Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)»Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө» жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 14-июлундагы
№ 376 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын
Финансылык полиция кызматы жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги N 236 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы (мындан ары -
Финансылык полиция) укук коргоо органынын статусуна ээ болгон, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирбеген, аткаруучу бийликтин башка
органы болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү экономикалык, кызматтык жана
коррупциялык кылмыштарды аныктоого, алдын алууга, болтурбоого, бетин
ачууга жана териштирүүгө багытталат.
Финансылык полиция экономикалык иштердин чөйрөсүндө кылмыштарды
табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу жана териштирүү жүргүзүүчү
бирден-бир укук коргоочу орган болуп саналат. Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралгандан бөлөк учурларда, мамлекеттик бийлик органда-
рынын Финансылык полициянын карамагына кирген маселелерге кийли-
гишүүсүнө жол берилбейт.
Өз ишинде Финансылык полиция барыдан мурда Кыргыз Республикасынын
Президентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруучу жана
аткаруу бийлигине отчет берет.
2. Өз ишинде Финансылык полиция Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жа-
на ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Финансылык полиция юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Респуб-
ликасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде
өзүнүн толук аталышы жазылган мөөрү болот.
4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын укук улантуучусу
болуп саналат.
Финансылык полициянын органдарына борбордук аппарат жана Финансы-
лык полициянын аймактык подразделениелери кирет.
II. Финансылык полициянын негизги милдеттери
5. Финансылык полициянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр сана-
лат:
- милдетине Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун кам-
сыз кылуу кирген башка мамлекеттик органдар менен бирге мамлекеттин
экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
- жарандардын, ишкердик субъектеринин, коомдун, мамлекеттин мый-
замдуу укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу;
- экономикалык, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды аныктоого,
алдын алууга бөгөт коюуга, бетин ачууга жана териштирүү жүргүзүүгө ба-
гытталган изин-суутпай издөө жана изин-суутпай изилдөө ишин жүргүзүү;
- кызмат адамдары өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен экономика-
лык ишке мыйзамсыз кийлигишүүсүнүн же ишкерликке тоскоолдук кылышынын
фактыларынын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды иштеп
чыгуу жана жүргүзүү;
- кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу
(адалдоо) фактылары менен күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана
жүргүзүү;
- Финансылык полициясынын карамагына кирген маселелер боюнча эл
аралык кызматташтыкты жүргүзүү.
III. Финансылык полициянын функциялары
жана ыйгарым укуктары
6. Финансылык полиция коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында
төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
- изин-суутпай издөө жана изин-суутпай изилдөө ишин жана сотко че-
йинки өндүрүштү жүргүзөт, ошондой эле уюштурууну камсыз кылат жана фи-
нансылык полициянын аймактык органдары көрсөтүлгөн ишти жана өндүрүштү
жүзөгө ашыруусуна контролдук кылат жана аларга практикалык жана усулдук
жардам берет;
- жасалуучу, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө
арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алат, каттайт жана карайт, өз уба-
гында бөгөт коюу, бетин ачуу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана ко-
омдук коркунучтуу кесепеттерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамына ылайык алгачкы
тергөө жана тергөө жүргүзөт;
- изин-суутпай издөө иш-чараларынын жыйынтыктарын бекемдөө макса-
тында зарыл учурларда экономикалык иштин субъекттеринде финансылык, са-
лыктык жана башка текшерүүлөргө катышат;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында каралган ый-
гарым укуктарды жүргүзөт;
- экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү формаларын
жана ыкмаларын өркүндөтөт, изин-суутпай издөө ишинин тактикасын жана
усулун аныктайт, Финансылык полициянын ишинин натыйжалуулугун жогорула-
туу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- аларды жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук, администрациялык
жана экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;
- мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуучу маселелер,
экономикалык, кызматтык, коррупциялык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана
Финансылык полициянын ишине тиешелүү башка маселелер боюнча ченемдик
укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы программаларды иштеп
чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
- Финансылык полициянын подразделениелеринин кадрларын тандоону,
жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- Финансылык полицияга жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырат, аларды
Финансылык полициянын бардык подразделениелери аткарышына контролдук
кылат;
- эсепке алууну жана отчеттуулукту, оперативдүү, тергөө, эксперт-
тик жана кадрдык жумуштардын ишинин материалдарынын абалына баа берүүнү
уюштурат;
- Финансылык полициянын изин-суутпай издөө жана тергөө ишин тал-
дайт;
- Финансылык полициянын карамагына кирген кылмыш иштери боюнча
адамдарды издөөнү жүргүзөт;
- Финансылык полициянын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин ат-
карууда жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоо зарыл болгондо, алардын
коопсуздугун коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү маселелери боюнча Көз ка-
рандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин тиешелүү
органдары менен өз ара аракеттенет, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде
эл аралык уюмдардын ишине катышат;
- экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн абалы жөнүндө кызыкдар
мамлекеттик органдарга маалымдайт;
- бөлүнгөн материалдык ресурстарды жана бюджеттик ассигнованиелер-
ди максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат, алар боюнча
эсепке алууну жана отчеттуулукту, ошондой эле Финансылык полициянын ай-
мактык подразделениелеринин финансы-чарбалык ишине ички ведомстволук
контролдукту жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Финансылык полицияга
жүктөлгөн башка функцияларды жүргүзөт.
