# "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 627
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59546>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13111/edition/328687/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (13.11.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59546

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 13-ноябры № 627

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы № 333

"Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын

кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык,

кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун жана жер жайгаштыруунун бирдиктүү

мамлекеттик системасын натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, жер боюнча ма-

милелерди жана топографиялык-геодезиялык жана картографиялык жумуштарды

жөнгө салуу жагында бирдиктүү саясатты камсыздоо максатында Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө

укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 токтомуна төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункттагы "32" деген сандар "37" деген сандарга алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик-

тин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баян-

далсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик

жөнүндө жободо:

2-пунктта "региондор аралык борборлордон" деген сөздөр "Баткен зо-

налык борборунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

Жобонун III бөлүмүнүн 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар ме-

нен толукталсын:

"- кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтардын информациялык банкын,

анын ичинде жергиликтүү каттоо органдарынын архивдик жана статистикалык

маалыматтарын, ошондой эле мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалымат-

тарын компьютерлештирүү боюнча уюштуруу иштеринин негизинде бардык ка-

тегориялардагы жер ресурстары жөнүндө бардык маалыматтарды түзүү;

- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле керектөөчүлөрдү кыймылсыз мүлк

рыногу жана жер кадастры жөнүндөгү маалыматтар менен камсыз кылуу;

- кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү боюнча кењири жарнама-маалымат-

тык компанияны уюштуруу;

- кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер маселелери боюнча талаш-тартыш

маселелерди кароого катышуу жана аларды жергиликтүү мамлекеттик адми-

нистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бир-

дикте чечүү;

- сатылуучу жер участкаларына жана башка кыймылсыз мүлккө рынок

баалары, жердин укуктук режими жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган

маалыматтарды топтоо, классификациялоо жана жалпылоо, жердин менчик ээ-

лери, жер ээлери жана жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө

жергиликтүү каттоо органдарынын статистикалык отчет берүүсүнө контроль

жүргүзүү.".

2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 13-ноябрындагы

№ 527 токтомуна

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча

мамлекеттик агенттиктин башкаруу

СХЕМАСЫ

| Мамкаттоонун |  | Кыргыз Республикасынын |  | "Жерди жана кыймылсыз |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| коллегиясы | \-- | Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз | \-- | мүлктү каттоо" |  |
|  |  | мүлккө болгон укукту каттоо |  | долбоорун ишке |  |
|  |  | боюнча мамлекеттик агенттик |  | ашыруу бөлүмү |  |
| Ведомстволук | түзүмдөр |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
| Мамлекеттик |  | "Кыргызгипрозем" жерге |  |  | Жердин пайдаланылышын |
| картография-геодезия |  | жайгаштыруу боюнча |  |  | жана корголушун |
| кызматы |  | мамлекеттик долбоорлоо |  |  | мамлекеттик контролдоо |
| (Мамкартография) |  | институту |  |  | боюнча жер инспекциясы |
| Аймактык түзүмдөр |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |
| Жерге жайгаштыруу жана |  | Кыймылсыз мүлк |  | Жерге жайгаштыруу жана |  |
| кыймылсыз мүлккө |  | жана жер ресурстары |  | кыймылсыз мүлккө |  |
| укуктарды каттоо боюнча |  | боюнча Баткен |  | укуктарды каттоо |  |
| райондук жана шаардык |  | аймактык борбору |  | боюнча райондук жана |  |
| башкармалыктар |  |  |  | шаардык башкармалыктар |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
