызга чейин,
кызматтык маянасынын 50 пайызына чейинки персоналдык үстөктү жана укук
коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында каралган башка төлөмдөрдү камтыйт.
Кезектеги эмгек отпускасына чыккан учурда кызматкерлерге ден-соо-
лугун чыњдоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип-
те бир жолку көмөкпул төлөнөт.
Финансылык полиция кызматкерлерине сыйлык Финансылык полициянын
ишинин натыйжасына алардын жеке салымына жана кызматтык милдеттерин ат-
карууга карата мамилесине ылайык, каралган бюджеттик каражаттардын
мүмкүнчүлүктөрүнө жараша эмгек акынын төрт айлык фондунун өлчөмүндө
төлөнөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин атайын формалык кийим-кече
менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген норма жана
тартип боюнча жүргүзүлөт.
VI. Жењилдиктер, кепилдиктер жана компенсациялар
27. Иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгууга укуктуу, бирок белги-
ленген тартипте тариздебеген жана иштеп жаткан аттестацияланган курам-
дын адамдарына негизги акчалай күтүүнүн төлөмдөрүнүн учуруна дал
келүүчү пенсиянын суммасынын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөнөт.
Финансылык полициянын кызматкерлерин милдеттүү мамлекеттик, жеке
жана мүлктүк камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
ишке ашырылат.
VII. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу
28. Финансылык полициядагы кызмат өтөөнүн токтотулушу үчүн
төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
а) Финансылык полиция органдарынан кызматтан бошоо;
б) Финансылык полициянын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартипте
кабарсыз келбей койду жана сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу;
в) атайын наамынан ажыратуу;
г) Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу;
д) Финансылык полиция кызматкеринин дүйнөдөн кайтышы.
Финансылык полициянын кызматкерлери атайын наамынан соттун чечими
менен ажыратылышы мүмкүн.
Атайын наамдарынан ажыратылган кызматкерлер Финансылык полициядан
финансылык полициянын катардагы кызматкери катары бошотулушат. Иштеген
жылдары же оорусу боюнча пенсияга укуктууларга, пенсиялары Финансылык
полициянын жетектөөчү жана катардагы курамы үчүн мыйзамда белгиленген
шарттар жана нормалар боюнча эсептелет. Мында пенсияны эсептөөдө атайын
наам боюнча маяна финансылык полициянын катардагы кызматкеринин атайын
наамына жараша эсепке алынат.
29. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полиция орган-
дарындагы кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
а) өз каалоосу боюнча;
б) ушул Жобонун 30-пунктунда белгиленген куракка жеткенде;
в) иштеген жылдарынын мөөнөтү пенсияга чыгуу убагына жеткенде;
г) Финансылык полиция органы жоюлганда же кайра түзүлгөндө Финан-
сылык полициянын кызматкерин кызматка пайдалануу мүмкүнчүлүгү болбой
калганда;
д) оорусу боюнча - Финансылык полицияда иштөөгө жарамсыздыгы туу-
ралуу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
е) ден-соолугунун абалы боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүү
экендиги жөнүндө, ээлеген кызматына ылайык милдетин денсоолугуна байла-
ныштуу аткарууга мүмкүн эместиги, кызматы боюнча башка жерлерге барып
иштей албастыгы тууралуу медициналык комиссиянын корутундусунун неги-
зинде;
ж) аттестациянын негизинде кызматына ылайык келбестиги;
з) кызмат тартибин одоно жана дайыма бузушу;
и) Финансылык полициянын кызматкеринин жеке сапатына коюлуучу та-
лаптарга коошпогон иштерди жасагандыгы;
к) реабилитацияланбаган негизде жазыктык куугунтуктоодон бошотулса
же соттун айып коюлган өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмышы
үчүн кесилгендигине байланыштуу;
л) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине депутат болуп шайлан-
гандан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызмат орунга дайындалган-
дан башка учурларда, белгиленген тартипте башка мамлекеттик, укук кор-
гоо жана контролдоочу органдарга которулгандыгына байланыштуу;
м) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганга байланыштуу;
н) башка мамлекеттин жарандыгы бар болгонуна байланыштуу;
о) кадрлардын карамагында болуу мөөнөтү аяктаганга байланыштуу;
п) Финансылык полицияга кызматка кирүүдө жасалма документтерди жа-
на атайылап жалган маалыматтарды бергендик үчүн;
р) ротация иретинде которуудан баш тартканда;
с) соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмыш жаса-
гандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу;
т) эмгек келишиминде каралган мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу;
у) эмгек келишиминин шарттарын бузгандыгына байланыштуу.
Финансылык полициянын кызматкерлерин ушул пункттун "б", "в" пунк-
тчаларында каралган негиздер боюнча иштен бошотуу кызматкердин өзүнүн,
ошондой эле Финансылык полициянын демилгеси боюнча да ишке ашырылышы
мүмкүн.
Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
а) кызматкердин кызматтык милдеттерди аткарбоосу;
б) кызматкердин согуштук куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуу
кол салууда жоготкондон башка учурларда);
в) кызматкердин ишке чыкпашы, анын ичинде күн сайынкы белгиленген
кызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык себепсиз иште
жок болушу;
г) кызматкердин ишке алкоголдук, наркотиктик же токсикалык мас
абалда келиши;
д) кызматкерлер үчүн ушул Жободо белгиленген чектөөлөрдү сактаба-
гандык;
е) мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу
башка сырды ачыкка чыгаргандык;
ж) иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдоо;
з) кызматты өз эркинче таштап коюу;
30. Финансылык полиция органдарында кызмат өтөөнүн жогорку чектик
курагы болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- катардагы жана кенже башкаруучу курамдагы адамдар үчүн - элүү
жаш;
- орто жана улук башкаруучу курамдагы адамдар үчүн - элүү жаш;
- жогорку башкаруучу курамдагы адамдар үчүн - алтымыш жаш.
Зарыл учурларда Финансылык полициянын кызматкеринин макулдугу ме-
нен жана медициналык каршы көрсөткүчтөрү жок болсо алардын иштеши Фи-
нансылык полициянын Төрагасы тарабынан 5 жылга чейинки мөөнөткө узарты-
лышы мүмкүн. Өзгөчө учурларда Финансылык полициянын кызматкерлеринин
кызмат өтөшү ушундай эле тартипте дагы 5 жылга узартылышы мүмкүн, мында
алардын курагы 60 жаштан ашпоого тийиш.
Финансылык полициянын жогорку жетектөөчү курамынын иштеши Кыргыз
Республикасынын Президентинин чечими менен бир жылдык мөөнөткө узарты-
лышы мүмкүн, андан кийин да узартылышы мүмкүн, бирок узартуу мөөнөтү 5
жылдан ашпоого тийиш.
Кызмат мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим ушул Жободо каралган негиз-
дер боюнча Финансылык полициянын кызматкеринин иштен бошонуу
мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Чектелген куракка жете элек же болбосо кызмат өтөөнүн чектелген
курагынан ашып, кызматта калтырылган Финансылык полициянын кызматкерле-
ри иштен запаска (аскердик каттоого тургузуу менен) же кызмат өтөөнүн
чектелген курагына жеткенге чейин отставкага же болбосо кызматта калты-
рылган мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулушу мүмкүн.
31. Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто, улук жана жогор-
ку башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу Финан-
сылык полициянын Төрагасынын буйругу менен ишке ашырылат.
32. Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта көрсөтүлбөсө, кызматтан
бошотуу күнү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет.
Финансылык полициянын кызматкерлери иштен бошоно тургандыгы туура-
луу кеминде бир ай мурда өзүлөрүнүн түздөн-түз начальниктерине же бол-
босо Финансылык полициянын кадрлар бөлүмчөлөрүнө жазуу түрүндө билди-
рет.
Каза болгон (курман болгон), белгиленген тартипте кабарсыз жок деп
табылган Финансылык полициянын кызматкерлери, ошондой эле атайын наамы-
нан ажыраган кызматкерлер Финансылык полициянын кызматкерлеринин тизме-
синен Төраганын буйругу менен чыгарылат.
33. Финансылык полициянын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу
"Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамында каралган тартипте жана нормалар боюнча ишке ашырылат.
34. Пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган Финансылык по-
лициянын кызматкерлерине бир жолку пособие төлөнөт, ал эми пенсияга чы-
гууга укуксуз бошотулууда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген өлчөмдөрдө чыгуу пособиеси төлөнөт.
Финансылык полиция органдарында кызмат өтөөдө чектелген куракка
жете элек, бирок 20 жана андан ашуун иш стажысы бар Финансылык полиция-
нын кызматкерлери, иштеген жылдары боюнча пенсияга чыгуу укугу менен
бир жолку пособие төлөнүп, иштен бошотулушу мүмкүн.
Кызмат өтөөдө чектелген курагына жеткендигине, ден-соолугуна же
уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу иштен бошогон Финансылык по-
лициянын кызматкерлерине кызмат өтөөнүн жалпы узактыгына жараша
төмөнкүдөй бир жолку пособие төлөнөт:
5 жылдан 10 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 5 айлык маянасы
өлчөмүндө;
10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 10 айлык маянасы
өлчөмүндө;
15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай күтүүнүн 15 айлык маянасы
өлчөмүндө;
20 жылдан ашуун - акчалай күтүүнүн 20 айлык маянасы өлчөмүндө.
Башка негиздер боюнча кызматтан бошогон Финансылык полициянын кыз-
маткерлерине ушул пункттун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн бир жолку посо-
биени төлөө өлчөмдөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
менен аныкталат.
