Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Консультациялык курулуш кеңеши жөнүндө» жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 13-ноябрындагы
№ 621 токтому менен
бекитилген
Консультациялык курулуш кењеши жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Консультациялык курулуш кењеши (мындан ары - Кењеш) Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мам-
лекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамкурулуш), ошондой эле кызыкдар
министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомс-
тволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялардын жана башка уюмдардын бизнес-шериктештик менен
курулуш маселелери, аны өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды жана жагымдуу
инвестициялык чөйрө түзүү, ошондой эле бул чөйрөдөгү экономикалык өсүш
темптерине таасир этүүчү маселелерди чечүү, анын ичинде администрация-
лык тоскоолдуктарды четтетүү, лицензиялык-уруксат берүү жол-жоболорун
оптималдаштыруу жана Кењештин талкуусуна коюлуучу маселелерди ыкчам
чечүү боюнча кызматташтыгын жана биргелешкен аракетин камсыздоо макса-
тында түзүлгөн консультациялык-кењешүүчү орган болуп саналат.
Кењеш мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын жана бизнес-шериктештиктин өкүлдөрүнөн турат.
Кењештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
1.2. Кењеш ишкердик субъекттери менен мамлекеттик органдардын ор-
тосунда натыйжалуу кайтарымдык байланышты түзүп, актуалдуу маселелерди
чечүүгө мүмкүндүк берет жана аларды четтетүү боюнча биргелешкен ишти
координациялайт.
1.3. Кењеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-
томдорун, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын,
ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кењештин милдеттери
2.1. Кењештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- курулуш чөйрөлөрүн реформалоого жана өнүктүрүүгө тиешелүү масе-
лелерди кароо, курулушту өнүктүрүү жана ыњгайлуу инвестициялык чөйрө
үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, администрациялык тоскоолдуктарды чет-
тетүү жана лицензиялык-уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу;
- курулуш чөйрөсүндө жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча мамле-
кеттик бийлик органдарынын жана бизнес-шериктештиктин биргелешкен иш-
тиктүү сунуштарын жана чечимдерин иштеп чыгуу;
- курулуш чөйрөсүн реформалоо жана аны ишке ашыруу боюнча кабыл
алынган чечимдер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө коомчулукка жана
мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражат-
тары аркылуу кабарлоо.
2.2. Кењеш өз милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү нормативдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толук-
тоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген
тартипте сунуш киргизүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик
ведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардан жана башка уюмдардан Кењештин заседани-
елеринде кароого материалдарды даярдоо үчүн зарыл документтерди жана
маалыматтарды сурап алууга;
- кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, админист-
ративдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка уюмдардын өкүлдөрүн,
бизнес-шериктештиктин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн
Кењештин заседаниесине белгиленген тартипте чакырууга;
- курулуш чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча аналитикалык жана
башка маалыматтык материалдар менен документтерди даярдоого.
3. Кењештин укуктары жана милдеттери
3.1. Кењештин мүчөлөрүнүн иштери коомдук негизде ишке ашырылат.
3.2. Кењештин мүчөлөрү:
- Кењештин заседаниелерине катышат, каралуучу маселелерди талкуу-
лоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
- Кењештин заседаниесине материалдарды даярдайт жана Кењештин сек-
ретариатына өз учурунда берет;
- Кењештин чечимдерин аткарууга ар тараптан көмөктөшөт;
- Кењештин сунушталган чечиминен айырмаланса, талкуулануучу масе-
лелер боюнча өзүнүн аргументтелген (негизделген) пикирин жазуу түрүндө
киргизет;
- эгерде маселелер шашылыш мүнөздө болсо жана Кењеште токтоосуз
кароону талап кылса, кароого пландан тышкаркы маселелерди киргизет.
4. Кењештин иши
4.1. Кењештин иши кезектеги жана кезектен тышкаркы заседаниелерди
өткөрүү аркылуу ишке ашырат.
Кењештин заседаниеси ага чечүүчү добуш берүү укугуна ээ болгон
Кењештин жалпы курамынын кеминде үчтөн экиси катышканда укуктуу болуп
эсептелет.
4.2. Кењештин кезектеги заседаниеси эки айда кеминде бир жолу
өткөрүлөт.
4.3. Кезектен тышкаркы заседание заседаниеге чейин кеминде 5 жу-
мушчу күн мурда кабыл алынуучу Кењештин төрагасынын чечиминин негизинде
шашылыш маселелер боюнча өткөрүлөт.
4.4. Кењештин заседаниелеринде Кењештин мүчөлөрүнүн докладдары,
тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле
көз карандысыз эксперттердин чыгып сүйлөгөн сөздөрү угулат.
4.5. Кењеш заседаниенин күн тартибинин каралган маселелеринин жы-
йынтыктары боюнча чечим кабыл алат. Кењештин добуш берүүгө укуктуу
мүчөлөрүнүн добуштары тењ болуп калган учурда Кењештин төрагалык кылуу-
чусу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
4.6. Кењештин чечими протокол менен таризделип, ага Кењештин төра-
гасы же анын орун басары кол коет.
5. Кењештин ишин камсыздоо
5.1. Кењештин ишин уюштуруучулук, методикалык жактан камсыздоону
Мамкурулуш ишке ашырат.
5.2. Кењештин мүчөлөрү болуп саналган бизнес-коомдоштуктун
өкүлдөрү Кењештин ишмердигин уюштуруучулук жактан камсыздоого көмөк
көрсөтүшөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №621 "Консультациялык курулуш кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.11.2008 · № 621 · Күчүн жоготкон