7. Финансылык полиция өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык
төмөнкүлөргө укуктуу:
- өндүрүштө болгон текшерүү материалдары жана козголгон кылмыш иш-
тери боюнча тоскоолдуксуз жана акысыз түрдө министрликтерден, мамлекет-
тик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон жана аткаруу бийли-
гинин башка органдарынан, ишканалардан, мекемелерден, жана уюмдардан,
менчигинин түрүнө карабастан, жеке жактардан сурап алууга, алардын ка-
рамагына кирген маалыматтарды уюмдардын жетекчилеринен жана башка жооп-
ту адамдарынан, жеке адамдардан аны берүүнү талап кылууга, алардан
көчүрмөсүн алууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымкат
жана түшүндүрмө алууга;
- өндүрүштөгү кылмыштык иштер боюнча чакыруу менен келүүдөн качкан
адамдарды алып келүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тиешелүү
убактылуу кармоо изоляторлорун, тергөө изоляторлорун пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык до-
кументтерди, товарларды, буюмдарды же башка мүлктү алып коюуга же алып
коюуну жүргүзүүгө;
- мыйзам бузуунун аныкталган фактылары боюнча тийиштүү мамлекеттик
органдарга, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин,
уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле ишкердик жүргүзгөн адамдарга мый-
зам бузууга өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча аткаруу
жана чара көрүү үчүн милдеттүү сунуштарды киргизүүгө;
- козголгон кылмыштык иштер боюнча соттук-экономикалык экспертиза-
ларды, ошондой эле түшкөн материалдар боюнча изилдөөлөрдү дайындоого
жана жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарым
укуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан текшерүүлөрдү, аудитти жана
баа берүүнү жүргүзүүнү талап кылууга;
- Финансылык полицияга жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү камсыз кылуу-
чу маалымат системасын түзүүгө жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды
жүзөгө ашырууга.
IV. Мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин
жана жарандардын Финансылык полициянын милдеттерин
аткарышына көмөк көрсөтүшү
8. Финансылык полиция өзүнө жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик ор-
гандар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен өз ара аракетте аткарат.
Мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар Финансылык
полицияга милдеттерин аткарууда жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде Финансылык по-
лициянын штаттан тышкары кызматкерлери катары иштей алышат. Штаттан
тышкары кызматкерлердин милдеттери жана укуктары Финансылык полициянын
жетекчиси тарабынан аныкталат.
V. Финансылык полициянын мүлкү
9. Мүлк Финансылык полициянын оперативдүү башкаруу укугунда беки-
тилет.
Финансылык полиция ага бекитилген мүлктү өз алдынча ажыратууга же
башкача ыкма менен тескөөгө акысыз.
VI. Финансылык полициянын ишин уюштуруу
10. Финансылык полицияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу төрага башка- рат. Төраганын эки, анын ичинде бир биринчи орун басары болот, алар
төраганын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабы-
нан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги N 236 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Төрага Финансылык полициянын ишин уюштурат жана жетектейт, өз
компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат жана Финансы-
лык полициянын ишине жеке жоопкерчилик тартат.
12. Төрага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- Финансылык полицияга жетекчилик кылат;
- Финансылык полициянын аймактык подразделениелеринин аракеттерине
алардын ишинин бардык багыттары боюнча жетекчиликти, координациялоону
жана макулдашууну камсыз кылат;
- белгиленген тартипте Финансылык полицияны түзүү жана кайра
түзүү, ошондой эле аларды уюштуруу-штаттык, кадрдык жана материал-
дык-техникалык чыњдоо жөнүндө сунуштарды киргизет.