VIII. Финансылык полициядагы кызматын,
атайын наамдарын жана ишин калыбына келтирүү
35. Иштен мыйзамсыз же негизсиз жылдырылган, кызматтан бошотулган,
же болбосо төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын наамы-
нан төмөндөтүлгөн, ошондой эле Финансылык полиция органдарынан мыйзам-
сыз бошотулган деп табылган Финансылык полициянын кызматкерлери белги-
ленген тартипте Финансылык полицияда тиешелүү түрдө кызматы, атайын на-
амы, иши калыбына келтирилүүгө тийиш.
Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын калыбына келтирүүнүн
негиздери болуп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жана кызматтык
териштирүүнүн натыйжалары боюнча корутунду саналат.
36. Кызматтан жылдыруу, кызматтан бошотуу, кызматтан төмөндөтүү,
атайын наамын төмөндөтүү, Финансылык полициядан иштен кетирүү жөнүндө
чечимдерге Финансылык полициянын кызматкери макул болбосо кызматтан
жылдыруу, бошотуу, кызматтан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Фи-
нансылык полициядан иштен кетирүү тууралуу буйруктун көчүрмөсү колуна
тийген күндөн тартып же болбосо Финансылык полицияда кызматын, атайын
наамын калыбына келтирүү жөнүндө баш тарткандыгы тууралуу жазуу
жүзүндөгү билдирүүсү тапшырылган күндөн тартып сотко даттанууга укук-
туу.
Финансылык полицияда кызматын, атайын наамын, ишин калыбына кел-
тирүү жөнүндө соттун чечими, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жогорку инстанцияларга даттануулар берилбесе аткарылууга тийиш.
Финансылык полицияда ишин калыбына келтирүү иштен бошогон Финансы-
лык полициянын кызматкерин мурдагысына тете ишке дайындоо аркылуу ишке
ашырылат.
37. Финансылык полицияда иши калыбына келтирилген кызматкерлерге
кезектеги атайын наамды ыйгаруу, проценттик үстөк төлөө жана пенсия
чектөө үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына кызматын
калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюлган күнгө чейинки алардын
иштен бошогон учуру кошулат.
IX. Корутунду жоболор
38. Финансылык полициянын кызматкерлери ушул Жобонун жана Финансы-
лык полицияда кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын баш-
ка нормативдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого жеке жоопкерчи-
лик тартышат.
Кызмат адамдары тарабынан Финансылык полициянын кызматкерине кара-
та укукка жат иш-аракеттер кызматкерге келтирилген зыяндын ордун толту-
руу менен кызматтык калыс териштирүүдөн өтүүгө тийиш, ал эми мындай
тартип бузууларда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
39. Финансылык полицияга кызматка өткөн Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Кор-
гоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин,
Кыргыз Республикасынын Бажы комитетинин, прокуратура жана сот органда-
рынын, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын аскер кызматчыларына
жана кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
башка органдарынын кызматчыларына алар тиешелүү кызматтарга дайындал-
гандан кийин аскердик, атайын наамдарын жана класстык чендерин эске
алуу менен финансылык полициянын атайын наамдары ыйгарылат.
Көрсөтүлгөн кызматкерлерге Финансылык полицияда иштеген жылдары,
анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн органдарда алардын иштеген мөөнөтүн
эске алуу менен пенсия дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын нормативдик
укуктук актыларына ылайык иштеген жылдары эсептелет.
Финансылык полиция кызматкерлеринин согуш учурунда жана өзгөчө
кырдаал киргизилген аймактарда кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Финансылык полициянын кызматкери башка мамлекеттик органга кото-
рулганда анын атайын наамы сакталып, ал мамлекеттик органдын Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдарына, класстык ченде-
рине, атайын класстык чендерине, дипломатиялык рангдарына тењештирилет.
40. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман болгон же кыз-
мат өтөп бүтүшкөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган жа-
ракаттан, контузиядан, оорудан улам каза болгон Финансылык полициянын
кызматкерлеринин сөөгүн коюу Финансылык полиция органдарынын каражаты-
нын эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү түзүмдүк подразделениелердин на-
чальниктери тарабынан уюштурулат.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда анын ар айлык кошумча акчалай
үлүшүнүн түрлөрү жана акчалай күтүүнүн анын өлгөн күнүнө чейин алынба-
ган маянасы (анын ичинде кызматкер өлгөн ай үчүн толук) аны менен чогуу
жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан өлгөн кызмат-
кердин багуусундагы адамдарга төлөнүп берилет.
Мындан тышкары, аларга өлгөн кызматкердин көзү бар учурда укугу
пайда болгон бир жолу төлөнүүчү акчалай үлүш төлөнүп берилет.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө Финансылык полиция кызматкери пайдаланылбаган
отпускасы үчүн компенсация да төлөнөт.
Финансылык полициянын каза болгон кызматкеринин сөөгүн коюу расым-
дарынын тартиби Финансылык полициянын Төрагасы тарабынан аныкталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери"Постановление · 14.07.2008 · № 376 · Күчүн жоготкон