- бардык мамлекеттик органдарда Финансылык полициянын атынан чы-
гат;
- белгиленген тартипте Финансылык полициянын борбордук аппараты-
нын, ошондой эле аймактык башкармалыгынын түзүмүн жана штаттык расписа-
ниесин, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Финансылык полициялары-
нын башкармалыктары (анын ичинде башкы), бөлүмдөрү, секторлору жөнүндө
жоболорду бекитет;
- Финансылык полициянын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруу
курамынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Финансылык полициянын кызматкерлерине кенже, орто жана улук ата-
йын наамдарды ыйгарат;
- өзүнүн орун басарларынын, облустардын, Бишкек, Ош шаарларынын
Финансылык полицияларынын борбордук аппаратынын башкармалыктарынын (бө-
лүмдөрүнүн) жетекчилеринин функциялык милдеттерин бөлүштүрөт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Финансылык полиция органдары-
нын аткарышы үчүн милдеттүү болгон приказдарды, буйруктарды чыгарат жа-
на көрсөтмөлөрдү берет;
- Финансылык полициянын кызматкерлерине жогорку атайын наамдарды
ыйгаруу жөнүндө көрсөтмөнү белгиленген тартипте киргизет;
- мыйзамда белгиленген тартипте Финансылык полиция кызматкерлерин
сыйлоо, материалдык жардам көрсөтүү жана тартип жазасын колдонуу масе-
лелерин чечет, аларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз
Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
- Финансылык полициянын коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды жүргүзөт.
13. Финансылык полиция органдарында коллегия түзүлөт. Финансылык
полиция кызматынын төрагасы (коллегиянын төрагасы), анын орун басарлары
кызматы боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат. Коллегиянын сандык
жана жекече курамын төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри бекитет.
Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана төраганын буй-
ругу менен ишке ашырылат.
VII. Финансылык полиция органдарында
кызмат өтөө тартиби
14. Финансылык полицияда кызмат орунун ээлеген адам финансылык по-
лициянын кызматкери болуп саналат, аларга белгиленген тартипте атайын
наам ыйгарылат.
Финансылык полиция органдарында кызматка дайындалган аскерге мил-
деттүүлөр белгиленген тартипте аскердик эсептен чыгарылат жана Финансы-
лык полицияда эсепте турушат.
15. Финансылык полицияда кызмат өтөө тартибин Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү белгилейт.
VIII. Финансылык полиция кызматкерлердин укуктук статусу
16. Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин ат-
карууда мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин кор-
гоосу астында болот.
17. Финансылык полициянын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- атайын техникалык каражаттарды пайдаланууга;
- ок атуучу куралдарды, атайын каражаттарды жана күч колдонууга
жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, негиз болгон учурда,
пайда (киреше) алуу үчүн экономикалык укук мамилелери субъекттери пай-
даланган бардык өндүрүштүк, кампалык, соодалык жана башка жайларга мен-
чигинин түрүнө карабастан тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды текшерүүгө.
18. Финансылык полициянын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптары
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандар менен кызмат адамдары аткары-
шы үчүн милдеттүү.
Финансылык полициянын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткар-
бай коюу жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жолтоо болгон аракет-
тер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкер-
чилик тартууга алып келет.
19. Финансылык полициянын кызматкерлерине кызматтык милдеттерин
аткарууга жолтоо болуу, алардын кадыр-баркын жана ар-намысын мазактоо,
коркутуу, каршылык көрсөтүү, зомбулук кылуу же алардын кызматтык мил-
деттерин аткаруусу менен байланыштуу анын өмүрүнө, ден соолугуна жана
мүлкүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жооп-
керчилик тартууга алып келет.
20. Финансылык полиция кызматкери укукка каршы аракеттери үчүн
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
Финансылык полиция кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери менен жа-
рандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келтирилген зыян Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте орду толтурулууга
тийиш.
Финансылык полиция кызматкерлеринин аракеттерине жарандар жана
юридикалык жактар Финансылык полициянын жогору турган органына, проку-
ратурага же сотко даттана алат.
IX. Финансылык, материалдык-техникалык камсыз кылуу
21. Финансылык полицияны жана аймактык подразделениелерин каржы-
лоо, материалдык-техникалык жана социалдык-тиричилик жактан камсыз кы-
луу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен
жүргүзүлөт.
Соттун чечими менен белгиленген тартипте алынган жана конфискация-
ланган автотранспорт, радиоэлектрондук каражаттар, үн жана видеотехни-
калар, электрондук-эсептөө каражаттары, оргтехника каражаттары жана
кылмыштуу жол менен алынган башка мүлк Финансылык полициянын материал-
дык-техникалык базасын өнүктүрүүгө пайдаланылат.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Финансылык
полиция органдары юридикалык жана жеке жактардын мыйзамдуу негиздерде
алынган же конфискацияланган мүлкүн иште пайдалануу үчүн сатып алууга
артыкчылыктуу укукка ээ.
Х. Финансылык полициянын ишин
контролдоо жана көзөмөлдөө
22. Кыргыз Республикасынын Финансылык полициясынын ишине контрол-
дукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзөт.
Финансылык полиция органдарынын мыйзам актыларынын так жана бир
түрдүү аткарылышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
жана ага баш ийген прокурорлор ишке ашырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери"Постановление · 14.07.2008 · № 376 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №333 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы №…Постановление · 03.06.2009 · № 333 · Күчүн жоготкон